Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:31

Сергей Гуриев: Мени түрмөгө отургузушмак


Сергей Гуриев акыркы жылдары Орусиянын экономикалык мектебинин ректору болуп иштеп турган.
Сергей Гуриев акыркы жылдары Орусиянын экономикалык мектебинин ректору болуп иштеп турган.

Орусиялык белгилүү экономист Сергей Гуриев мекенинде тергөөчүлөр тарабынан кысымга кабылгандыктан, азырынча Орусияга кайтпай турганын билдирди. Президент Владимир Путиндин саясатын сындап жүргөн экономист камактагы олигарх Михаил Ходорковскийдин кылмыш ишине байланышкан иликтөө ишинде анын өзүн да түрмөгө отургузуп коюшу мүмкүн деп коркуп жатат.

Михаил Ходорковскийге каршы кылмыш иштин алкагында тергөөчүлөр экономист Сергей Гуриевдин иш ордун тинтип, миңдеген электрондук каттарын топтой баштаганда ал көпкө ойлонбой эле Парижге кетип калган.

Гуриев 30-апрелде эле өлкөдөн чыгып кеткен, бирок бул жаңылык өткөн аптада гана белгилүү болду. Кабардын өзү азыр Орусияда президент В.Путинди сындаган либералдарга каршы кысым күчөгөнү тууралуу камтамачылыкты андан бетер күчөткөнсүдү.

Шейшембиде Путин Гуриевдин окуясы боюнча сүйлөп, “ал мекенине кайтса болот, таза болсо, ага эч ким тийбейт” деген. Бирок экономист Орусияда эркиндигинен ажырагандан көрө, азыр сыртта үй-бүлөсү менен боштондукта болгонум жакшы дейт. Анын жубайы, балдары Парижде жашашат.

“Мен түрмөдө отургум келбейт, ошон үчүн кетип калдым, - деди ал “Америка авазы” радиосуна сүйлөгөн сөзүндө. - Мени камашат деп коркушума жетиштүү себеп бар эле”.

41 жаштагы Гуриев - Михаил Ходорковскийге каршы кылмыш ишинде күч органдарынын ишин текшерген комиссиянын катарында болгон авторлордун бири болчу. Ал комиссия 2011-жылы ошол туштагы президент Дмитрий Медведев тарабынан түзүлгөн жана өзүнүн жыйынтыктоочу докладында “Ходорковскийди салыктан качкан деп кылмыш жазасына тартууга негиз болгон эмес” деген бүтүм чыгарган.

Владимир Путин өлкө башына келгенден кийин кайрадан ошол эле эксперттик топтун мүчөлөрү прокуратуранын сурагына алынып, аларга кысым күчөй баштаган. Суракка чакырылгандардын катарында Гуриев да бар болчу. Мунун өзү орус башкаруучу элитасындагы идеологиялык карама-каршылыкты да күбөлөндүргөнсүдү.

Суракка күбө катары чакырылып келген экономист качып кеткенинин себебин “аны бул иш боюнча шектүү катары кармоого аракет болгону” менен түшүндүрөт.

“Мен тергөө иштери барган сайын орой болуп баратканын байкадым. Мунун жеткен чеги 25-апрелде болду, - дейт Гуриев. - Мени тергөөчү суракка чакырып, ал жерде сурагандын ордуна иш ордумду тинткенге, 2008-жылдан берки электрондук каттарымды алып кетүүгө соттон алган уруксат кагазын көрсөттү. Анан ал мага тинтүү менин үйүмдө да болушу мүмкүн экенин кыйытты. Ошондо мен келерки жолкусунда статусум өзгөрүшү мүмкүн экенин аңдадым”.

Шаршембиде орус президентинин алдындагы Адам укуктары боюнча кеңеш Ходорковскийдин ишин текшерүүгө тартылган эксперттерден “күч органдарынын орой мамилеси үчүн” кечирим сурады. “Ошол күч органдарынан айырмаланып, биз бул ишке тартылган эксперттерди чынчыл жана өз тармагындагы мыкты адистер деп билебиз”, - делет ал билдирүүдө.

Анткен менен Гуриевди азыркы орус оппозициясын колдогону үчүн эле кысмактала баштады дегендер көп. Өткөн жылы ал өлкөдөгү оппозициялык лидер Алексей Навальный коррупцияга каршы түзгөн топко 10 миң рубль (же 315 доллар) салым кошкон. Муну ал кийинчерээк өзүнүн макаласында “Орусияда саясий атаандаштыкты колдой тургандыгы” менен түшүндүргөн эле.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG