Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:13

ӨКМ: атайын эсепке 2 млн 300 миң сомдон ашуун акча түштү


 Банк эсеби
Банк эсеби

Авиакырсыкта жабыркагандар үчүн Өзгөчө кырдаалдар министрлиги ачкан атайын банк эсебине 18-январь, түшкү саат бирге карата 2 миллион 395 миң 659 сом түштү. Акча топтоо уланууда. Эсеп жогоруда көрсөтүлгөн.

Каалоочулар атайын эсепке сом, доллар, теңге, евро, рубль, юань жана башка түрдө каражат которсо болот. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Каржы, бухгалтердик эсеп жана отчеттуулук башкармалыгынын жетекчиси, подполковник Алмаз Эргешов топтолгон акча үчүн жооптуу.

Эки күн ичинде Бишкекте элден 10 тоннадан ашуун гуманитардык жардам чогултулду. Кабыл алуу түйүндөрү иштеп жатат.

Андан тышкары, башка аймактарда жана Алматы шаарында да гумжардам түйүндөрү ачылган. (SE)

XS
SM
MD
LG