Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:56

Орусияда чет элдик мигранттарга жаңы үлгүдөгү патент январдан тарта бериле баштады. Жаңы патент алган мигрант эки ай ичинде Федералдык миграция кызматына иш берген тарап менен түзгөн эмгек келишиминин көчүрмөсүн жиберүүсү керек.

1-январдан тарта Орусиянын миграциялык мыйзамдарына ылайык, жаңы үлгүдөгү патент алып ишке кирген мигранттар эки ай ичинде Федералдык миграция кызматына эмгек келишиминин көчүрмөсүн тапшыруусу керек.

Көрсөтүлгөн мөөнөттө жумуш таап, эмгек келишимин жибербеген мигранттардын патенти жараксыз болуп таанылат. Эмгек мигранттарына эмгек келишимин алуу канчалык жеңил, буга иш берүүчүлөр кызыкдарбы?

Акылбек Боромбаев жаңы үлгүдөгү патентти колуна алып сүйүнүп турган чагы. Келинчеги экөөнүн документтерине жалпысынан 30 миң рублдан ашык чыгым кетсе да, «буюрса ишке кирип алсак, акталат» деген үмүтү чоң. Эми алдыдагы дагы бир маселе – Орусиянын мыйзамдарынын чегинде ишке алып, эмгек келишим түзө турган жумуш берүүчүнү табуу.

Москвадагы мигранттар

Москвадагы мигранттар

- Бул маселе боюнча мен өзүм да ойлонуп турам, чындыгын айтканда. Себеби, мурун мындай болгон эмес. Мурда жумушка уруксат кагазың болсо, көрсөтүп коюп ишке кире берчүсүң. Азыр эми бул жерде патент алгандан кийин расмий түрдө ишканага катталуу керек. Эмгек келишими берилди, демек, ишке орношкон адам ошол жерге бекитилди дегендик да. Бул маселе боюнча мен эч нерсе дей албайм. Жумуш боюнча чалганымда эмгек келишими жөнүндө сураган жокмун. Ошол эмгек келишимин бергенге макул болобу же болбойбу белгисиз. Аны тактоо керек.

Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин консулдук бөлүмүнүн юристи Мурзапаяз Карагулов мигранттарга «эмгек келишимин түзбөгөн жерде иштебегиле» деп кеңеш берет.

- Биздин жарандар патент алгандан кийин жумушка орношуп, эки айга чейин Орусия Федерациясынын патент берген миграциялык органына расмий кат менен менен паспорттун, каттоонун, патенттин жана эмгек келишиминин көчүрмөсүн жиберүүсү керек. Бул «мен бул жерге жумушка кирдим» деген расмий тастыктоо. Ал эми жумуш берүүчү биздин жаранды кызматка алган соң, ал Орусиянын Эмгек кодексинин негизинде кадрлар бөлүмү аркылуу каттоодон өткөрүп, анан үч күн ичинде буйрук чыгарып, эмгек келишиминин түп нускасынын бирин биздин жарандын колуна берүүсү шарт. Эми талаптар күчөп жатат.

Ишке орношкон жерден эмгек келишимин алуу алды менен мигранттардын өздөрүнө эле керектүү. Москвадагы "Аксы" коомунун жетекчиси Бактияр Өмүрзаков эмгек келишими түзүлсө, иш берүүчү мигранттан эмгек акысын жей албастыгын, тескерисинче, кол алдында иштеген адам үчүн жоопкерчиликтүү болорун айтууда.

Москвадагы мигрант

Москвадагы мигрант

- Федералдык миграциялык кызматтын сайтында кошумча талаптар жазылган. Патент алып, жумушка киргенде эмгек келишимин алып туруп, сөзсүз миграциялык кызматка билдирүү керек. Ушул күнгө чейин биздин мигранттар уруксат берүүчү кагаз менен эч кандай келишимсиз иштеп жүрүшкөн. Биздин жарандар өздөрү иштеген мекемелер менен эч кандай келишим түзүшчү эмес. Жаңы үлгүдөгү патент менен жумушка кирүүдө келишимдин талап кылынышы, бир жагынан тартипке келип жатканы. Эми булар маянасын өз убагында алышат. Колунда эмгек келишими бар болсо, кийин эч ким маянасын бербей кое албайт.

Бирок мигранттарды эмгек келишиминин негизинде жумушка алууга иш берүүчүлөр кызыкдар эместигин Эл аралык коммерциялык эмес «Тонг Жахони» уюмунун жетекчиси Валентина Чупик айтууда. Муну менен катар ал жаңы өзгөртүүлөргө ылайык, иш берген тарап эч кандай жоопкерчиликке тартылбайт, жада калса мигрантты жумушка алганы тууралуу билдирүүнү үч күн ичинде миграциялык органга жибербей койсо дагы, ал эч кандай айып тартпай тургандыгын белгилейт.

- Буга жумуш берүүчү кызыкдар эмес. 2007-2008-жылдары иштөөгө уруксат берчү документтерди алуу боюнча эч кандай көйгөй жокто иш берүүчү мигрантты мыйзамдуу негизде жумушка албастан, «көмүскө» иштетүүгө аракет кылчу. Азыр дагы ошол кырдаалга кайрылып келдик. Иш берүүчүгө мигрантты мыйзамдуу түрдө жумушка алуунун пайдасы жок. Ал кимдир бирөө үчүн салык төлөөнү, бирөө үчүн милдеткер болууну каалабайт. Учурда алар мигранттарга эч кандай жоопкерчилик тартпайт. Андыктан, колунда патенти бар мигрант иштесе, бирок аны менен эч кандай келишим түзбөсө, иш берүүчү эч кандай айып тартпайт. Бул чоң көйгөй. Менин оюмча мигранттардын басымдуу көпчүлүгү эмгек келишиминин көчүрмөсүн өз убагында тийиштүү жерлерге жибере албай калат. Бул коррупциянын дагы бир булагын жаратууда. Мунун баары жалган эмгек келишимин жасоочу ортомчу фирмалар үчүн жасалган.

Москвадагы мейманканада иштеген мигрант келин

Москвадагы мейманканада иштеген мигрант келин

Гүлдар Мамазиева иштеген жеринен маянасын ала албай Москвадагы «Миграция жана мыйзам» укук коргоочу уюмуна кайрылган мигранттардын бири. Ал беш айдан бери 60 миң рублга жакын эмгек акысын ала албай жүрөт. Гүлдар ири кеңселерге тазалоо кызматтарын көрсөткөн ишканада иштечү.

- Былтыр ушул эле компанияда иштеп, кадимкидей маянамды толук алып кеткем. Быйыл кайра келип чалсам, иш бар экен, дароо эле кирдим. Июлда маяна берди, август-сентябрда бербей калды. Кийин башка жакка гардеробчу болуп ишке которулуп кеттим, бирок кечки тазалоону таштабадым. Эптеп маянамды аламбы деген үмүттө элем. Минтип алданып калам деп ойлогон эмесмин. Эмгек келишимин окуп, кол койгом. Бирок көчүрмөсүн алган эмесмин. Мурун албай эле иштеп жүрчүбүз да…

Федералдык миграция кызматынын акыркы маалыматтарына таянсак, учурда Орусияда 11 миллиондон ашуун чет элдик мигрант эмгектенет. Алардын ар бир төртүнчүсү мыйзамсыз, башкача айтканда, эч жерде катталбай жашыруун иштейт.

  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде окуйт. К.Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетин бүтүргөн. 

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG