Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:07

Орусияда кабелдик операторлордун бир канчасы “Дождь” телеканалын обого чыгарууну токтотту.

Буга телеканалдын өлкө Ленинград блокадасынын аяктаганынын жетимиш жылдыгын белгилөөсү алдында жүргүзгөн сурамжылоосу түрткү берген. Бирок телеканалдын жактоочулары бул Кремлдин оппозициячыл телеканалды кысмактоосуна жүйөө гана болгонун айтышууда.

“Дождь” телеканалы “Жүз миңдеген өмүрдү сактоо үчүн Ленинград багынуусу керек беле?” суроону көрүүчүлөрүнө интернет баракчасы аркылуу 26-январда жолдогон.

Бул Ленинград фашисттик Германиянын блокадасынан бошотулганынын жетимиш жылдыгы расмий белгиленерден бир күн мурда болгон эле.

Сурамжылоо орусиялыктардын көбү үчүн жагымсыз таасир калтыргандай. Элдин маанайын сездиби “Дождь” суроосун көп өтпөй эле кайра сайттан алып, көрүүчүлөрдөн кечирим сураган.

Дмитрий Песков

Дмитрий Песков

Бирок ага карабай, кабелдик операторлордун бир канчасы телеканалды ободон алып салышты.

Президент Путиндин басма сөз катчысы Дмитрий Песков телеканал өтө эле аша чаап кеткенин айтууда:

- Бул толугу менен моралдык - этикалык маселе. Силерге жакпашы мүмкүн, бирок мен телеканал жетер чегине жетмек тургай аша чаап кетти деп эсептегендердин жана айтып жаткандардын көз карашын толугу менен бөлүшөм.

“Дождь” мүмкүн болгон чектен өткөн-өтпөгөнүн эми прокуратура да текшергени жатат. Анткени Санкт-Петербург шаарынын Мыйзам чыгаруу жыйыны Орусия Башкы прокуроруна телеканалга каршы чара көрүү өтүнүчү менен кайрылган.

Ата-энеси Ленинград блокадасын баштан кечирген саясат таануучу Борис Вишневский сурамжылоо аны да кордогонун, бирок телеканал мыйзам бузбаганын белгилейт:

Ленинград. 1941-жыл

Ленинград. 1941-жыл

- Башкы прокурорго кайрылуу жасагандар “Дождь” телеканалы сурамжылоо жүргүзүү менен кайсыл бир мыйзамды бузганын көрсөтө алышпады. Бизде тигиндей же мындай сурамжылоо жүргүзүүгө тыюу салган мыйзам да жок. Мен бир нерсени эске сала кетейин: мындан отуз жыл мурда орустун улуу жазуучусу Виктор Астафьев бүтүндөй бир китеп жазып, Ленинград багынып берүүсү керек болчу деген ойду айткан. Эми прокурорлордон Астафьевди өлгөндөн кийин жазага тарткыла, эмгектерин китепканалардан алгыла деп суранабызбы. Бул абсурд да.

“Дождь” Орусияда мамлекеттик көзөмөлдүн чеңгелинде калган телеканалдар арасындагы "ак карга". 2010-жылы иштей баштагандан бери ал ой-пикирди ободон эркин айтуудагы кенемтени толтуруп келген.

Калктын саясатка кызыккан жаш катмары жана Орусиянын тышындагы байкоочулар үчүн “Дождь” 2011-2012 - жылдагы ири нааразылык акциялары учурунда таанылган. Ал ошондой эле оппозиция ишмерлерине эфир берген телеканал эле.

Телеканалдын алып баруучусу Павел Лобков бир сурамжылоо эле телеканалдын ободон алынышына жүйөө болгонуна макул эмес:

Орусияда өткөн нааразылык митинги. 2011-жыл.

Орусияда өткөн нааразылык митинги. 2011-жыл.

- Блокада маселесинин дароо эле маанилүү боло калышы – бул нормалдуу эле саясий технология. Өз аракеттериңизди актоо үчүн кеңири колдоо тапкыңыз келсе, сиз аң-сезимге эмес, сокур сезимге басым жасайсыз. Ал эми көп адамдардын сокур сезимине, албетте, тыюу салынган маселелер таасир берет. Ал табу коюлган темалар: блокада, ыңкылаптар, 30-жылдардагы массалык репрессия.

“Дождь” азыр такыр эле токтоп калган жок, интернет жана айрым кабелдик операторлор аркылуу обого чыгууда.

Кремль анын саясатына көлкө түшүрөт деп эсептелген көз карандысыз маалымат каражаттарын кысмактоонун узун тарыхына ээ. Өткөн жылы Орусия басма сөз эркиндигинин Чек арасыз кабарчылар уюму даярдаган индексинде 179 өлкө ичинен 148 орунду ээлеген .

“Дождь” телеканалын кысмактоо олуттуу эки окуяга: Сочи Олимпиадасынын алдына жана коңшу Украинадагы саясий толкундоолорго туш келүүдө.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG