Линктер

Путиндин партиясы шайлоодо жеңди


Орус президенти Владимир Путин "Бирдиктүү Орусия" партиясынын Москвадагы кеңсесинде, 18-сентябрь.

Орус президенти Владимир Путин "Бирдиктүү Орусия" партиясынын Москвадагы кеңсесинде, 18-сентябрь.

Орусиянын Мамлекеттик Думасына шайлоодо бийликтеги “Бирдиктүү Орусия” партиясы жалпы добуштардын жарымынан көбүн алды. Шайлоого катышкан 14 партиянын ичинен Кремлдин саясатына ыктаган дагы үч партия гана парламентке өттү.

Оппозиция өкүлдөрү менен айрым активисттер добуш берүүдө өтө көп сандагы мыйзам бузуу катталганын айтып чыгышты.

"Бирдиктүү Орусия" көпчүлүк мандатка ээ болду

Орусиянын Борбордук шайлоо комиссиясынын жаңы жетекчиси “Бирдиктүү Орусия” партиясы добуштардын 54 пайыздан ашыгын алганын жарыялады. “Яблоко” жана “ПАРНАС” сыяктуу оппозициячыл партиялар беш пайыздык чектен өтпөй калышты. Кремлдин саясатын колдогон КПРФ 13,46%, ультра улутчул Либерал-демократтар партиясы 13,24%, “Адилеттүү Орусия” партиясы 6 пайыздан ашыгыраак добуш алды. Шайлоочулардын 60 пайызы катышкан беш жыл мурдагы шайлоодон айырмаланып, бул жолу 47 пайыз шайлоочу гана добуш берүүгө келди.

Мамлекеттик Думадагы 450 орундун жарымы партиялык тизме, жарымы бир мандаттуу округдан шайланды. Добуштардын 93 пайызынын жыйынтыгына караганда, “Бирдиктүү Орусия” 300дөн ашык мандат алышы мүмкүн. Бул - парламенттин төмөнкү палатасында конституциялык көпчүлүктү камсыздоого жетиштүү.

Крымдагы шайлоо

Крымдагы шайлоо

Орусия аннексиялаган Крымда да биринчи жолу шайлоо өтүп, анда да “Бирдиктүү Орусия” алдыга озуп чыкканы кабарланды.

- Кыйынчылыкка карабастан, эл “Бирдиктүү Орусияга” добуш беришти. Бул эмнеден кабар берет? Биринчиден, бийликтеги бул партиянын өкүлдөрү эл үчүн жан үрөп жатканын көрүп турушат. Балким дайыма оң жыйынтык чыкпай жаткандыр. Бирок алар чын дили менен, мүмкүн болушунча эффективдүү иштеп жатышат, - деди президент Владимир Путин.

Бирок оппозициячыл активисттер шайлоо өтө көп сандагы мыйзам бузуулар менен коштолду дешет. Бюллетендерди тобу менен таштоо жана массалык ташууларды күбөлөгөн видеолор байма-бай интернетке жарыяланып турду.

Бир видеодо дагенстандык аял бир нече бюллетенди урнага салып жатканын көрүүгө болот. “Голос” уюму жарыялаган дагы бир видеодо Нижний Новгороддогу шайлоо комиссиясынын өкүлү бюллетенди тобу менен таштаганы тартылып калган.

Михаил Касьянов

Михаил Касьянов

Думага өтпөй калган оппозициялык ПАРНАС партиясынын лидери, мурдагы премьер-министр Михаил Касьянов шайлоонун тазалыгынан күмөн санайт:

- Тилекке каршы орусиялыктар шайлоо аркылуу өзгөрүү жасай алаарына ишенбей калышты. Бул өтө өкүнүчтүү. Албетте, өнөктүк учурунда биз жарандарды ойготууга, дагы да мүмкүнчүлүк бар экенине ынандырууга аракет кылдык. Бирок мен көргөндөй, биздин чакырыктардан майнап чыкпаптыр.

Шайлоо комитетинин башчысы Элла Памфилова болсо мыйзам бузуулар боюнча арызданууларды угууга даярдыгын айтты.

2011-жылкы шайлоонун сабактары

Ошентип беш жыл мурдагы шайлоого салыштырмалуу бул жолу “Бирдиктүү Орусия” өз ордун бекемдеди. Анда партия добуштардын 49 пайызын алган. 2011-жылдагы парламенттик, 2012-жылдагы президенттик шайлоодон кийин миңдеген адамдар нааразылык билдирип көчөгө чыгышкан эле.

Орусиянын бозгундагы оппозиция өкүлү Михаил Ходорковский бул жолу президенттик администрация Орусиядагы губернаторлорго шайлоону жаңжалсыз өткөрүүгө тапшырма бергенин, Путиндин жаңы стратегиясы 2011-2012-жылкы нааразылык акцияларына жооп болуп калганын айтат.

Анын оюна орус саясат таануучусу Александр Кынев да кошулат:

- 2011-жылдагы шайлоону алсак, тизменин акыркы сабынан орун алган губернаторлор кийинчерээк кызматынан алынган. Жамандарды иштен алат. Эч ким жаманатты болгусу келбейт.

Борис Немцов "Миллиондор маршында", 2012-жыл.

Борис Немцов "Миллиондор маршында", 2012-жыл.

Батыш серепчилери өлкөдөгү айрым жагдайлар Кремлдин бул шайлоону оңой көзөмөлдөшүнө жол ачканын белгилешет. Мисалы, беш жыл мурдагы нааразылык акцияларынын харизмалуу лидерлеринин азыр таасири жок. Оппозициядагы Борис Немцовду 2015-жылы Кремлдин жанында атып кетишкен. Мурдагы шахмат боюнча дүйнө чемпиону Гарри Каспаров болсо коркутуулардан улам өлкөдөн чыгып кеткен.

Шайлоого көз карандысыз баа берген “Голос” жана “Левада” сыяктуу уюмдар расмий түрдө “чет өлкөлүк агент" деп таанылган. Андыктан Батыш медиасы соңку шайлоонун жыйынтыгы - президент Владимир Путиндин эки жылдан кийинки президенттик жарыштагы жеңишинен кабар берет дешет.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG