Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:47

Орусия: “Тыйуу салынган искусство” айып пулга жыгылды


Көргөзмөдөгү сынга алынган сүрөттөрдүн бири
Көргөзмөдөгү сынга алынган сүрөттөрдүн бири

“Тыйуу салынган искусство” деп аталган көргөзмөнүн уюштуруучуларын бүгүн Москвада райондук сот күнөөлүү деп тапты. Сахаров атындагы музейдин мурдагы директору Юрий Самодуров менен Третьяков галлереясынын жаңы багыттар бөлүмүнүн мурдагы башчысы Андрей Ерофеев “диндерди араздаштырып, жек көрүүнү пайда кылган” деп айыпталышкан.

Самодуров менен Ерофеевди үч жыл мурда “Тыйуу салынган искусство” деген көргөзмө өткөрүшкөнү үчүн соттоп, айыптуу деп табышты. Аларды үч жылга чейин камашы мүмкүн эле. Бирок Таганский соту бул искусство таануучуларын айып пулга жыкты. Эми, соттун чечимине ылайык, Юрий Самодуров 200 миң, ал эми Андрей Ерофеев 150 миң рубль айып төлөшү керек.

Прокуратуранын билдирүүсүнө караганда, ал көргөзмө “христиан динин тутунгандарды шылдыңдап, жекирген чыгармаларды камтыган”. Ыйса пайгамбардан тарта башка да ыйыктар тартылган сүрөт-иконалар, маселен, “Макдоналдстын”, “Микки Маустун” сүрөттөрү менен аралаштырылып тартылыптыр.

Соттун чечими Орусиянын динчил улутчулдарынын жеңиши катары бааланып жатат. Ошол эле учурда ал өлкөдөгү эркин сүрөткерлерге, адам укугун коргоочуларга каршы оор учурдагы дагы бир сокку деп таанылды.

Юрий Самодуров (ортодо) менен Андрей Ерофеев (солдо) Москвадагы маалымат жыйынында, 8-июль, 2010
Айыпталуучулар болсо аларды кайсыл күнөөсү үчүн соттоп жатышканын түшүнө албай коюшту.

Сот чечимин угузаардын алдында Ерофеев “Азаттыктын” орус редакциясынын кабарчысына сүйлөп жатып, ага каршы тагылган айыпка макул эместигин айтты.

“Бул – ачык эле саясий процесс, - деди ал. - Мында эч кандай демократиялык, юридикалык процедура болгон жок. Биздин күнөөбүздү айгинилеген бир да далил көрсөтүлбөдү. Кыскасын айтканда, жок жерден эле караламай болуп жатат”.

Ерофеев менен Самодуровду 2008-жылы өлкөдөгү православ улутчулдарынын “Элдик чиркөө” деген тобу сотко берген.

Көргөзмө Андрей Сахаровдун Москвадагы музейинде өткөн болчу. Ошол музейдин мурдагы жетекчиси Ерофеев буга чейин да жаңжалдуу көргөзмөлөрү үчүн айыпталганы бар.

Дегинкиси бул жолку көргөзмөдө алар орус ортодокс чиркөөсүн эле эмес, исламды да, орус армиясын да катуу сындашкан. Ошентсе да “Элдик чиркөө” көргөзмөнү “анти-христиандык” деп айыптады.

Православ чиркөөсүнүн динаятчыларынын бири, Хельсинки тобунун Москвадагы бөлүмүнүн өкүлү Глеб Якунин искусство эксперттерин айыптап чыккан дагы бир динзар Александр Шаргуновду сындады.

“Сот өзүнүн колунан эч нерсе келбей турганын көрсөттү. Искусство изилдөөчүлөрүн негизсиз эле айыптап жатышат, - деди Якунин. - Александр Шаргунов баштаган бир топ динаятчылар чиркөөгө сыйынганы келген адамдарга: “Ушундай бейбаштык болуп жатыптыр. Силер ошол сүрөттөрдү көрдүк, бизди аябай иренжитти деп кол коюп бергиле”, - дешкен. Иши кылып, булар сүрөттөргө нааразы болгон масса негизинен православ динин тутунгандар экенин көрсөткөнгө аракет кылышкан”.

Самодуров менен Ерофеевге каршы сот иши чоң талкууну жаратты. Көптөгөн маданият кызматкерлери бул окуя азыркы орус маданиятына катуу сокку болот деп эскертип жатышат. Айрымдар муну СССР учурундагы абал, авангардисттик искусствого каршы чабуул менен салыштырышууда.

“Мемориал” укук коргоо борборунун башчысы Олег Орлов “Көргөзмөнүн ишине мамлекет кийлигишкени уят” деп, “бул мамлекеттин иши эмес экенин” айтты. Орусияда адам укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Владимир Лукин да “көргөзмөнүн иши сотто каралбашы керек” деди.

Мына ушундай эле окуя былтыр Өзбекстанда да болгон. Белгилүү фотосүрөтчү Умида Ахмедованы өзбек аялдарын тарткан сүрөттөрүндө “өзбек улутуна акаарат келтирди” деген таризде айыптап, күнөөлүү деп табышкан.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG