Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:23

Аба ырайы: тоодо жаан карга айланат


Аба ырайынын төмөндөшүнө байланыштуу 3-4-октябрда Чүй облусунун тоо этектеринде, Талас өрөөнүндө жана Ысык-Көл ойдуңунун чыгышында 0…-2 градус үшүк жүрөт. Мындай аба ырайы жыйналбаган жашылча, мөмө-жемиштер үчүн коркунучтуу. Ошондой эле айыл чарба, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда мал кармоону кыйындатат.

2-октябрда көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөйт. Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын тоолуу райондорунда жаан карга айланат. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрден, кээ бир райондордо 18-23 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүйдө түнкүсүн 8…13, күндүз 10…15;

Суусамыр өрөөнүндө түнкүсүн -1…-6, күндүз 1…6;

Таласта түнкүсүн 4…9, күндүз 7…12;

Баткенде түнкүсүн 9…14, күндүз 14…19;

Ош, Жалал-Абад дубандарында түнкүсүн 9…14, күндүз 15…20;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 4…9, күндүз 8…13;

Нарында түнкүсүн 1…6, күндүз 7…12;

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -3…-8, күндүз -1…-6 градуска чейин төмөндөйт.

Бишкек шаарында мезгил-мезгили менен жаан жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрден 15-20 метрге чейин жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 10…12, күндүз 13…15 градус жогору болот.

XS
SM
MD
LG