Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:25

Москвада мекендештерин көчөдөн талап-тоноп, жашаган батирине чейин кирип барып карактаган кыргызстандыктардын уюшкан кылмыш топтору пайда болду.

Айрымдар муну Орусиядагы экономикалык кризистен улам пайда болгон жумушсуздук менен байланыштырса, кээ бирлери Кыргызстандан агылган криминалдык топтордун мүчөлөрү деп айтышууда.

Бетине чүмбөт кийген куралдуу адамдар Назгүл жашаган Москвадагы батирди тоноп кеткен. Алар "батир издеп келдик” деп кыргызча сүйлөп келгенин айтып отурду:

- Кыргыз бала "батир издеп жүрөм" деген. Биз жокто кошунабыз эшикти ачкан экен бычак, пистолет көтөргөн чүмбөтчөн төрт киши кирип келиптир. Аны эки сааттай кармап отурган. Биздин алдыбызда чогуу жашаган эки бала, алардын артынан биз, үчөөбүз билбей эле келгенбиз. Босогодон аттаганда эле ашканадан экөө чыкты. Бычак менен пистолет такап, "дымыңарды чыгарбагыла" дешти. Уюлдук телефон, акчаны кой, кийим-кече, ашканадагы азык-түлүккө чейин көтөрүп кетишти.

"Кыргыздар кылмышка жакын экенсиңер, дүкөндү дагы тоноп кетишиңер мүмкүн" дептир жумуш берүүчү. "Бир карын майды бир кумалак чиритет” дегендей, алардын кесепети башкаларга да тийип жатат.

Батирге бастырып кирип, алты адамды пистолет менен коркуткан 20-25 жаштагы эргулдар тамак-аштан баштап, аялдардын ооз боёгуч, упа, бетмайына чейин алып кеткен.

Ал эми тонолгон мигранттар полицияга арыз жазбастан, эртеси эле батир которуп, көчүп кетишкен.

“Айкөл Манас” спорт клубунун тренери Нургазы Амиракулов Москвада мындай кылмышка кесиптик билими жок, жумушка орношо албай жүргөн жаштар барат деген пикирде:

Нургазы Амиракулов мушкер Сергей Харитонов менен.

Нургазы Амиракулов мушкер Сергей Харитонов менен.

- Мындай кылмышка баргандардын көбү иши жок, көчө таптап жүргөндөр. Булар ата-энесин, туугандарын деле жыргатпайт. Кыргызстанда криминал чөйрөнүн таасири күч. Эң жакшы унаа мингендер, төргө отуруп сый көргөндөр – кылмышкерлер. Криминалды кысып, жаштарга таалим-тарбия берүүнү күчөтүү керек.

Соңку кезде кыргызстандыктардын кылмышка көп аралашып жатканы тууралуу маалыматтар көбүрөөк чыга баштады. Адистер бул орусиялык иш берүүчүлөрдү чочутуп, атургай коомчулукта кыргыздарга каршы улутчулдук маанай жаралышы мүмкүн деп чочулашат.

“Мигранттарды колдоо” борборунун башчысы Чолпон Осмонова:

- Иштейм дегендер иштеп эле жүрөт. Орус тилин билбегендер, иштин көзүн таппагандарга чоң шаарда кыйын эле. Белгилеп кетейин дегеним, бир-эки дүкөндө кыргызстандыктарды жумуштан кетирген фактылар болууда. Мына менин алдымда азыр 15 адам отурат. "Кыргыздар кылмышка жакын экенсиңер, дүкөндү дагы тоноп кетишиңер мүмкүн" дептир жумуш берүүчү. "Бир карын майды бир кумалак чиритет” дегендей, алардын кесепети башкаларга да тийип жатат. Эми ушундайлар айынан кыргызга кол көтөргөндөр чыгышы мүмкүн.

Орусияда кылмышкерлерден жабыркаган мигранттар полицияга сейрек кайрылат. Документти текшертүү, полицияда көп убакыт отуруу убарасы аларды кылмыш болгонун жашырып коюуга түртөт.

Документ текшерүү убарасынан кийин мигранттар полицияга кайрылуудан качат. Рейд учурунда кармалган мигранттар. 2013-жыл

Документ текшерүү убарасынан кийин мигранттар полицияга кайрылуудан качат. Рейд учурунда кармалган мигранттар. 2013-жыл

Кыргызстандын ИИМнин Москвадагы коомдук өкүлү Кубанычбек Осмонбеков мигранттардын мындай мамилеси тескерисинче, кылмыштуулуктун өрчүшүнө себеп болуп жатканын белгилейт.

- Жарандарыбыз полицияга кайрылып, арыз жазгандан коркушат. Биринчиден, мыйзамды, экинчиден өздөрүнүн укуктарын билишпейт. Өз укуктарын жакшы билип, полиция бөлүмдөрүнө кайрылып, тийиштүү арыз жазса, бул кылмыштардын саны азаймак. Бирок документ текшерүүдөн корккон мигранттар кайрылбай жатпайбы. Алар ашыкча убакыт коротууну дагы каалабайт.

Орусиянын федералдык миграция кызматынын соңку маалыматында, Орусиядагы кыргызстандыктардын саны 560 миңден ашуун. Ал эми ар кандай кылмыш иштери боюнча айыпталып, орус абактарында жаза өтөп жаткандар саны 1500 миңден көп. Алардын басымдуусу уурулук жана каракчылык үчүн соттолушкан.

  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде окуйт. К.Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетин бүтүргөн. 

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG