Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:15

Орусия: жарандык көзөмөл


Евгения Чирикова Москвадагы митингде, 5-декабрь, 2011
Евгения Чирикова Москвадагы митингде, 5-декабрь, 2011

Орусияда жалпы журтка белгилүү инсандар марттагы президенттик шайлоо таза өтүшү үчүн байкоо сала турган “Шайлоочулар лигасын” түзүштү.

Ошентип, Орусияда оппозиция менен байланышы бар белгилүү инсандар мартта президенттик шайлоого кылдат байкоо салууга “Шайлоочулар лигасын” түзүштү.

Жазуучу Борис Акунин, журналист Леонид Парфенов, актриса Татьяна Лазарева, музыкант жана акын Юрий Шевчук өңдүү орус коомуна кеңири белгилүү 16 адам кирген кыймыл былтыр декабрда парламенттик шайлоодо кетирилген мыйзам бузуулардын кайталанышына жол бергиси келбейт.

"Шайлоочулар лигасы" түзүлгөнү жарыяланган маалымат жыйыны, Москва, 18-январь, 2012
"Шайлоочулар лигасы" түзүлгөнү жарыяланган маалымат жыйыны, Москва, 18-январь, 2012
Белгилүү блоггер, фото-сүрөтчү жана аталган кыймылдын түзүүчүлөрүнүн бири Илья Варламов “Азаттыктын” орус редакциясына сүйлөп жатып: "Мен биздин өлкөдө таза, ачык шайлоо өтүшүн, эл кайрадан шайлоого ишенишин каалайм, ошондуктан буга катышып жатам, - деди. - Акыркы 10 жылдан бери көптөгөн бурмалоолордун айынан шайлоого болгон ишеним да жоголуп кетти".

Азырынча “Шайлоочулар лигасынын” ишмердүүлүгүнүн механизми толук аныкталып бүтө элек. Ошентсе да, Кремлге каршы чыккан оппозициялык кыймылдын кышкы эс алуудан берки алгачкы кеңири аракетин көрсөтөт.

Талдоочулар быйыл мартта өтчү президенттик шайлоо Владимир Путин үчүн "ишеним сыноосу" болоорун айтышууда
Талдоочулар быйыл мартта өтчү президенттик шайлоо Владимир Путин үчүн "ишеним сыноосу" болоорун айтышууда
Айлана-чөйрөнү коргоо боюнча активист, учурунда Химки токоюн сактап калууда аты чыккан Евгения Чирикова да бул лиганы түзүп жаткандардын катарында.

"Менимче, биз өзүбүздүн аракеттерибизде жеткен ыргакты жоготпой, президенттик шайлоонун алдынан дагы жакшылап күүлөнүп алышыбыз керек, - дейт Чирикова кышкы каникул учурундагы тыныгууну эске салгандай таризде. - Азыр коомдо бар тенденцияларды угуп, өзүбүз уктап калбашыбыз керек. Анткени ансыз деле соңку 10-15 жылдан бери уйкуда жаттык".

Соңку парламенттик шайлоонун жыйынтыктарына нааразы эл 24-декабрда Москвада митингге чыккан. Анда айрым маалыматтарга караганда, 100 миңге чейин эл чогулду.

Парламентке шайлоодон кийинки нааразылык акцияларынын алгачкы күндөрү оппозицияга, Кремлге нааразы болгондордун катарына орус интеллигенциясындагы аттуу-баштуу инсандар кошулбай жатканын сындагандар көп болгон эле.

Коомдогу нааразылык маанайына жооп иретинде премьер-министр Владимир Путин баардык шайлоо участкаларында көзөмөл камераларын орнотууну буйруду.

Андан сырткары, орус маалымат каражаттары кабарлаганына караганда, добуш берүүдө мыйзам бузууларды кыскартыш үчүн шайлоо участкаларынын кызматкерлеринин 30% жаңы адамдар менен алмаштырыла турган болду.

Юрий Шевчук
Юрий Шевчук
Добуш берүүчүлөрдүн укуктарын коргоо үчүн түзүлгөн “Голос” ассоциациясынын мүчөсү Андрей Бузин “Шайлоочулар лигасы” түзүлгөнүн кубаттады. Бирок ал азыр нааразылык билдирип жаткан элдин талабын аткаруу үчүн бийликтер жасап жаткан кадамдарга анча ичи чыкпай турганын кошумчалады. Өзгөчө, шайлооканалардын кызматкерлерин иштен алууну натуура деп эсептейт.

"Алар - болгону жогору жактын, регионалдык администрациялардын буйругун гана аткаргандар, өз алдынча добуштарды эч качан бурмалашпайт. Анын үстүнө, аларды буга чейин деле иштен айдап келишпедиби", - деди Бузин.

Оппозиция келерки ири демонстрациясын эми 4-февралда өткөргөнү жатат. Журналист Сергей Пархоменконун айтымында, алар бийликтерге арызды 19-январда беришет. Документте алар демонстрацияга 50 миңдей адам катышат деп көрсөтүшөөрүн билдирди.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG