Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:40

Ходорковский Орусияны Европа сотунда жеңди


Ходорковский менен Лебедев Москва шаардык сотунда, 24-май, 2011-жыл
Ходорковский менен Лебедев Москва шаардык сотунда, 24-май, 2011-жыл

Адам укуктары боюнча Европа соту орусиялык ишкер Михаил Ходорковскийди камакка алууда анын укуктары бузулган деген бүтүмгө келди. Ошол эле маалда сот ЮКОС компаниясынын мурдагы жетекчилеринин ишин саясий деп тааныган жок. Орусия эми Ходорковскийге моралдык зыян үчүн дээрлик 25 миң евро төлөп берүүгө милдеттендирилди.

Ошентип Страсбургда жайгашкан Адам укуктары боюнча Европа соту орусиялык ишкердин арызын жарым жартылай канааттандырды. 31-майда Ходорковскийдин 2004-жылы берген биринчи арызы каралган.

- Биз бул күндү 7 жылдан бери күткөн элек. Европа сотунун чечимин кубаттайбыз жана ага ыраазыбыз, - деди адам укуктарын коргогон адвокат Каринна Москаленко.

Орус бийликтери ЮКОС мунай компаниясынын ошол кездеги жетекчисин камакка алууда анын укуктарын бузган деген сот, бул иштин саясий жүйөсү бар деп таануудан баш тартты.

Бир кездери Орусиянын бай адамдарынын бири болуп саналган Ходорковский 2003-жылы кармалган. Бизнес боюнча шериги Платон Лебедев экөөнө "компаниянын кагаздарын бурмалоо", "салык төлөөдөн качуу" деген айып тагылып, былтыр декабрда болгон экинчи сот процессинде түрмө мөөнөтү 2017-жылга чейин узартылган.

Ходорковский жана тарапкерлери аны саясий дымагын басаңдатуу жана ошол кездеги президент Владимир Путинди сындагандыгы үчүн кармашканын ырастап келатышат.

Сот Адам укуктары боюнча Европа конвенциясынын 3 жана 5-беренелери бузулган, атап айтканда, Ходорковскийди алдын ала камакка негизсиз алышкан жана ал убактылуу кармоочу жайда адам чыдагыс шартта кармалган деп тапты.

Орусия 3 айдын ичинде моралдык зыян жана соттук чыгымдар үчүн ага 24 миң 543 евро төлөп берүүгө милдеттендирилди. Бирок соттун бул чечимин бийлик талаша алат.

Ходорковский адегенде кылмыш иши боюнча күбө катары сотко келбей койгондугу үчүн камакка алынган.

Страсбург соту тергөөчүлөр аны жөнөкөй күбө катары эмес айыптуу катары көргүсү келишкен, андыктан күнөөнү ушундай тездик менен тагышкан деген тыянакка келди.

Судьялар ишкерди сотко чейин убактылуу кармоочу жайда кармоо мөөнөтү эки ирет жүйөсүз узартылганын да эске алышты.

“Ходорковский мырзанын иши орус бийлиги аны соттоо менен кандай максатты көздөшкөн деген күмөн саноолорду пайда кылат. Иштин артында саясий жүйө турат деп так айтуу үчүн күчтүү далилдер керек, бирок алар бизге берилген эмес”, - деп айтылат соттун чечиминде.
2007-жылы ушул эле сот Платон Лебедев камакка мыйзамсыз алынган деген бүтүмгө келгени менен, анын ишинде эч кандай өзгөрүүлөр болгон эмес. Соттун бул чечими да Ходорковскийдин иши кайра каралып чыгат дегенге жатпайт. Ошентсе да экс-магнат үчүн бул чоң жеңиш болду.

30-майда адвокаттар Ходорковский менен Лебедев мөөнөтүнөн мурда бошотуу өтүнүчүн жолдошконун билдиришти. Алар экинчи сот иши боюнча берилген 13 жылдын жарымын абакта өткөрүшкөнүн жүйө катары келтиришүүдө.

24-майда Москва шаардык соту ишкерлердин экинчи иши боюнча өкүмүн тастыктап, бирок түрмө мөөнөтүн 14 жылдан 13 жылга кыскарткан.

Экөө тең аларга тагылган айыптарды мойнуна алуудан баш тартып келатышат. Айрым юристтер болсо мөөнөтүнөн мурда бошотуу үчүн күнөөнү моюнга алуу дээрлик шарт экенин эске салып, арыздары канааттандырылбашы мүмкүн дешет.

XS
SM
MD
LG