Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:28

Москва Батыштан тамак-аш алууга тыюу салгандан кийин анын кесепти өз жарандарына дагы тийип жатат.

Кремлдин четтен тамак-аш алууга тыюу салганы Москванын Батыштын санкцияларына татыктуу жообундай сезилгени менен Орусиянын өзүндө тамак-аш кымбаттады.

7-августта орус бийликтери АКШдан, Европа Биримдигинен, Австралиядан, Канададан жана Норвегиядан тамак-аш импорттоого тыюу салганы күтүлбөгөн жаңылык болду. Себеби, Орусия өзү керектеген тамак-аштын 40%, негизинен сүт, уй эти жана сырды сырттан алгандыктан санкция карапайым адамдарга кедергисин тийгизүүдө.

Өткөн жылы Орусия 17,2 миллиард долларлык азык-түлүктү «кара тизмеге» кирген өлкөлөрдөн сатып алган.

Москва болсо орустардын санкциясынан Батыштагы тамак-аш өндүрүүчүлөр зыян тартып жатканын айтууда. Евробиримдиктин Орусия менен чектеш өлкөлөрүндө өндүрүлгөн тамак-аштын бир тобу орустардын базарына сатылгандыктан, «тамак-аш согушунун» кесепети аларга тийбей койбойт.

18-августтан Евробиримдик санкциялардын айынан продукциясын сата албай калган фермерлерге колдоо көрсөтүү үчүн 170 миллион доллардык кор түзүүнү жарыялады.

Москванын бийликтери шаардагы азык-түлүк дүкөндөрүндө тоңдурулган балыктын баасы 6%, сүт 5.3%, сыр болсо 4.4% кымбаттаганын билдирет. Батыштын Орусияга каршы киргизген санкцияларынын айынан орус рублинин инфляция ыргагы 7.5% өссө, Economist журналы тамак-аш эмбаргосу аны дагы көбөйтөт деп жазды.

Москвадагы Экономика мектебинин мурдагы ректору, учурда Париждеги Саясий илимдер институтунун профессору Сергей Гуриев инфляциянын айынан баалар кымбаттаарын «жалпысынан 2014-жылы баалар 1% же 2% кымбатташы мүмкүн. Бул катастрофа эмес. Эгер Борбордук банк проценттик төлөмдөрдү жогорулатуу аркылуу инфляция менен күрөшүүнү чечсе, анда Орусияда экономикалык өсүш төмөндөйт. 2014-жылы белгиленип жаткан 1% нөлгө түшүп калышы мүмкүн» деп түшүндүрөт.

Орусиялык өндүрүш

Орусиянын премьер-министри Дмитрий Медведев четтен ташылган азык-түлүккө тыюу салуу атамекендик өндүрүүчүлөргө өбөлгө болот деп көңүл жооткотту. 12-августта Ставрополь шаарында туруп «Айыл чарбасынын буга чейин өнүкпөй калган, импорттон көз каранды тармактарын өнүктүрүүгө басым жасалат. Бул кошумча каражатты талап кылат. Биз импорттон көз каранды болбош үчүн ал каражатты табабыз» деп өкмөттүн жаңы саясатын белгиледи.

Орусиянын тамак-аш өнөр жайынын көп тармактары жаңылоого муктаж, андыктан Батыштан ташылган тамак-аш жергиликтүү продукцияга караганда сапаттуу дагы, арзан дагы. Кремл ички өндүрүштү жандандырууга канчалык аракет кылса да тамак-аштын кымбат баасы карапайым кардардын чөнтөгүн кагат.

Париждеги профессор Гуриевдин баамында «атаандаштыкты жок кылып коюу өндүрүүчүгө жол ачат. Андыктан четтен тамак-аш ташылбай калганы Орусиянын айыл чарбасына майдай жагат».

Кандай болсо да тамак-ашка керектөө өсөрү бышык. Орусиялык сыр чыгаруучуларга эми көп продукция өндүрүү үчүн арбын сүт керек. Анын айынан сүт азыктары азайып кетиши мүмкүн. Учурда Орусиянын өзүндө алынган сүттүн баасы Европадан ташылган сүткө салыштырмалуу 30% кымбат турат.

Кыйынчылыкта дос кырдан ашырат

Москва Биримдикке кирбеген Европадагы өлкөлөрдөн, Жакынкы Чыгыштан жана Латын Америкадан азык-түлүк сатып алуунун жолдорун караштырууда.

Вашингтон менен Евробиримдик болсо ал өлкөлөрдүн Орусияга тамак-аш сатуусуна каршылык көрсөтө баштады.

11-августта президент Путин Египеттин президенти Абдел Фаттах Сиси менен жолукканда, Москва Каирден тамак-аш импорттоого даяр деп айтылган.

Андан төрт күн өткөн соң Брюсселде европалык лидерлер чогулуп, Европадан барандуу жардам алган Египеттин жетекчилигине эскертүү жасады.

«Тамак-аш согушунун» каарын тартпай чыгып кетүү үчүн Москва Бажы биримдигине кирген Казакстан менен Беларустан азык алуунун жолдорун караштырууда. Бул эки өлкөгө Батыштан тамак-аш алууга чектөө жок, андыктан европалык азык-түлүк Орусияга коңшулары аркылуу «жашыруун эшик» менен киргизилсе, орусиялык кардарлардын керектөөсүн кайсы бир деңгээлде канааттандырат.

Анткен менен европалык тамак-аш кандайча казактын же беларустун продукцияларына айланып калары азырынча белгисиз. Премьер Медведев болсо "тамак-аштын баасына жаңы нарк кошулса, бул жаңы продукт" деп табышмактатты.

Андай болсо Кремлдин тамак-аш эмбаргосу Орусия Батышка татыктуу жооп берет деген коомдук пикирди жаратууга багытталган саясаты экени көрүнөт.

Чарльз Рекнагел, “Эркин Европа/Азаттык" радиосу

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG