Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:36

Жакында Орусиянын чалгын кызматы (ФСБ) “Грузин бийлиги Түндүк Кавказда исламчыл жана улутчул жикчилерди машыктырып жатат” деп билдирди. Ага карата Тбилиси кандай жооп бериши керек? “Азаттыктын” серепчиси Пол Гоблдун комментарийин сунуштайбыз.

Тукурук (провокация), өзү айтып тургандай, башынан эле кимге багытталса, аны туруктуктоого чакырат. Ага заматта берилген жооп көп учурда тукургуч тараптын жеңиши, тукурукталган жактын жеңилиши, осол болушу менен бүтөт.

Орус федералдык коопсуздук кызматынын билдирүүсү накта провокация экенинде шек жок. Муну Грузиянын өзүндө да, сыртында да баары эле түшүнөт. Бирок азыр ага Тбилиси кандай жооп берээри өзгөчө маанилүү экенин грузиндер дурус аңдабай жатышат өңдүү.

Көңүл бурдургуч

Мындай учурларда грузин президенти Михаил Саакашвили эмоциясын тыя албай, дайыма эле кыйкыра калат. Муну менен ал өлкөнүн өзүндө да, дүйнөдө да утушка ээ болом деп ойлойт. Анткени өлкөдө Саакашвили муну өзүнүн оппоненттерине каршы курал катары колдоном дейт. Дүйнөдө болсо Грузияны колдоп, Орусияны айыптагандар көбөйөт деп ишенет.

Саакашвили минтип ойлогону жарым-жартылай гана туура десе болот. Анткени чындап эле Батыш, Орусиядан айтылган пикирлерге караганда, Саакашвилинин Кремлди айыптаганына көбүрөөк ишенет. Бирок Кремл азыр грузин президентинен дал ушуну күтүп жатканын Саакашвили түшүнбөй жатат окшойт. Москванын оюнда, бүт нерсеге эле кыйкыра берген Саакашвилини Батыш барган сайын “Карышкыр келатат!” деп чыңырган жаш баладай көрүп калат. Анан чындап карышкыр кол салганда, Саакашвилиге эч ким ишенбей коет.

"Коргонуу азгырыгы" менен да күрөшө билиш керек
Орустардан коркунуч көбөйгөнүн көбүртө берүү Саакашвилиге өз өлкөсүндөгү оппозицияны көзөмөлгө алып турганга жардам болушу мүмкүн. Анткени азыр Грузияда эч ким деле бул маселе боюнча президентке каяма айтышууга даай албайт. Бирок бул өлкөдөгү саясий системаны алсыратып, президент өзү жетүүгө аракет кылган грузин биримдигине сокку болот.

Мунун баары орустардын тукуругуна грузиндер жооп бербеши керек дегенди билдирбейт. Болгону аларга жооп кайтарууда өтө этият болуш керек. Эгер грузиндердин бир бөлүгү ага чачын жулуп, Кремлди айыптап, экинчи бөлүгү унчукпай койсо да болбойт. Алар ФСБнын капканына түшкөнү – ошол. Москванын айыптоолорун анын өзүнө каршы багыттай алышса, грузиндер утушмак.

Токтоо жооп

Демек, Грузия Орусиянын провокациясына кантип жооп берсе болот? Мунун үч жолу бар:

Биринчиден, грузиндер өз өлкөсү жөнүндө орустарга улам эле жалган кепти тарката берүүгө жардам бербеши керек. Орустар тукурук таштаган ар жолу эле грузин бийлигиндегилер кыйкырып-өкүрө бербеши зарыл. Эгер грузин бийлиги мындай учурда “Москва Грузия жөнүндө толгон-токой жалган кебин дагы улантты” деп гана тим болушса, ФСБнын оозу тыйылмак, Грузиянын өзүндө да көптөр муну тетири кабыл алмак эмес.

Экинчиден, грузин оппозициясы Москванын айыптоолорун “болбогон тукурук” деп атап, грузин бийлигин өзгөчө эле эмоционалдуулугу үчүн айыптагандан коркпошу керек. Минтпесе, ал Грузиянын кызыкчылыгы үчүн иштебейт. Тетирисинче, өлкөнүн бөлүнүп-жарылышын каалаган, анын демократиялык жолдо өнүкпөшүн самагандардын акырына жем таштаганы болот.

Саакашвилини Батыш “Карышкыр келатат!” деп чыңырган жаш баладай көрүп калат...
Үчүнчүдөн, орус бийлиги Грузияны айыптаган сайын эмненин чын, эмненин жалган экенин аныкташ үчүн Тбилиси эларалык комиссияларды түзүүгө демилге көтөрсө, утат. Анткени эларалык эксперттердин бүтүмү көп бүдөмүк суроолорго чекит коймок, Тбилисиге ишенимди күчөтмөк.

Албетте, өзүнүн оппоненттерин сырткы күчтөрдү колдойт деп айыптоо азгырыгы Грузиядай географиялык жана тарыхый өзгөчөлүктөрү бар мамлекеттин өкмөтүндө дайыма боло берет. Бирок бул азгырык менен күрөшүүнү да үйрөнүш керек. Оппозицияны патриот эмес деген өңдүү айыптоолордон алыс болуп, аны менен биргеликте Кремлдин капканына түшпөөгө аракет кылбаса, грузин бийлиги, өзү ошону каалабаган күндө да, Москва таңуулаган эреже менен жашап калат.

Пол Гобл – мурдагы Советтер Союзу боюнча америкалык аналитик. Мында айтылгандар - автордун өзүнүн гана ойлору жана “Азаттык” радиосунун позициясына туура келбеши мүмкүн.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG