Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:25

Орусия: шайлоого кыргыздар да катышат


Орусиядагы кыргыз мигранттары. Москва, 2011-жылдын 12-августу.
Орусиядагы кыргыз мигранттары. Москва, 2011-жылдын 12-августу.

Орусиядагы кыргыз диаспорасы бийликчил "Единая Россия" партиясына өз өкүлүн сунуштады. Ошентип кыргыз мигранттары биринчи жолу Орусиядагы ири саясий жараянга катышканы жатат.

Орус жарандыгын алган кыргыздарды 4-декабрда өтчү парламенттик шайлоого катыштыруу демилгеси кимге тиешелүү жана ал кандай максатты көздөйт? Бул суроолорду "Единая Россиянын" жаңы ыйгарым өкүлү Кубанычбек Кожоевге узаттык.

«Азаттык»: Кубанычбек мырза, сиз “Единая Россиянын” ыйгарым өкүлү болуп дайындалаганыңыз чынбы? Буга чейин сизди Кыргызстандын Орусиядагы соода өкүлү катары тааныйт элек.

Кожоев: Туура, октябрдын аягында Кыргыз өкмөтүнүн атайын чечими менен соода өкүлчүлүгү жабылган. Анан бул жактагылар Кыргызстандан келип, жарандык алгандар көп болгондуктан, менден “жардам бербейсизби, Орусиянын жарандыгын алгандар шайлоого катышсын” деп суранып калышты. Анан мен региондор менен байланышып, бардыгы менен сүйлөшүп, биздин жарандык алган мекендештерибиз өз укуктарын кеңири колдонсун, орустардай эле кенен-кесири жашап, өнүгүп өссүн деген мааниде ушул кадамга бардым. Орус билийги биз менен кичине болсо да эсептешип, көңүл бурушу зарыл.

“Азаттык”: Кыргызстандан келген канча адам орус жарандыгын алган?

Кожоев: 350 миңге чукулдап калды. Эми алардын баары кеңири Орусиянын ар жеринде таркап, жашап жүрүшөт. Бир аймактан жарандык алганы менен, мисалы Иркутск дейли, көбүнчөсү Москвада иштеши мүмкүн. Негизги маселе – алардын паспортторунда туруктуу каттоолору жок. Турак-жай алса туруктуу каттоого коймок. Социалдык жактан камсыздалбай жүрүшкөндүгү үчүн биз шайлоого катышкыла деп үндөп атабыз. Биздин мекендештер эң жыш жайгашкан региондор – Екатеринбург шаары, Свердлов облусу, Красноярск шаары, Москва жана Москва облусу.

“Азаттык”: Сиз шайлоого катышуу менен кыргыз диаспорасы көп көйгөлөрүн чечкенге мүмкүнчүлүк алат деп жатасыз, ошонун механизмин чечмелеп бересизби? Депутат болуунуну жолу барбы?

Кожоев: Жок, депутат болуу али эрте. Механизми мындай: биринч ирээт биз баарыбыз жапа тырмак бүт региндор биригип туруп, катышып атабыз.

“Азаттык”: Демек, мындай демилге биринчи жолу көтөрүлүүдө?

Кожоев: Ооба, калың катмар биринчи жолу катышайын деп турат. Мурда болсо кимдин каттоолору болсо, пассивдүү катышчу. Кыргыздын бар-жок экени билинбей жүргөн. Бул жолу биз атайын мындай идеяны федералдык деңгээлде жарыяладык. Кыргыз деген эл бар, алардын бул жердеги саны көп, биз каттоого катышабыз, биз силерди колдогондон кийин биздин көйгөлөрдү айтабыз, ошол боюнча бизге да көңүл бөлөсүңөр деген мааниде сүйлөшүүлөр жүрдү.
Каттоосу барбы же жокпу, орус жарандыгы болгондон кийин, бардыгы шайлоого катыша алат экен. Туруктуу каттоосу жоктор үчүн атайын участкалар ачылат.

“Азаттык”: “Единая Россия” партиясы менен кызматташуу кимдин демилгеси?

Кожоев: (Күлүп) Так айтууга болбойт, көптөн бери эле талкууланып келе жаткан ой болчу. Себеби орус жарандыгын алган мекендештерибиздин саны көбөйүп баратат, бирок алардын маселелери чечилбей келе жатат. Бир жагынан кыргыздар өздөрү көтөрсө, экинчи жагынан орустар да колдошту.

“Азаттык”: Бул демилгени бир жактуу жакшы идея деп айтуудан абайлап турам. Кыргызстандыктар жок дегенде таң калуу менен кабыл алышса керек. Биздин мекендештер орус паспортун алып, эми шайлоого да катышып жатышса, бул алар Орусияда өмүр бою калат дегенди түшүндүрөт да? Маселенин ушул жагы да бар.

Кожоев: Жок, андай эмес. Жарандыкты мекенин чаңгандан алмаштырышкан эмес, жакшы жумуш алуу үчүн аргасыз болушкан. Кыргызстанда 5 жыл ичинде 2 жолу ыңкылап болуп, элдин агымы келди да. Эч ким айталбайт экен: эки ай деп эки жылга калып калышты, үч ай деп үч жылга калып кетишти. Он, жыйырма жылдан бери жүргөндөр бар, алардын бул жерде балдары бар, жашоосун пландаштырыш керек да алар дагы. Бирөөсү кетсе, бирөөсү келип туруктуу сандагы мекендештерибиз ушул жакта жашап атышат. Алар Орусиянын дүң өнүмүн түзгөнгө салымын кошуп атышат, жарандык укуктарын толук колдонушу зарыл.

“Азаттык”: Мына ушундай демилгелер бара-бара Орусиянын Кыргызстанга карата басымын күчөткөнгө өбөлгө түзбөйбү?

Кожоев: Биз ушинтип корко берсек, билбейм эмне болот? Мына, жакында Евразия Биримдигине киргени жатабыз. Орусия бизге шериктеш болот. Кыргызстандан биздин үмүтүбүз чоң. Жумушчулар, жарандар, капитал, бизнес – баары бир аймакта ээн-эркин иштешсе, эмнеси жаман?

“Азаттык”: Маегиңизге рахмат.
  • 16x9 Image

    Аида Касымалиева

    Азаттык+ телепрограммасынын алып баруучусу, продюсери (2005-2009), Москвадагы кабарчысы (2011). 2012-жылы "Москвада калган ый" даректүү тасмасы "Бир дүйнө" кинофестивалында "Ачылыш" наамына татыган. Бишкек гуманитардык университетинин журналистика бөлүмүн 2005-жылы аяктаган.

XS
SM
MD
LG