Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:19

Укук коргоочулар УКМК камагындагы жаран менен жолуга алышпады


Иллюстрация
Иллюстрация

Укук коргоочулардын Улуттук коопсуздук кызматында кыйноого кабылган жаран менен жолугушууга жасаган аракети майнапсыз болду. “Кылым шамы” уюмунун төрайымы Азиза Абдирасулова билдиргендей, жолугушуу боюнча берилген кайрылууга эки сааттык күттүрүүдөн соң “уруксат эмес” деген жооп берилди.

Омбудсмен институту Токмок шаарынын тургуну атайын кызматтын тергөө абагында кыйноого кабылганы тууралуу билдирген соң, Кыйноолорго каршы улуттук борбордон, “Эркиндик үнү” жана “Кылым шамы” уюмдарынан адистер келип, күндүз саат экиде УКМК жетекчисине кайрылуу беришкен. Анда кыйноого кабылганы айтылган жаран менен жолугушуу тууралуу өтүнүч келтирилген.

- Кыйноолорго каршы мыйзамда укук коргоочулар кайсыл гана убакытта болбосун жабык жайларга эскертүүсүз кирүүгө, кыйноого кабылганы айтылган жарандар менен жолугушууга акылуу. Бул эреже сакталбай жатат. Бизге берилген жоопто “бир күн мурун маалымдалышы керектигин” айтылууда. Андан тышкары, тергөө абагы Улуттук коопсуздук комитетинин имаратынын ичинде жайгашканы да мыйзамсыз. Кызматкерлер бизди УКМКга киргизбей коюу менен абакка кирип чыгуубузга жол бербей жатышат. Ошондуктан, тергөө абагы атайын кызматтын имаратынан башка жерде болууга тийиш,- дейт Абдирасулова.

УКМК бул боюнча комментарий бере элек. (SE)

XS
SM
MD
LG