Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:11

Залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун Москванын Переделкино кыштагындагы дачасы талашка түштү. Сот аткаруучулар жазуучунун мураскерлерине дачаны бошотууга 10-октябрга чейин мөөнөт берген. Айрым байкоочулар ал жайды тарттырып жибербестен, Чыңгыз Айтматовдун үй музейине айлантуу маселеси жазуучунун үй-бүлөсү менен мураскерлеринен бирдиктүү аракетти жана коомчулуктун колдоосун талап кыларын айтып жатышат.

Чыңгыз Айтматовдун пайдалануусуна 1988-жылдан тарта берилген, токой ичиндеги жыгач вилланы “Эл аралык Адабият кору” деген уюм талашып жатканын жазуучунун Москвадагы мураскерлери айтууда.

Өзүн жазуучунун келинимин деп тааныштырган Гүзөл Айтматованын “Азаттыкка” билдиргенине караганда, сот аткаруучулар аларга дачаны бошотуп, Айтматовдун буюм-тайымдарын чыгарып кетүүгө 10-октябрга чейин мөөнөт берди.

Бирок жазуучунун Москвадагы мураскерлери да ал тарыхый жайды Айтматовдун ысымына байланышкан бойдон сактап калуу үчүн укуктук жол менен күрөшүүдө:

- Быйыл январь айында алар соттун бизди чыгаруу боюнча жыйынын сырттан өткөрүшкөн, биз аны билген да эмеспиз. Биздин тосмо доо арызыбыз азыр ошол эле Виднов шаардык сотунун (Москва облусу) кароосунда жатат. Ал сот болсо биздин эле эмес, башка доогерлердин, жооп берүүчүлөрдүн иштерин “Эл аралык Адабият корунун” пайдасына чечип келүүдө.

Гүзөл Айтматова “Азаттык” менен маегинде жазуучунун дачасын талашкандардын эң биринчи кезекте көздөгөнү - ал жайгашкан жер тилкеси экендигин кошумчалады:

- Менимче, эң акыркы максат - бузуп (дачаны) сатып жиберүү. Айтматов дүйнөлүк масштабдагы адам эле да. Алар ("Эл аралык Адабият кору") ыңгайлуу учурду, ал жөнүндөгү эскерүүлөр бир аз азайсын деп күтүп турушкандай. Алгач келгенде сот аткаруучулар өздөрүн агрессивдүү көргөзүштү. Бизге көчүрүү жөнүндөгү токтом делген кагазды көргөзүштү. “Буюмдарыңарды жыйнап туруп алып кетебиз. Силер анан артыбыздан чуркап, "аларды кайтарып бергилечи” деп жалдырайсыңар" деген сөздөр айтылды.

Ал эми “Эл аралык Адабият кору” болсо жазуучунун көзү өткөндөн кийин туугандары дачаны кайтарып берүүсү зарылдыгын, кезинде ушундай макулдашуу болгонун жүйө тартып жатат.

Аталган кордун башчысы Иван Переверзин мындай дейт:

- “Эл аралык Адабий кордун” жетекчилиги тарабынан сотко өз жакындарынын атына жамынып алып, Переделкинодо мыйзамсыз жашап жаткандарды чыгаруу боюнча бир нече доо арыз жолдонгон. Сотто Чыңгыз Айтматов боюнча чыгаруу арызы уткан.

Айтматовдун Москвадагы мураскерлерин дачадан күч менен чыгаруу боюнча алгачкы аракет 17-сентябрда жасалган. Бирок жазуучунун мураскерлери анын уулу Санжар Айтматов 10-октябрга чейин командировкада жүргөнү жөнүндө аныктама, ошондой эле сот чечимине каршы доо арыз берилгени боюнча ырастама катты сот чечимдерин аткаруучу мекемеге өткөрүүгө үлгүрүшкөн. Мындан сырткары маселенин артка жылышына Орусиянын Коомдук палатасынын кийлигишүүсү да түрткү бергендей.

Бул палатанын өкүлү Константин Михайловду угалы:

- Коомдук палатанын атынан биз алардын (Эл аралык адабий кор) ашыкпоосун өтүндүк. Анча-мынча диалогдон кийин кетишти. Цивилизациялуу диалог жүргүзүү үчүн биз эртеси комиссиянын жыйынына чакырдык. Бирок комиссия отурумуна алардын эч кимиси келген жок.

Азыр Орусиянын Коомдук палатасы Эл аралык адабий кордун ишмердиги ал көздөгөн максатка канчалык шайкеш келер-келбесин текшерүүнү көздөөдө. Палатанын маданий комиссиясынын башчысы Павел Пожигайло “Интерфакс” агенттигине Айтматовдун дачасынын талашка түшүүсү ал жайгашкан жер тилкесинин наркы 4-5 миллион доллар тургандыгында жана ага кардар чыгып жаткандыгында деген көз карашын билдирген. Пожигайло белгилегендей, Коомдук палатанын маданият комиссиясы Переделкинодогу жазуучулар жана акындар шаарчасы азыркы калыбында, бузулбастан сакталуусун көздөйт.

Айтматовдун Переделкинодогу дачасынын бир көрүнүшү.

Айтматовдун Переделкинодогу дачасынын бир көрүнүшү.

Чыңгыз Айтматовдун келини Гүзөл Айтматованын “Азаттыкка” айтканына караганда, алар жазуучунун дачасы башка колго өтүп кетүү коркунучу астында турганын Москвадагы элчиликке кабарлашкан. Ал эми кыргыз бийлигинин дарегине жолдонгон катта Айматовдун 85 жылдык мааракесин Москвада белгилөөнүн алкагында бул жерди жазуучунун үй музейине айландыруу жагы айтылган:

- Музей Айтматовдун туулган күнүнүн 85 жылдыгына арналган программанын бир бөлүгү болушу керек. Музей жана башка иш-чаралар камтылган катты биз элчиликке тапшырганбыз. Ал жерден Тышкы иштер министрлигине кеткен. Азыр ал кат президент аппаратына жеткенин да айтып жатышат.

Жазуучу Муса Мураталиев кезинде Переделкинодо Айтматов менен коңшу турган. Ал “Азаттык” менен маегинде учурда ич ара төрт-беш топко бөлүнүп кеткен орус жазуучуларынан дачаны музейге айлантуу демилгесинде колдоо алуу үчүн Айтматовдун үй-бүлөсү менен мураскерлеринин бирдиктүү аракети талап кылынарына токтолду:

- Эгерде Айтматовдун музейин жасайбыз дешсе, жазуучунун бүлөөсү биригип туруп жасаш керек. Менин билишимче, бир жактуу болуп жатат да. Негизинен Санжардын (жазуучунун улуу уулу) кызы аракет кылып жаткандай. Чыңгыздын жубайынын көзү тирүү турса, бери жактан үчүнчү муундагы кишилер талашып чыкса, бул жазуучулар арасында алар буга өздөрү туруш үчүн умтулуп жатат деген пикир жаратууда. Андыктан эгер Мария (жазуучунун жубайы) өзү баштап, Санжар, Ширин баары киришсе иш оңунан чыкмак. Анан бул маселеге коомчулукту да тартыш керек. Анткени Орусия деген Орусия да. Талкууга коомчулукту да аралаштырса, оң жыйынтык чыкмак.

Чыңгыз Айтматовдун кызы, Жогорку Кеңеш депутаты Ширин Айтматова “24.кг” агенттиги менен маегинде атасына совет доорунда, убактысынча берилген дачаны эми көзү өткөндөн кийин алып коюшу мүмкүндүгүн, башка өлкөнүн аймагында болгондуктан ага кийлигише алышпасын айткан.

Быйыл 1-июлдан тарта Москванын Новомосковский округуна карап келген Переделкинодогу дачалар анын мурдагы ээлеринин үй музейине айландырылган мисалдар бар. Маселен акын жана жазуучу Борис Пастернактын, акын, композитор Булад Окуджаванын, акын, жазуучу Корней Чуковскинин, акын Евгений Евтушенконун дачалары азыр музей болуп турат.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG