Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:22

Учак кыйраган конушта издөө иштери токтотулду


Издөө иштери үч күн бою жүрдү.
Издөө иштери үч күн бою жүрдү.

Бишкектин четиндеги учак кулаган Дача конушунда издөө иштери аягына чыкканын өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов бүгүн маалымат жыйынында билдирди. Кырсык кесепеттерин жоюу жумуштары улантыла берет.

Апааттан 19 үй толугу менен кыйрап, бир катар турак-жай талкаланган. Үйсүз калгандар өкмөттүн чечими менен Бишкектеги “Семетей” мейманканасында баш калкалап жатышат.

Расмий маалыматтарга караганда, 38 кишинин өмүрүн кыйган кырсык учурунда айылда 130 адам болгон. Мерт кеткендердин төртөө экипаж мүчөлөрү, калгандары жашоочулар. Набыт болгондор арасында 17си балдар. Баарынын тек-жайы такталган. Ондон ашуун киши жараат алган.

Гонконг-Стамбул багытындагы “Боинг-747-400” жүк учагы 16-январда эртең менен “Манас” эл аралык аэропортуна жакын Дача конушуна кулаган. Расмий билдирүүдө учак май куюу жана экипаж алмаштырууну көздөп конуп жатканда кырсыкка кабылганы айтылат. Ошондой эле учак жүктү Бишкекке алып келатканы тууралуу маалыматтар бар. (SE)

XS
SM
MD
LG