Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:26

Сахалин: абакта үзүлгөн кырчын өмүр


Айдарбек автоунаа жууган жайда иштечү. Сүрөттү "Азаттыкка" Түштүк Сахалиндеги кыргыз диаспорасы берди.
Айдарбек автоунаа жууган жайда иштечү. Сүрөттү "Азаттыкка" Түштүк Сахалиндеги кыргыз диаспорасы берди.

Орусиянын Түштүк Сахалин шаарында жергиликтүү полиция бөлүмүндө 26 жаштагы кыргызстандык жарандын жан бериши Орусиядагы жердештерди кыйла дүрбөттү.

Эсентур маркум Айдарбек Эшеналиев менен Түштүк Сахалинде бирге жашаган. Анын айтымында, Айдарбектин мүнөзү жоош, тартынчаак болчу. 26 жаштагы бул жигитти полиция 22-августта кечкурун кармап кеткен.

- Бул жактан таанышып, чогуу жашап калганбыз. Жакында эле унаа жууган жайга ишке кирген. Орусияга келгенине бир жарым жылдан ашыптыр. Мен деле чынында баары кандай болгонун билбейм. Укканым боюнча, кечки бештерде үйгө келип, анан экинчи кабатка терезеден чыга баштаптыр да. Ошол жерден полиция кармап кеткен экен. Үйдө деле кишилер бар эле. Өзү уялчаак болчу. Кичине ичип алгандыктан, үйдөгүлөргө көрүнбөй, балкондон кирип кетем деген окшойт. Саат бештерде полиция алып кетип эле, кайра саат тогуздарда муунуп калды деп уктук.

Тергөө комитетинин маалыматына ылайык, шаардык тартип сакчылары Айдарбекти полиция участогуна алып барып, окуяны териштирүү үчүн убактылуу камап койгон. Ошол күнү кечки сегиз чамасында ал өзүн өзү асып алган.

Эшимбет Төлбаев
Эшимбет Төлбаев

​Түштүк Сахалиндеги кыргыз диаспорасынын өкүлү Эшимбет Төлбаев Тергөө комитетинде болгонун айтып, окуя толугу менен видеокамерага жазылып калганын бышыктады:

- Каргаша төрт мүнөттүн ичинде эле болгон да. Кечки тамакты алып келгенден кийин эле бала тура калып одеялдан жип жасай баштаган. Экинчи камерада болсо кароолчу башкаларды текшерип жүргөнү көрүнүп турат. Төрт мүнөттө ажал тооруган. Кароолчу жардамга жетишпей калган. Мени Тергөө комитетине чакырышып, видеолордун баарын толук көрсөтүштү. Бала өзүн өзү асып алган.

Учурда маркумдун сөөгүн Кыргызстанга жөнөтүү боюнча кыргыз жамааттары биргелешип аракет көрүшүүдө.

“Кайрымдуу бол” фондунун өкүлү Зулайка Абдразакованын билдиришинче, Айдарбек Эшеналиевдин Чүй облусундагы Сокулук районун Күн-Туу айылында токсонго чамалап калган ата-энеси гана бар.

  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG