Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:32

Дүйнөлүк футбол чемпионаты 2018-жылы Орусияда өтөт


Орусиялык күйөрмандар ФИФАнын чечимин кубаныч менен тосуп алышты.
Орусиялык күйөрмандар ФИФАнын чечимин кубаныч менен тосуп алышты.

Мындай чечим эл аралык футбол федерациясынын (FIFA) жыйынында кабыл алынды. 2-декабрда Цюрих (Швейцария) шаарынан келген кабар орусиялык спорт күйөрмандарын бир кыйла кубантты.

Дүйнөлүк чемпионатты өз жеринде өткөрүү үчүн Орусиядан сырткары Англия, Испания, Португалия, Бельгия жана Нидерланды ат салышкан. Орусиянын президенти Дмитрий Медведев Twitter сайтындагы баракчасында “Ура! Жеңиш! 2018-жылкы чемпионатты биз өткөрөбүз” деп жазды.

Ал эми ФИФАнын аткаруу комитетинин мүчөлөрүнө ыраазычылык билдирген Орусиянын өкмөт башчысы Владимир Путин дүйнөлүк чемпионатка карата болочок камылгалар тууралуу кеп салды. Владимир Путин стадиондорду жана инфраструктураларды курууга 300 миллиард рубль (10 миллиард доллар) жумшаларын айтты.

Күйөрмандар Орусиянын футбол оюну эми гана эл аралык деңгээлге көтөрүлүп келатканын айтып, “футболчулар утулуп калышпаса болду” деп тынчсыздана баштады. Журналист Алексей Кузнецов орус бийлиги спортту өз аброюн көтөрүү үчүн пайдаланарын айтат:

- Пайдубал жок, спорт карапайым калк арасында массалык түрдө тарай элек. Ири чыгымдарды ошолорго жумшоодон баштоо керек.

А.Кузнецов чемпионаты өз жеринде өткөрүүгө аракеттенген өлкөлөрдө спорттук жайлар эбак курулганын айтып, Орусияда алгылыктуу стандиондорду куруу эми башталарын белгилейт.

Орусиялык делегация. Цюрих, 2-декабрь, 2010-жыл
Орусиянын ФИФАга жолдогон катында футбол баш-аягы 13 шаарда өткөрүлөрү айтылат. Булар: Москва, Санкт-Петербург, Калининград, Ярославль, Төмөнкү Новгород, Саранск, Казан, Екатеринбург, Самара, Волгоград, Краснодар, Сочи жана Ростов-на-Дону.

Айрым серепчилердин баамында, ФИФАнын чечиминин артында футболду дүйнөдө кеңири жайылтуу үчүн шарт түзүү дымагы жатат. Ошондон улам дүйнөлүк чемпионатты спорттун бул түрү өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдө өткөрүү саясаты башталганы айтылууда. Буга ФИФАнын чечими менен бул жылы футбол чемпионатынын Түштүк Африкада өткөнү мисал боло алат. Ал эми 2014-жылкы эл аралык чемпионат Бразилияда өтмөкчү.

2022-жылы дүйнөлүк чемпионат Катар өлкөсүндө өтөт.

Орусиялык күйөрмандарды кубандырган кабар
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:00 0:00
XS
SM
MD
LG