Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:17

Хакерлер тобу Украинадагы жаңжалды чагылдырган жана Орусиянын саясатына каршы көз карашты карманган журналисттердин тек-жайын интернетке жарыя кыларын билдиришүүдө.

Бул тууралуу маалымат blackhacker.ru сайтында жарыяланды. Хакерлердин чабуулуна алгачкылардан болуп Uznews.net сайты кабылды.

Орусияга карата киргизилген санкцияларга хакерлер тобу каршы экени, Uznews.net интернет сайтынын баш редакторунун электрондук почтасын бузушканы айтылган маалымат blackhacker.ru сайтына жарыяланды. Мындан сырткары хакерлерде маал-маалы менен интернетке жарыялап турчу бир топ маалымат бар экени айтылат.

Ошондой эле Uznews.net сайтында Украинадагы кырдаал тууралуу көп жазган жана Орусиянын саясатына каршы пикирдеги журналисттердин тек-жайы интернетке жарыяланары да эскертилет. Атын атагысы келбеген кибер коопсуздук боюнча адис мындай "операциянын" максатына мындайча токтолду:

- Бул хакерлер тобунун пайда болгонуна көп эле болуп калды. Беш жыл мурда, 2009-жылы алар тууралуу алгачкы маалыматтар чыга баштаган. Алардын арасында маалымат коопсуздугун билген мыкты адистер бар деп айта албайм. Бирок бул багытта кызмат көрсөтүп келишет.

Uznews.net Өзбекстандын жашоо-турмушун орус тилинде жазган жалгыз сайт. Ал буга чейин бир нече жолу хакерлердин чабуулуна кабылган. Сайттын баш редактору, “Журналисттик эрдик үчүн” сыйлыгынын ээси Галима Бухарбаева белгисиз адамдардан коркутуп-үркүткөн СМСтерди көп эле аларын билдирет. Ал эми бул жолку чабуулга туш болгону тууралуу төмөнкүлөрдү айтты:

- Хакерлер бузган электрондук почтамда жеке менин эле каттарым эмес, жумушка байланыштуу да абдан көп маалыматтар бар эле. Азыр хакерлер кара өзгөйлүк менен биздин сайттын ишине кедергисин тийгизе турган маалыматты жарыялап жатышат. Бул биздин сайт үчүн да кооптуу. Менин кат алышууларымды уурдап алгандар өздөрүн blackhacker тобуна кирген орусиялык хакерлер экенин айтышууда.

Өзбекстандын жашоо-турмушун чагылдырган сайт орусиялык хакерлер тобуна эмнеси менен жакпай калды? Бухарбаева буга сайттын Украинадагы кырдаал тууралуу жарыялаган макалалары жана Uznews.net сайтынын позициясы себеп болушу ыктымал дейт.

- Алар мени жана биздин сайтты Батыш саясатын колдойт деп ойлошот. Өзгөчө орусиялыктарга биздин Украина боюнча жазгандарыбыз жакпай калды көрүнөт. Анткени бул окуя биздин бардыгыбызга тиешелүү экенин, Москва биздин көз карандысыздыгыбыз башынан эле жалган, же аты эле болгонун белгилеп жатканын, чыныгы эгемендикти самагандар Украинанын абалына түшө турганын жазганбыз.

blackhacker.ru сайты Өзбекстанда Uznews.net үчүн иштеген журналисттердин аты-жөнүн жарыялаган. Бухарбаева бул кандайдыр бир деңгээлде кооптондуруп турганын кошумчалайт. Эгер бийлик аты-жөнү жарыяланган журналистти камоону, жоопкерчиликке тартууну кааласа, бул аларга жакшы мүмкүнчүлүк түзүп берди деп эсептейт башкы редактор.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG