Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 19:49

“Тыңчы” окумуштуу Орусияны Европа сотунда утуп алды


Игорь Сутягин сот залында. 7-апрель, 2004-жыл.

Игорь Сутягин сот залында. 7-апрель, 2004-жыл.

Европанын Адам укуктары боюнча соту Орусия мекенинде тыңчылык кылды деп айыпталган окумуштууга компенсация катары 20 миң евро төлөп бериши керек деп тапты. Орусиянын соту Игорь Сутягинди он беш жылга эркинен ажыраткан.

Орусия Илимдер академиясындагы АКШ жана Канада институтунун аскерий-техникалык жана аскерий-экономикалык саясат боюнча секторунун мурдагы башчысы, куралсыздануу жана курал-жаракты көзөмөлдөө маселелери боюнча адис Игорь Сутягин он беш жылга 2004-жылы эркинен ажыратылган.

Бирок былтыр июлда АКШ менен Орусиянын кармалгандарды алмашуу жараянынын алкагында түрмөдөн чыгарылган. Анда маселен АКШ тарап Москвага Орусиянын пайдасына тыңчылык кылган деген шек менен кармалган он адамды өткөрүп берген болчу. Былтыркы бул окуя АКШ президенттигине Барак Обама келгенден бери өз ара мамилелери жылым тарта баштаган Вашингтон менен Москванын “тыңчыларды” алмашуу боюнча кансыз согуш доорунан берки эң ири иш-чарасы катары каралып жүрөт.

Тыңчыларды алмашуу жараянынын алкагында Сутягин өз күнөөсүн моюнга алган катка кол коюп бергени менен ал эч убакта жашыруун маалыматтын алып жүрүүчүсү катары эсептелбегенин айтып келет.

Ал эми Сутягиндин иши боюнча тергөө жүргүзгөн Орусиянын Федералдык Коопсуздук кызматы ал АКШ менен Британиянын атайын кызматтарына суу алдында жүрүүчү атомдук кемелердин жаңы үлгүсү – “Гепард”, МИГ -29СМТ аскерий учактары, өзөктүк курал боюнча жашыруун маалыматтарды берген деп ырастаган.

Былтыртан бери Британияда жашаган Игорь Сутягин Адам укуктары боюнча Европа сотунун чечими чыккандан кийин “Азаттык” менен маегинде орус өкмөтү төлөөгө милдеткер болгон компенсацияны алуу үчүн Орусияга бара алар-албасын билбесин белгиледи:

- Мага кандайча төлөнүп берилерин билбейм, ал такыр эле төлөнбай калышы да мүмкүн. Анткени мен билгенден Европа сотунда чечимдердин аткарылбашы боюнча арыздарды кароо буга чейин эле башталган. Бирок башка жагынан мен соңку кездери уккандарга караганда, Орусия бул компенсацияларды мыйзамсыздык үчүн салык катары карап, дыкаттык менен төлөөдө.

Сутягин мекенине кайтып барууну кааларын, бирок түрмөдөн бошогондугу боюнча расмий документтерди али ала электигин да айтып келет.

Адам укуктары боюнча Европа соту Сутягиндин иши боюнча чечиминде орус сотунун өкүмү көз карандысыз жана бейтарап эмес деген тыянак чыгарган. Европалык соттун пикиринде, доогердин мекениндеги сот жараянды тездетүүгө болгон укугу бузулган. Ушундан улам ал абакта эч негизсиз эле төрт жарым жыл отурган. Мындан сырткары доогердин бейтарап сотко болгон укугу анын иши бир сотто экинчи сотко эч түшүндүрмөсүз эле өткөрүлө бергенинен улам да бузулган.

Чынында эле Сутягиндин иши абдан жай эриген муздун ыргагында кеткендиги менен эсте калды. Ага АКШ үчүн иштеген агенттерге жашыруун маалыматтарды берген деген айып оболу 1999-жылдын октябрында тагылган болчу. Ал камакка ошол эле учурда отургузулуп коюлган. Сутягин доо-арызын Адам укуктары боюнча Европа сотуна 2002-жылы, Орусияда өзүнүн үстүнөн сот аяктай электен эки жыл мурда эле жөнөткөн. Бирок Страсбургдагы сот арызды мындан алты жылдан кийин, 2008-жылы гана кабыл алды.

Орусиянын окумуштууларды коргоо боюнча коомдук комитетинин төрагасы Эрнст Черныйдын пикиринде, иштин создуктурулушу ал Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматы тарабынан тергелгендигинде:

- Алар бул ишти кароого абдан кечигүү менен киришишти. Бул, менимче, ФСБ демилгечи болгон иштерди кароого ал жакта эмнегедир дилгирлик жоктугу менен байланыштуу. Сутягин арыз бергенден бери дээрлик 9 жыл өттү. Бул иш коом үчүн абдан зыяндуу. Анткени айыптардын баары жасалма, бирок буга карабай сот ишти эртерээк кароого мүмкүн деп эсептеген жок.

Орус өкмөтүндө эми Адам укуктары боюнча Европа сотунун чечимин апелляцияга берүүгө үч ай убактысы бар. Сутягиндин адвокаты Анна Ставицкаянын болжолунда, Орусия мындай кадамга баруусу мүмкүн. Эгер Орусия арыз берип, бирок ал четке кагылса алгачкы инстанциядагы соттун чечими күчүнө кирет.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG