Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:43

Орусиялык активист абактан чыкты


Ильдар Дадин абактан бошонгон кезде.
Ильдар Дадин абактан бошонгон кезде.

“Путиндин фашисттик режимине каршы күрөшүүнү улантам” деди эки жылдан ашык абакта отуруп, жекшембиде боштондукка чыккан орусиялык активист Ильдар Дадин.

Саясий активист Ильдар Дадин массалык иш-чараларды өткөрүү боюнча мыйзам талаптарын бир нече жолу бузган деп табылып, 2015-жылы үч жылга эркинен ажыратылган болчу.

Жекшемби күнү эртең менен Алтай крайына караштуу Рубцовск шаарындагы №5 түрмөнүн алдында Ильдар Дадинди жубайы, “Яблоко” партиясынын жергиликтүү активисттери жана ондой журналист күтүп турушту.

- Мен бул жерден аялым менен карындашымды эле көрөм го деп ойлогом. Мен таза адамдардын колдоосу менен аман калдым. Аларды жакшы көрөөрүмдү жана ыраазычылыгымды айткым келет. Орусияда жарандык коом жок дешет, бирок мен ал бар, ал дүйнөлүк коомчулуктун бир бөлүгү деп ойлойм. Орусиянын бардык жеринде эле кыйноолор болуп жаткан жок, - деди абактан чыккан орусиялык активист Ильдар Дадин.

Ошондой эле буга чейин аялы Анастасия Зотованын “Ильдар Дадинди кайрадан камап коюшу мүмкүн, үй-бүлөбүз менен өлкөдөн чыгып кетүүнү каалап жатам” деген пикири боюнча да оюн айтты:

- Биз муну дагы талкуулайбыз. Мен жок дегенде бир ай, болбосо жарым жыл эс алууну каалайм. Анан албетте Орусияда адам укугунун сакталышы үчүн күрөшөм. Мен катарга кошулгум келет. Орусияда Сталиндин мезгилиндегидей репрессиялардын кайтып келбеши үчүн жанымды берүүгө даярмын. Путиндин режимине каршы күрөшүмдү улантам.

Ильдар Дадиндин абактан бошоп жаткан учуру.
Ильдар Дадиндин абактан бошоп жаткан учуру.

Дүйшөмбүгө караган түнү Ильдар Дадин Барнаулдагы өз үйүндө кабарчылар менен жолугуп, түрмөдө кыйноого кабылганы жөнүндө кенен айтып берди:

- Эки күн дааратканага башты тыгуу сыяктуу ыкмалар менен кыйнашты, эки күн эртең мененки, кечки текшерүүдө сабап жатышты. Түрмөдөгү ар кандай мыйзамсыз эрежелерге баш ийбесең дааратканага башыңды тыгуу, асып коюу сыяктуу кыйноолор болот. Балким зордуктоо дагы болушу мүмкүн. Менин оюмча ал жерде зордуктоо дагы болгон болушу керек. Бирок бул айтылбайт.

Орусиянын Жогорку Сотунун президиуму 22-февралдагы чечими менен буга чейинки Ильдар Дадинге чыккан сот өкүмдөрүн жокко чыгарып, ал абактан чыгууга жана акталууга укуктуу экенин белгилеген. Жогорку Соттун чечими акыркы чечим болгондуктан өзгөртүлбөйт. Дадиндин адвокаттары орус өкмөтүнөн компенсация талап кылуу маселеси чечиле электигин билдирди.

Саясий активист Ильдар Дадин массалык иш-чараларды өткөрүү боюнча мыйзам талаптарын бир нече жолу бузган деп табылып, 2015-жылы Москванын Басман соту тарабынан үч жылга эркинен ажыратылган. Апелляциялык арыздануулардан кийин анын абак мөөнөтү алты айга кыскартылып, 2,5 жыл деп белгиленген. Карелия регионунда абакта кармалган Дадин ал жерде уруп-сабоого кабылганын арызданып, өткөн жылы Алтай аймагындагы абакка которулган эле.

“Мемориал” укук коргоо уюму Ильдар Дадинди саясий туткундардын тизмесине киргизген. Аны бошотуу талабы менен Орусияда бир нече акцияларды өткөрүшкөн. Ильдар Дадин 2011-жылдардан баштап азыркы бийликке каршы ар кандай акцияларга катышып жүргөнү менен таанымал.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

XS
SM
MD
LG