Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:43

Алыкул Осмоновдун акчадагы сүрөтүнө нааразылык күчөдү


Алыкул Осмоновдун сүрөтүнүн оригиналы жана акчага чыгарылганы.
Алыкул Осмоновдун сүрөтүнүн оригиналы жана акчага чыгарылганы.

Айтылуу акын Алыкул Осмоновдун 200 сомдук акчага түшүрүлгөн сүрөтүнүн айланасында нааразылык күчөдү. Интернеттеги социалдык тармак колдонуучулары сүрөттө акындын көзү кылый болуп калганын сындап, муну белгилүү ишмерге урматсыздык катары сыпаттап жатышат. Аны тезинен оңдоону Улуттук банктан жана өкмөттөн талап кылган активисттер #НарисуйтеНормальныеДеньги lдеген хештэг менен флешмоб да уюштурушту. Талап аткарылбаса, ага каршы петиция менен чыгууга мажбур болушарын Фейсбуктун айрым колдонуучулары жазышты.

Улуттук банк дизайны бир аз өзгөргөн 200, 500 жана 1000 сомдук акчалар 1-январдан тарта жүгүртүүгө чыгарын билдирген. Активисттердин сынына карабай, 200 сомдуктагы сүрөт өзгөртүлбөй турганын аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди. (SE)

XS
SM
MD
LG