Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:04

Кулаган учактын айрым бөлүктөрү АКШга жөнөтүлөт


16-январда таңга жуук "Манас" аэропортуна жакын жайгашкан Дача СУ айылына жүк ташыган учак кулап, 39 адам каза болгон.
16-январда таңга жуук "Манас" аэропортуна жакын жайгашкан Дача СУ айылына жүк ташыган учак кулап, 39 адам каза болгон.

“Манас” аэропортунун жанында кулаган түркиялык My Cargo компаниясынын "Боинг 747" учагынын айрым бөлүктөрү экспертиза үчүн АКШга жөнөтүлөт. Бул тууралуу “Азаттыкка” транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калилов билдирди.

Анын айтымында, кулаган учакты чыгарган өлкө катары АКШ айрым бөлүктөрүн текшерүүдөн өткөрөт. Муну менен катар Калилов кырсыкка учураган учактын “кара кутулары” окулганын кошумчалады.

Бирок иликтөө жыйынтыгы чыкканга чейин “кара кутудагы” маалыматтар жарыяланбайт.

Буга чейин КМШнын Мамлекеттер аралык авиация комитети түркиялык учактын «кара кутусун” изилдеп жатканын кабарлаган.

Анын алгачкы жыйынтыгы боюнча “кара кутуда” кырсык маалындагы маалыматтар бар экени аныкталганы айтылган эле.

16-январда таңга жуук "Манас" аэропортуна жакын жайгашкан Дача СУ айылына жүк ташыган учак кулап, 39 адам каза болгон. Алардын ичинен төртөө учак экипажынын мүчөлөрү - түрк жарандары болгон. Ошондой эле 23 үй кыйраган. (BkA)

XS
SM
MD
LG