Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:25

Екатеринбургда ар бир элүүнчү тургундан ВИЧ инфекциясы чыккан.

Бул 1,5 миллион калктуу шаарда 27 миңге чукул адам ВИЧ илдети менен ооруйт дегенди түшүндүрөт. Ал эми учурда Уралда иштеп жүргөн кыргызстандык мигранттардын саны 40 миңге жетет.

Орусиянын төртүнчү ири шаары Екатеринбургда калктын 1,8 пайызы ВИЧ менен ооруйт. Мындай көрсөткүчтү ачыктаган шаардык саламаттыкты сактоо департаментинин жетекчи орун басары Татьяна Савинова жугуштуу инфекцияга чалдыккандардын бардыгы эле медициналык мекемелерге кайрылбагандыктан бул сан мындан да жогору болушу мүмкүн деген.

- ВИЧ боюнча абал бир гана Екатеринбургда эмес, жалпы Орусияда кооптуу. Бул кечээ же бүгүн түзүлгөн абал эмес, бул бир топ жылдардан бери жаралган көйгөй. Шаарда 26 693 адам бул вируска чалдыккан, башкача айтканда, ар бир элүүнчү жашоочу ВИЧ менен жүрөт. Алардын көбү 30-49 курактагылар. Вирус ийне сайынган баңгилер жана жыныстык катнаш аркылуу жайылууда.

Алгач Савинова Екатеринбургдагы ВИЧ оорусунун жайылышын “эпидемия” деп атап, кийинки күнү бул сөзүн кайтарып алган.

Орусияда ВИЧ\СПИД ооруларын дарылоо өкмөттүн эсебинен каржыланат. СПИД менен күрөшүү боюнча федералдык борбордун башчысы Вадим Покровский 2020-жылга чейин кабыл алынган мамлекеттик стратегияны иш жүзүнө ашырууга 100 миллиард рубл каражат керектигин, бирок бул каражаттын 18 миллиарды гана бар экенин буга чейин айтып чыккан.

ВИЧ боюнча кооптуу абал түзүлгөн Екатеринбургда ал жактагы диаспоранын билдиришинче, 20 миңдей кыргызстандык мигрант иштейт. Ал эми жалпы Урал федералдык округунда жана Свердлов облусундагы кыргызстандыктардын саны 40 миңге жетет.

Диаспора өкүлү Урматбек Курбанбаев айтымында, кыргызстандыктардын арасында ВИЧ оорусу менен катталгандар жөнүндө акыркы убакта маалымат жок. Буга чейин жылына үч-төрт окуя катталган учурлар болгон.

- Бул Орусияда буга чейин эле ушундай коркунуч бар деп айтылып келаткан нерсе. Бирок мигранттардын, анын ичинде кыргызстандыктардын арасында мындай нерсе жок. Азыр жумушка орношуу үчүн мигранттардан медициналык күбөлүк же санитардык китепче талап кылынат. Аны алыш үчүн мигранттар бардык керектүү анализдерди тапшырышат. Ооба, анализ тапшырбай эле акчага сатып алгандар дагы бар. Бирок кыргызстандык мигранттан ВИЧ же СПИД катталды деген маалымат чыга элек. Екатеринбургда кыргызстандыктардын өздөрүнүн медициналык борбору бар. Мигранттар көбүнчө ошол жерге барып дарыланышат.

Мигранттардын СПИД жуктурган жубайлары

Тажикстандын Хатлон облусунда 500дөй аял ВИЧ-СПИД дартын алып жүргөнү аныкталды.

Орусияда чет элдик жарандан кургак учук, ВИЧ, сифилис сыяктуу жугуштуу оорулар аныкталган маалда адам өлкөдөн депортацияланып, Орусияга кире албай калат. Андыктан мигранттардын басымдуулугу медициналык анализдерди тапшыруудан качып, жумушта талап кылынган медициналык күбөлүктөрдү мыйзамсыз жол менен алууга ашыгышат.

Бириккен Улуттар Уюмунун жаңы чыккан отчету боюнча 2001-жылдан бери жылына дүйнөдө 1,9 миллион киши ВИЧ оорусун жуктуруп алат. Отчетто “Чыгыш Европа менен Борбор Азияда дүйнөлүк тенденцияга карабай ВИЧ жуктургандардын саны 57 пайызга көбөйдү. Орусияда бул көрсөткүч 80 пайызга жетип, кооптуу кырдаал жаралды. Орус адистери ооруну алдын албагандыктан вирустун жайылуусу күчөп жатат. Бул өлкөдө ВИЧ/СПИД жуктургандардын саны миллиондон ашып, каза болгондор 200 миңден көп” деп жазылган.

Кыргызстанда болсо ушул жылдын биринчи октябрына карата ВИЧ оорусу менен ооруган 6 554 киши катталса, алардын 579у балдар.

PS: "Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде окуйт. К.Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетин бүтүргөн. 

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG