Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 07:45

"Дождь" телеканалы кысымга багынбайт


"Дождь" телеканалынын башкы директору Наталья Синдеева жана кожоюндарынын бири Александр Винокуров.

"Дождь" телеканалынын башкы директору Наталья Синдеева жана кожоюндарынын бири Александр Винокуров.

Орусияда көз карандысыз “Дождь” телеканалынын жетекчилиги компания бийликтин бут тосуусуна, басымына туш болгонуна карабай ишин уланта берээрин билдирди.

“Дождь” телеканалынын башкы директору Наталья Синдеева “Азаттыктын” орус редакциясынын суроосуна жооп берип жатып, каналдын командасы эфирге чыгууну улантууга бар аракетин жумшаарын белгиледи:

- Биз багынып бербейбиз. Каналды жаппай турганыбыз анык. Жок дегенде ага жеткирбөөгө мүмкүн болушунча аракеттенебиз. Каналды жөнөкөй вебсайтка же видео каналга айлантуу планыбыз жок. Телевидение аркылуу чыгууну жана обого кайтуу жолдорун издөөнү уланта бермекчебиз.

Шейшемби күнү өткөн пресс-конференцияда Синдеева “Дождь” Кремлдин кысымына кабылганын айтып, канал акыркы күндөрү көптөгөн өнөктөштөрдөн кол жууп калганын белгиледи.

Ал Apple TV жана ага окшогон каналдар менен кызматташуу аркылуу берүүлөрдү жайылтуу жолдору да изделип жатканын айта кетти.

“Дождь” бир нече күн мурун талаштуу сурамжылоо жүргүзгөндөн кийин айрымдардын каарына калды. Атап айтканда, канал Улуу Ата Мекендик согуш маалында 900 күн камоодо калган Ленинград “жүз миңдеген өмүрлөрдү сактап калуу үчүн фашисттик Германияга багынып бериши керек беле?” - деген суроону сайтына жайгаштырган. Дал ошол күндөрү блокаданын аякташынын 70 жылдыгы белгиленген. Айрым маалыматтарда ачарчылыктан, оорулардан жана сууктан шаарда 1 миллиондой киши өлгөндүгү айтылат.

Көп узабай канал ал суроосун алып салып, көрүүчүлөрдөн кечирим сураган.

Орусиялык саясатчылар жана бир катар белгилүү инсандар сурамжылоону катуу сындап, каналды эфирден алып салууга үндөп келатышат.

Бир нече телеканалдар “Дождь” менен келишимин үзөөрүн билдиришти. Каналдын жетекчилиги болсо муну бийлик тарабынан башкарылган кампания деп баалоодо.

Дүйшөмбүдө компаниянын негизги сателлит провайдери - “Триколор ТВ” 10-февралдан тартып “Дождь” каналын өзүнүн программалар пакетине киргизбөө чечимин жарыялады

Шейшемби күнкү маалымат жыйынына каналдын кожоюндарынын бири Александр Винокуров да катышып, операторлор менен кызматташтыкты улантуу сүйлөшүүгө даярдыгын билдирди:

- Азыркы кырдаал таңкалычтуу, түшүнүксүз болгону менен кабелдик операторлор жана бул процесске таасир эте турган бардык тараптар менен сүйлөшүүлөрдү баштоону чечтик.

Винокуров бул маалымат каражатынын айланасындагы соңку окуялар Кремль тарабынан башкарылып жатат деген көз карашын кайталады:

- Кабелдик операторлор бизди эфирден өз каалоосу менен гана алып салышты деп ойлобойбуз. Себеби “Дождь” өңдүү каналды берүүлөр топтомуна камтуу алар үчүн бир топ эле кирешелүү. Мындай чечим кабыл алууга алар кимдир бирөөнүн кысмактоосунан улам аргасыз болушту.

Маалымат жыйынында айтылгандай, “Дождь” ушу тапта кабелдик каналдарга өз берүүлөрүн 2014-жылдын этегине чейин акысыз сунуш кылууда.

Винокуров проблемалар башталгандан бери каналды интернеттен көрүүнү каалагандардын саны өсүп жатканын кошумчалады.

“Дождь” буга чейин президент Владимир Путинди сындаган программалары менен таанылган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG