Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:33

Орусиянын Евробиримдиктеги "троян аты"


Орус президенти Владимир Путин серб премьери Александр Вучич менен Москвадагы сүйлөшүү учурунда, 8-июль, 2014-жыл.

Орус президенти Владимир Путин серб премьери Александр Вучич менен Москвадагы сүйлөшүү учурунда, 8-июль, 2014-жыл.

Орусиянын узактан берки союздашы Сербия Евробиримдикке мүчөлүк алууга умтулуп келет.

Бирок буга карата Москванын мамилеси тууралуу азырынча сөз жок. Эң ишенимдүү досторунун бири Батыштагы блокко кошулуудан Кремл кандай пайда көрүшү мүмкүн?

Орусиянын кош стандарттуулук саясаты анын эң жакын кошуналары евроинтеграция тууралуу мүдөөсүн билдиргенде даана көрүнөт.

Грузия, Молдова же Украина. Булар Европага карай жасалган ар бир кадамында Москванын катуу каршылыгына туш болуп келишти.

Балкандагы мамлекеттер болсо – Македония, Монтенегро же Сербия – Еврошаркетке жакындоо, керек болсо, ага мүчөлүк алууга чейинки аралыкты салыштырмалуу оңой эле өтүп жатышкандай.

Аналитиктер Орусиянын мурдагы Советтер Союзуна караган өлкөлөргө карата мындай катаал саясаты, ошол эле маалда, Балкандагы өзүнүн славян тууган өлкөлөрүнө карата жумшагыраак мамилеси Москванын Европадагы таасирин арттыруу стратегиясына байланыштуу нерсе дешет.

"Орусиянын пост-советтик өлкөлөргө карата стратегиясы башкача – бул анын жеке таасири астында болуп келген аймак. Балкандагылар болсо, аларга караганда, башка деңгээлде турушат. Менимче, Балкандагы өлкөлөр эртеби-кечпи баары бир Евробиримдикке кошулаары айкын эле. Муну эске алып, Орусия бул союздун ичинде өзүнүн досторунун санын көбөйткүсү келет", - дейт Еврокеңештин эл аралык мамилелер боюнча өкүлчүлүгүнүн директору Дмитар Бечев.

Кремлдин «Троян аты» стратегиясын колдонуу планы канчалык реалдуу экени ушул дүйшөмбү-шейшемби күндөрү Москвага Сербиянын премьер-министри Александр Вучич барганда дайын болду. Вучичтин айтымында, Белград Евробиримдикке мүчөлүк алууну самайт, ошол эле маалда «Москва менен достук мамилесин бузгусу келбейт».

Сербия Еврошаркетке кошулуу аракетинде бир топ ийгиликтерге жетишкен. 2008-жылы ал Ассоциация келишимине кол койгон, 2012-жылы мүчөлүккө талапкер макамын алды. Ошол эле учурда Москва да Сербияда өзүнүн таасирин бир топ арттырууга жетишти.

Быйыл жыл башында Вучич өзүнүн жаңы өкмөтүн курап жатканда, Москва бийликтен кетип жаткан өкмөт башчы Ивица Дачичке да бул өкмөттө таасирдүү орунду сактап калышы үчүн «катуу, бирок ийгиликтүү таасир» көрсөтө алды. Жыйынтыгында Дачич премьер-министрдин орун басары болуп калды.

Вучич Москвага жөнөп жатканда, Орусиянын Белграддагы элчиси Александр Чепурин ИТАР-ТАССка маек куруп, анда Сербия мамлекеттик кирешенин 14% «Газпромдун» Нови-Саддагы мунайды кайра иштетүүчү заводунан алат деп билдирди.

Балкан региону Орусия үчүн «Түштүк агым» газ куурунун иши үчүн транзиттик зона катары өзгөчө мааниге ээ. Ушул аптада орус тышкы иштер министри Сергей Лавров региондо сапарда жүрөт. Ал сапарын 7-июлда Софиядан баштап, ал жерде «Түштүк агым» боюнча сүйлөшкөнүн Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин сайты кабарлады. Сербиянын өкмөт башчысы Вучич болсо Москвадагы сөзүндө ал ошол куурдун Сербияга караган бөлүгү боюнча келишимге жетишүүгө өзгөчө кызыкдар экенин белгилеген.

Белграддык аналитик Борис Варганын ишениминде, Сербия Орусиянын экономикалык колдоосуна көз каранды. Москва бирок колдоосун «саясий жеңилдиктерсиз бербейт» дейт ал.

"Сербия евроинтеграцияны тандаганын ачык билдиргендиктен, мындан ары ал Орусиянын саясий колдоосуна жетишем деп ойлобошу керек. Бирок Сербия Москванын экономикалык колдоосуна муктаж. Москва болсо саясатсыз экономикалык колдоо көрсөтпөйт. Буга окшогон саясатын Орусия акыркы 20 жылдан бери мурдагы СССРдеги өлкөлөргө карата жүргүзүп келатат. Азыр алар менен Москва Бажы союзун түзгөнгө аракет кылууда. Ошон үчүн Орусия менен экономикалык мамиле арткан сайын биз анын Балканда саясий таасири да жогоруларын көрөбүз, - дейт Б.Варга. - Буга катар Орусия азыр Евразия союзун түзгөнгө далалат жасоодо. Бул үчүн Батыш менен сүйлөшүүлөрдө түрдүү стратегиялар колдонулат. Ошондо Балкандагылар таасир көрсөтүүнүн бир куралы болуп калышы ажеп эмес".

Аналитик Бечевдин оюнда, Москва азыр Сербиянын Евробиримдикке киришине каршылык көрсөтпөй турганы да ошондон.

"Чынында, Сербиядагы элитанын аракеттери биз түшүнгөн Европа стандарттарына туура келбейт. Башкача айтканда, Орусияда таасир этүүнүн толтура жолдору бар. Кимдир бирөөгө телефон чалса болот, башкасын сатып алса болот, ошентип отуруп, алар шаркеттин ичинде өзүнүн таасирин арттыра алышат, - дейт аналитик. - Дал ушул мааниден алганда, Орусия Евробиримдиктин Балканда кеңейишине каршылык көрсөтөт деп ойлобойм. Тескерисинче, Москва муну өзүнүн таасир зонасы кеңейди деген таризде колдойт.

Бечевдин ишениминде, Москва бул жаатта көптөн бери эле аракет кылып келатат. Ал Евробиримдикте өзүнүн планын башка «Троян аттары» Болгария, Кипр жана Греция аркылуу ишке ашырганга аракет кылууда.

Белграддагы Евроатлантикалык изилдөөлөр борборунун директору Елена Милич болсо Сербиянын Еврошаркетке кириши дагы 10 жылдай убакытты аларын, мынчалык узак убакытка Москва Белградды ишенимдүү өнөктөш катары сактай албашы мүмкүн экенин аңдап турарын айтат. Бул дегени Кремл Сербиянын евроинтеграция тууралуу аракеттерине каалаган учурда тоскоолдук кылышы мүмкүн дегенди туюндурат.

“Азаттыктын” аналитиги Роберт Коалсондун серебин Төрөкул Дооров которду.

  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG