Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:55

Венгрия: Путиндин келгени мажарларга жакпады


Орус президенти Владимир Путиндин Венгриянын өкмөт башчысы Виктор Орбан менен жолугары прессанын башкы темасына айланды. Венгрия. 2015
Орус президенти Владимир Путиндин Венгриянын өкмөт башчысы Виктор Орбан менен жолугары прессанын башкы темасына айланды. Венгрия. 2015

17-февралда Орусия президенти Владимир Путин Венгрияга расмий сапар менен барды. Бул сапарды утурлай миңдеген мажарлар Путинди нааразылык акциясы менен тосуп алды. Путиндин Будапештке барышы - Батыш менен Орусиянын мамилеси начарлагандан тарта Евробиримдикке мүчө өлкөгө жасалган алгачкы расмий сапар болду.

Орус президенти Владимир Путиндин Венгрияга сапары башка учур болгондо катардагы сапар катары кабыл алынмак. Бирок Батыш менен мамилеси начарлап турганда Путиндин Будапештке барышы геосаясий бир өзгөчө окуяга айланды.

Анын үстүнө Владимир Путиндин сапарынын алдында Будапешттин эки миңден ашуун тургуну калаа чыгышындагы вокзалдан батыш тараптагы вокзалды көздөй жөө жүрүш уюштурушту. Бул акция - мажарлардын Чыгыш менен эмес, Батыш менен мамилени сактоо аракети деп түшүндүрүлдү.

Акцияга чыккандар өкмөт башчы Виктор Орбанды өлкөнү путиндештирүүнү токтотууга чакырышты. Акциянын уюштуруучуларынын бири Мартон Гуляш Путиндин сапарына каршылыгын мындайча түшүндүрдү:​

Акциядан бир көрүнүш
Акциядан бир көрүнүш

- Биз падышачылыкка 1989-жылы “жок” деп айтканбыз. Биз диктатурага каршы чыгып, системаны өзгөрткөнбүз. Азыр эркин элбиз жана өз чечимибизди өз алдынча, антидемократиялык жетекчи катары таанылган Путиндин кийлигишүүсүз кабыл алгыбыз келет.

1980-жылдардын аягында антисоветтик позициясы менен таанымал болгон Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан учурда орус президенти Владимир Путинге ылым санаган европалык лидерлердин бири. Орбандын Орусияны жактаган туруму анын Батыштагы имиджин дагы начарлатты. Ал өткөн жайда Венгрияны Орусия менен Түркиядай «либералдуу эмес» демократиялуу өлкө болот деп элестетерин айткан эле.

Байкоочулар Путин Орбанга Евробиримдиктин өз өлкөсүнө киргизген санкцияларына каршы турууга үгүттөшү мүмкүн экенин айтышууда.

Виктор Орбандын оппозиция тарткан карикатурасы
Виктор Орбандын оппозиция тарткан карикатурасы

Саясат таануучулар Путин Будапештке барып, Евробиримдикте дале болсо Орусиянын достору бар экенин көрсөтүүнү көздөп жатканын билдиришти. Ал эми Венгриянын премьер-министри муну менен эмнени көздөйт? Бул суроого Political Capital аналитикалык борборунун жетекчиси Петр Креко төмөнкүдөй жооп берди:

- Виктор Орбан Орусия менен мамилени сактоо менен төмөнкүлөрдү көздөйт: биринчиси - Орусия менен жакшы мамиле Евробиримдиктин алкагында да ага көбүрөөк эркиндик берет. Орбан “каршы тарапта да” абдан сыйлуу мейман экенин көрсөткүсү келүүдө. Экинчиси - энергетика. Газ боюнча келишимдин мөөнөтү быйыл бүтөт. Аны кайрадан түзүү керек. Орбандын саясатынын өзөгүн арзан баада газ алып, коммуналдык кызматтарга тарифти төмөндөтүү түзөт.

Чындыгында эле Владимир Путиндин Будапештке сапары маалында энергетикалык кызматташтыкка өзгөчө көңүл бурулары күтүлүүдө. Орус президентинин кеңешчиси Юрий Ушаковдун айтымында, сапар жүрүшүндө орус газын Венгрияга жеткирүү боюнча сүйлөшүү жүрөт.

Путиндин Будапештке сапары маалында энергетикалык кызматташтыкка өзгөчө көңүл бурулары күтүлүүдө.
Путиндин Будапештке сапары маалында энергетикалык кызматташтыкка өзгөчө көңүл бурулары күтүлүүдө.

​Өткөн жылдын декабрында Орусия Европа биримдигинин каршылыгынан улам "Түштүк агым" газ долбоорунан баш тарткан.

“Түштүк агым” - Кара деңиз аркылуу Европанын Болгария, Греция, Италия, Сербия, Венгрия жана Австрияга газ жеткирүүнү пландаштырган долбоор эле. Аны Венгрия кызуу колдоп келген.

“Түштүк агым” ишке ашпай калган соң Венгриянын премьер-министри Орусия менен көгүлтүр отту сатып алуу боюнча узак мөөнөттүү келишим түзүүнү көздөп калганы айтылууда. Буга чейинки келишим мөөнөтү быйыл аяктайт.

Виктор Орбан былтыр Москвага сапары учурунда Орусия менен 10 миллиард евролук келишимге кол койгон. Ал документке ылайык, Венгриядагы жападан жалгыз Пакш АЭСинин жаңы блокторун курууга Орусиянын “Росатом” мекемеси көмөктөшмөкчү.

Владимир Путиндин келишине каршы акцияга чыккандар. 17-февраль. Венгрия.

  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кеңсесинин кызматкери, журналист. 2011-жылы Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Коммуникация факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG