Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 13:01

20-сентябрда Орусияда Алтын Ордонун башкаруусу астындагы XIV кылымдагы өлкөнүн турмушун чагылдырган көркөм фильм көрсөтүлө баштайт.

Орус тилинде “Орда” деп аталган фильмде монгол-татар жоокерлерининин зулум каничкич, ачкөз жана маңыроо кылып көрсөтүлгөнүнө бүгүнкү орусиялык татарлардын көбү нараазы.

“Ордо” фильмин тартууга АКШ доллары менен эсептегенде 12 миллион коротулган. Акчаны Орус ортодокс чиркөөсүн жана орус тарсаларынын олуяларын даңазалап жүргөн “Православ энциклопедиясы” диний-илимий борбору берди. XIII-XV кылымдарда Евразиянын чоң мейкиндигин бийлеген монгол-татар империясы тушундагы Москва жана Алтын Ордонун атмосферасыны берүү үчүн атайын павильондор курулуп, ошол заманга таандык адеми кийимдер, каруу-жарактар жасалган. Ошондуктан “Ордо” киносүйүүчүлөрдү көңүл кош калтырбайт деп күтүлүүдө.

Бирок Чыңгызхандын аскерлери менен чогуу жоону чапкан орто кылымдагы татарлардын тукуму эсептелген бүгүнкү Орусиянын 6 миллион татар калкына “Ордо” жакпасы азыртан айтылууда. Себеби фильмде Алтын Ордонун эли канкор, ачкөз жана караңгы кылып көрсөтүлөт, дейт “Азаттыктын” татар-башкыр кызматынын кабарчысы Римма Бикмухамметова.

Фильмдин режиссеру Андрей Прошин “Азаттыкка” берген интервьюда Алтын Ордодогу жашоону так өзүндөй кылып көрсөткөнгө тырышпаганын, бул “көркөм чыгарма” экенин айтат.

Ал “Ордо” Татарстан татарларынын купулуна толбой калышы мүмкүн экенин танбайт дагы:

- Жоромол кылуу татаал эмес. Кимдир бирөөлөр капа болушу мүмкүн. Эмне кылалы?

Фильм режиссеру менен сценарий авторуна көмөктөшүү үчүн “Православ энциклопедиясы” авал жалдаган консультант Вадим Рудаков да “Ордого” капа. Тарыхчы адегенде эми Орусияда монгол-татарлар доорун калыс көрсөткөн тасма тартылат деп кубанычта болгон. Анткени Чыңызхандын империясы регионалдык өкмөт түзүүгө, түрдүү диндеги адамдардын эркин ибадат кылуусуна кенен жол коюп, элди каттоого алган, күнү-түнү ырааттуу иштеген почта-байланышын түзгөн. Бирок “Ордодо” режисер советтик кинематографиянын калпыс салтын улантып, татар-монголдор менен көчмөндөрдү орой, каничкич, ач көз кылып көрсөтөт, деп кейийт илимпоз.

Буга карабай, “Ордо” көркөм фильми быйыл жайда Москвада болгон Эл аралык кинфестивалда Андрей Прошиндин режиссердук иши эң мыкты деп табылып, “Күмүш Георгий” сыйылыгы ыйгарылды. Ушундай эле сыйылыкка эң мыкты аял актриса - Тайдулла канышанын ролун аткарган Роза Хайруллинага да татыды.

Вадим Рудаков жана башкалардын баамында, “Ордо” монгол-татарлардын Орусия тарыхындагы ордун кара боёктор менен көрсөтүп, “монгол камытынан” бошонууда христиан-тарса дини залкар роль ойногон деген пикирди калыптандырганга умтулат.

Татар жазуучусу, тарыхчы Вахит Имамовдун айтышынча, “Ордо” мурдакы “Ярослав Мудрый” фильми сыяктуу эле Орусияны славян жана христиан калктуу мамлекет ирети даңктап көрсөтөт:

- Орус улутундагылар дайыма өздөрүн цивилизациялуу эл катары көрсөтүүгө аракеттенет. Өлкөдөгү башка улуттар “Ярослав Мудрый” же башка ушу өңдүү фильмдерге оңой менен ынашпайт. Алар татарларды эттен башка эч нерсе жебеген, бир жерден экинчи жерге көчүп жүргөн жапайы уруу катары көрсөтүшөт. Эң өкүнүчтүүсү - татарлар же Татар өкмөтүнүн эч нерсе кылбай жатканы.

1996-жылы Орусия телевидениеси Сибир хандыгын талкалап, миңдеген татарларды кырган Ермакты накта баатыр кылып сүрөттөгөн фильмди көрсөткөн. Ошондо Сибир татарлары “Ермак” фильминде тарыхый чындык бурмаланган деп жатып, аны кайра монтаждаганга жетишкен. Ага болбой “жапайы татарларды” орустарга багындыруу идеясы фильмде ачык байкалат. Православ динаятчысын “Ордо” фильминде Орусияны монгол-татарлардын запкысынан куткаруучу кылып көрсөтүү, Кремль жана Орус ортодокс чиркөөсү дале өлкөнүн азыркы абалы үчүн “монгол-татар эзүүсү күнөөлүү” деген түшүнүктөн айрыла албаганын айгинелейт, дейт татар журналисти Римма Бикмухамметова..

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG