Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:55

Орусияда 118 деңиз аскеринин өмүрүн алган "Курск" атомдук кемеси кабылган кырсыкка он беш жыл толду.

Өлкөдө бүгүн 118 деңиз аскеринин өмүрүн алган бул кырсыктын курмандыктарын эскерген иш-чаралар өттү. Бирок 15 жылдан кийин өлкөдө кемедегилерди сактап калууда бийлик жетиштүү чара көргөн эмес деп эсептегендердин саны алгачкы жылдарга караганда кыйла азайганы байкалды. Эксперттер мунун себебин мамлекеттик телеканалдардын таасиринен көрөт.

Өзгөргөн көз караш

2000-жылы "Курск" автомдук кемеси кабылган апаат Владимир Путиндин президенттигинин алгачкы жылына туш келген. Кемени куткаруу чаралары үзгүлтүккө учурашы журт ичинде Путинге карата нааразылыктарды күчөткөн.

2000-жылы 12-августта Баренцово деңизиндеги аскерий машыгуу учурунда Орусиянын эң мыкты делген суу астында жүрчү “Курск” атомдук кемеси чөгүп кетип, 118 моряк курман болгон. Москва бир топ убакытка чейин тыш өлкөлөрдүн жардамынан баш тартып, кемени белгисиз чет элдик кеме сүзүп чөгүп кеткен деп актанган. Бирок бул маалымат тергөөнүн жүрүшүндө четке кагылган. Өкмөттүк комиссия кеме тумшук жак ичинде торпедо жарылып чөккөн деген жыйынтыкка келген.

Социлогоиялык изилдөөлөрдү жүргүзгөн “Левада” борборунун ошол кездеги сурамжылоосуна тартылган орусиялыктардын 72 проценти бийликтер кемедеги аскерлерди сактап калуу үчүн жетиштүү чара көргөн жок деп эсептээрин айтышкан эле. Аталган борбордун 15 жылдан кийинки ошондой эле сурамжылоосу антип ойлогондордун саны кескин азайып, азыр суралгандардын 35 пайызы гана бийлик колдон келген аракетин жасаган эмес деп айткан. Мындан тышкары сурамжылангандардын 40 пайызы бийликтин ошол кездеги аракетин колдогон. 15 жыл мурда бул көрсөткүч 23 пайызды түзгөн эле.

“Левада” борборунун директору, белгилүү социолог Лев Гудков бул окуя боюнча көз караштар өзгөрүшүн мамлекеттик телекөрсөтүүдөгү пропаганда таасиринин жыйынтыгы деп эсептейт: "Мамлекеттик телеканалдарда "Курск" кырсыгы эле эмес башка да ушундай кайгылуу окуяларды эске салып, бийликтин ага жоопкерчилигин талкуулап турганга жол берилбейт. Кыскача айтканда, "көз түшпөсө, көңүл да түшпөйт” дегендей кеп".

Гудков жаштар арасындагы сурамжылоо ушуну ырастап турганын, 2000-жылы респонденттердин 6 пайызы гана суроого жооп берүүдө кыйналып турганын айтса, азыр андайлар 26 пайызга жеткенин кошумчалады.

Азыр Орусиядагы негизги телеканалдардын баары Кремлдин көзүн карап калган. 2000-жылдары маалыматтык телеканалдарда өз үнү, өз көз карашы бар эле. Маселен ошол кезде магнат Владимир Гусинскийдин колундагы НТВ каналы Кремлдин аракеттерин сындап келген. Путин бийликке келгенден кийин НТВ сыяктуу сын айткан телеканалдардын баары ооздукталды. Байкоочулар мындай аракеттин баары ошол "Курск" апаатынан кийин башталганын белгилешет.

Маселен, ошол кырсыкта курман болгон деңиз аскерлеринин жакындарынын адвокаты Борис Кузнецов "Курск" апаатынан тарта калп айтуу башталганын, ал Путиндин алгачкы калпы болгонун айтат:

- "Курсктун" кыйрашы менен калп айтуу башталган. Ошол кырсыктан кийин бийлик сот жана укук коргоо системасына кийлигише баштады. Өкмөт маалымат каражаттарынын баарын бир колго чогултуп, көзөмөлгө ала баштады. Кыскасы Орусияда демократия жараяндарынын кыйрашы дал ушул окуядан кийин башталды.

67 жаштагы адвокат Борис Кузнецов АКШдан баш калка алып, соңку бир канча жылдан бери ушул өлкөдө жашайт. Ага Орусияда мамлекеттик сырды ачкан деген айып тагылып, издөө жарыяланган.

Кечиккен куткаруу

Адвокат болуп эле тим болбой, бул кырсыктын чоо-жайын иликтеген китебине окуянын хронологиясын келтирген Борис Кузнецов ошол учурда президент Путин башкы командачы катары кеме кырсыгына алып келген машыгууга көңүл бурбаган деп эсептейт:

- "Курск" кемеси катышкан машыгуу Орусиянын постсоветтик тарыхында аскер-деңиз флотундагы эң ири машыгуу эле. Путин башкы командачы катары ага катышпаса да анын маани-маңызын түшүнүп, ал канчалык тыкыр уюшулганын карап турушу керек эле. Ал адистердин, флоттун командачылыгынын докладдарын угуп турууга милдеттүү эле. Ал ушунун баарын жасаш керек болчу, бирок жасаган эмес.

Президент Путин кырсык баскан ошол күндөрү эс алууда эле. Бирок бул кырсыктан кийин деле эс алуудан дароо кайткан эмес. Апааттан он күндөн кийин гана Видяево деңиз портуна барып, курман болгон аскерлердин жесирлери жана жакындары менен жолугушкан. Ошондо тартылган тасмада анын жан сакчылары кайгыга уугуп, кармана албай ызы-чуу салган аялдарды басууга аракет жасап жатканы көрүнөт.

Путин азалуу аялдар менен жолугушууда. Видяево, август, 2000-жыл.

Орусиянын андагы ОРТ телеканалынын кабарчысы, таанымал журналист Сергей Доренко да дал ушул Видяево гарнизонуна барып, кеме кырсыгы тууралуу атайын берүү даярдап келген соң ызы-чуу менен аталган телеканалдан иштен кеткен.

Канткен менен Баренцово деңизиндеги бул кырсык Орусияда куткаргыч кемелер жетишсиз экенин да көрсөткөн. Москва болсо бир топ убакытка чейин тыш өлкөлөрдүн жардамынан баш тартып, айласы кеткенде гана макул болгон. Ошондон соң издөө иштерине киришкен британиялык жана норвегиялык адистер 20-августта кемени таап, анын ичинде тирүү жан калбаганын аныктаган.

Адистер эгер кеме токтоосуз куткарылганда андагы аскерлердин бир тобун аман алып калууга мүмкүн болмоктугун айтып келишет.

Курск дүйнөдөгү эң чоң чабуул жасачу ядролук кеме болчу. Деңизде сүзүү тартибине ылайык кеме менен 1 саат байланыш болбосо эле, ал жоголду деп жарыяланууга тийиш. Бирок Орусия жетекчилиги кеме кырсыкка кабылганын 11 сааттан соң гана мойнуна алган.

  • 16x9 Image

    Шайырбек Эркин уулу

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, интернет редактор. Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG