Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:10

Мурдагы советтик диктатор Иосиф Сталин дүйнөдөн өткөнүнө бүгүн туура алтымыш жыл толууда.

Орусияда иликтөөлөр акыркы он беш жылдан бери Сталиндин өлкө турмушунда ойногон ролуна карата мамиле олуттуу өзгөргөнүн көргөзүүдө. Дүйнөдөн өткөндөн алтымыш жылдан кийин коомдук аң-сезимде Сталин бүгүн кандай кабылданып жатканы тууралуу “Эркин Европа/Азаттык” радиосуна Москвадагы Левада аналитикалык борборунун изилдөөлөр боюнча директору Алексей Левинсон айтып берди.

“Азаттык”:
Орусияда, сиздердин иликтөө боюнча Сталинге көз караш азыр кандай, коомдук пикирдин динамикасындагы өзгөрүү акыркы жылдары кандай жүрдү?

Левинсон: Сталинге баа карама-каршылыктуудай көрүнүшү мүмкүн. Анткени, быйыл февралда жүргүзүлгөн акыркы сурамжылоонун маалыматтарына караганда, адамдар бир жагынан Сталин биздин өлкөнүн турмушунда абдан чоң роль ойногон деген ойдо. Мындай турумда суралгандардын дээрлик жарымы, 49% болушту. Ал эми үчтөн бири, же 32% терс роль ойногон деп айтышты. Демек жарымынан көбү Сталиндин ролу оң болгон деп эсептешет. Бирок Сталиндин өлүмүн эмне менен байланышта карайсыз деген суроого келгенде, жарымынан көбү, же 55% террордун, массалык репрессиялардын токтошун, миллиондогон бейкүнөө адамдардын түрмөдөн бошошун айтышкан. Жогорудагы сандан кыйла азы, же 18% Сталиндин өлүмүн улуу жолбашчыны жана устатты жоготуу деп эсептешкен.

“Азаттык”: Кандай дейсиз, Сталинди баалоо жараяны ушуну менен токтодубу же коомдук пикир келечекте кайра өзгөрүп кетиши да мүмкүнбү?

Левинсон: Бул жараян азыр кандайдыр бир деңгээлде турукташты. Биз акыркы он жылдыкта, Путиндин доорунда Сталин дээрлик унутулган ишмерден, абдан маанилүү ишмерге айланганына күбө болдук. Орусиянын коомдук аң-сезими эстеп жаткан мурдагы саясий ишмерлердин арасынан Сталиндин ысымынын гана жылдызы акыркы 15 жылда ушунчалык жанды.

Менимче, муну Путин өзүн кандай көргөзүп жүргөнү жана эл аны кандай кабыл алары менен да байланышта кароо абзел. Азыркы орусиялыкка ал ириде күчтүү жетекчи деген таасир калтырып, кандайдыр бир деңгээлде илгерки бийликти чагылдырып турат. Бирок мен Путинди бүгүн Сталин деп эсептешпестен, тескерисинче, Путиндин бүгүнкү образы Сталинди эскерүүдө көңүлгө алынууда деп айтаар элем. Бул чоң айрымачылык.

Азаттык”: Орусиялыктар Сталин тууралуу маалыматты кайдан, мектептерденби, мамлекеттик медиаданбы же саясатчылардан алышабы? Ушуну сурадыңыздарбы?

Левинсон: Мен бул жерде Сталин тууралуу маалыматтын такыр эле кереги жок деп айтаар элем. Ал кырдаалды деле өзгөртпөйт. Массалык аң-сезим үчүн чаржайыт, мифология аралашкан образ эле жетиштүү. Калк Сталин жөнүндө көп деле нерсени билбейт, бирок үч нерседен: ал улуу адам болгон, согушту жеңген, өзүнүн советтик элинин канын көп төккөнүнөн жакшы кабары бар. Ушул үч компоненттен оңго да, терске да бурууга боло турган образ жаралууда. Сталинди сындоо эч нерсе бербейт. Ал тиран болгонун, көп кишини кырганын адамдар ансыз деле билет. Сталинди мактоо деле анын образына эч нерсени кошпойт.

Андыктан Сталинди көкөлөтүп мактоо жана жамандоо азыркы орус коомундагы түрдүү тайпалар же орус массалык аң сезиминдеги түрдүү катмарлар ортосундагы ич ара күрөштүн символикалык гана каражаты.

“Азаттык”: Левинсон мырза, маегибиздин соңунда дагы эмнени айта кетүүнү маанилүү деп эсептейсиз.

Левинсон: Мен дагы бир жолу белгилеп кетким келет. Орусиядагы бүгүнкү кырдаал символикалык чөйрө үчүн абдан чоң басым. Бизде маселен, саясатта тигил же бул тарапты көздөй кандайдыр бир реалдуу өзгөрүү анчалык деле көп болбойт. Бирок масссалык аң-сезимдеги башталыштар, пикирлер кагылышкан символикалык чөйрөдө секириктер, жылыштар арбын. Бул бүгүнкү учур мүнөздүү жана аны Сталин доорунан кыйла айрымалап турат. Анда чыңалуу, тирешүү эле эмес, репрессия өңдүү реалдуу аракеттер, башка массалык жараяндар болгон.

Орусиялыктар биздин сурамжылоого караганда, татаал, а түгүл кандуу тарыхтан мүмкүн болушунча оң нерселерди бөлүп алып, ал эми терс жактарын унуткарууга артыкчылык беришет.


  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG