Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:26

Орусиянын федералдык миграция кызматынын маалыматы боюнча, Кыргызстандан келген эмгек мигранттары бүгүнкү күнү жалгыз Ингушетияда жок, Орусиянын калган бардык аймактарынан кыргызстандыктарды жолуктурууга болот.

Алты жылдан бери мигрант кыргыздар тууралуу иликтеп, жазып жүргөн кесиптешибиз, блоггер Абдыжапар Нурдинов алыскы Сахалин, Куриль аралдарында жашап-иштеп жүргөн кыргызстандык мекендештердин жашоо-шарттары, абалы, ынтымагы тууралуу «Азаттык» менен ой бөлүштү.

- Абдыжапар мырза, Сахалиндеги кыргыздар кандай жатышат? Алардын жашоо-шарттары кандай, Москвадагы кыргыз мигранттардын жашоосуна окшоштугу, айырмасы дегендей...

- Сахалинде иш кызыган убакта жалпы жонунан 30 миңге чыгат кыргыз мигранттар, болбосо 18-20 миңдин айланасында. Айырмасы: албетте Москва чоң мегаполис, ал эми Сахалин арал. Жайгашкан орду, климаты да башка. Анын үстүнө Орусиянын эң четки аймагы болгондуктан, өздөрүнүн адам ресурстары жетишсиз да, мигранттарга муктаждык көбүрөөк. Айрыкча Фукусимадагы кырсыктан кийин ал жерде мурунтан жашап жүргөн көпчүлүк эл чыгып кеткен, статистикалык маалыматтар боюнча, кырсыктан кийин 210 миң киши Сахалинден башка жакка жер которуп кетишкен, алардын ордун азыр негизинен Борбор Азиядан барган: кыргыз, тажик, өзбек мигранттары ээлеп атышат.

- Сахалиндеги мигранттар алган орточо айлык акы канча? Кыргызстандык мигранттар кайсы тармактарда иштешет?

- Орусиянын башка аймактарында чет өлкөлүк мигранттар Орусиянын мыйзамдарына ылайык, өлкө аймагында туруу мөөнөтү аяктагандан кийин, башка өлкөлөргө чыгып кайра кирүү мүмкүнчүлүгүнө ээ. Ал эми Сахалин арал болгондуктан, ага бир кирген мигрант үч жылга чейин кайра чыга албайт. Ошондуктан жыл сайын иш кызыган убакта убактылуу келип иштегендерден сырткары, дайыма иштегендер көбүнчө орус жарандыгын алгандар. Алардын иш тартиби Орусиянын Эмгек кодексине ылайык негизинен сегиз саат, түрдүү социалдык пакеттери менен, климаты оор аймакта жашап-иштегени үчүн дагы кошумча акча, жеңилдиктер менен коштолот.

Бирок ошентсе да мыйзамсыз жашап-иштеп жүргөн мекендештерибиз да бар. Айлык акылары орточо 30-35 миң рублдин айланасында. Сахалинде биздин квалификациялуу кадрларыбыз да бар, маселен врачтар, мугалимдер. Андан тышкары курулуш, тейлөө тармактарында иштеген мекендештерибиз да көп. Дагы коомдук унаа айдагандар, жеке унаасы менен кирекечтик кылып, акча тапкан кыргыздар бар. Мен алгач Сахалинге барганда “автобуска чыгып, бара турган жериңди шоопурдан кыргызча эле сурай берсең болот” деп тамашалап калышчу, көрсө шаардагы коомдук транспорттун айдоочулары да көпчүлүгү кыргыздар экен.

- Мекендештерибиздин социалдык абалына, өздөрүнө көңүл бөлүүсүнө кандай баа бересиз?

- Сахалиндеги мигранттардын абалы башка жактагы мекендештерибиздин абалынан дээрлик айырмасы жок. Көбүнчөсү өздөрүнүн ден соолугуна жакшы көңүл бурушпайт. Мисалы кош бойлуу кыз-келиндер социалдык коргоосу жок болгондуктан, учурунда дарыгердин көзөмөлүнө алынып, каттоого турбайт. Качан толгоосу жакындаганда гана медициналык тез жардамды чакыра коюп, төрөөгө аракет кылышат.

Ошондуктан жергиликтүү маалымат каражаттары, саламаттыкты сактоо тармагы бул тууралуу көп айтып, жазып, көрсөтүшөт. Кош бойлуу эне менен анын курсагындагы баланын абалы тууралуу эч кандай маалымат жоктугунан, төрөт учурунда экөөнүн өмүрү үчүн эң чоң жоопкерчиликти биз алып жатабыз деп врачтар көп эле нааразы болушат. Ушул жагынан биздин жарандарыбызды аябай сабатсыз кылып көрсөтүшөт. Бирок турмуш чындыгын алып келгенде, биздин жарандардын социалдык жеңилдиктери жок болгондуктан, ушул абалга барып жатышат.

- Москвада кыргызды сызга отургузуп, алдап, тоногондор кайра эле кыргыз деп айтышат. Сиз жашаган жерде акыбал кандай?

- Криминалдык жактан майда бир кылмыштар болуп калбаса, бири-бирин тономой жок. Өткөн жылы Шикотанда болгон окуяны жакшы билесиздер, Куриль аралындагы консерва заводуна кыргызстандык мигранттарды өзүбүздүн эле мекендештер апкелип, кийин убада кылынган акчасын алалбай, орто жолдо калышты. Бирок ошентсе да иш кызыган маалда кайра эле кыргыз жарандарыбыз Курилдеги консерва заводуна кыргызстандык мекендештерибизди алдоо жолу менен апкелишет, бул кайра эле кайталануусу мүмкүн.

- Адеп-ахлак маселеси кандай?

- Мен Сахалинде жашаганыма жарым жыл болду, бул кыска убакытта “тигиндей, мындай” деп айтууга мүмкүн эмес. Бирок алты жылдан бери Орусия, Казакстандын учу-кыйырын кыдырып, жалаң мигранттардын тагдырын иликтеп, жазып келе жаткан журналист катары биздин элибиз көбүнчөсү деградация болуп атат деп айта алам, анткени мигранттар жумуштан тышкары маданий иш-чараларга аралашып, же бир жергиликтүү музей, театрларга барганын мен өтө чанда көрдүм, болбосо такыр жок. Биздин кийинки муун тарыхты билбей калды.

- Жергиликтүү элдин, бийликтин кыргызстандык мигранттарга жасаган мамилеси кандай?

- Жергиликтүү бийлик чынында кыргыздарга жакшы мамиле кылат, биздин жарандардан мекенине депортация болгондору аз.

- Мигранттардын жашоо-шарты кандай, бир батирде он-он бештен чогулуп жашагандары барбы?

- Москвадагыдай көп киши бир бөлмөдө жашаган көрүнүш дээрлик жокко эсе. Мисалы, үч бөлмөлүү батирде 10-12 киши жашагандары бар, алар да тууган-уруктар же айылдаш-тааныштар болушу мүмкүн. Батирдин ижара акысы 8 миңден 30 миңге чейин бөлмөнүн санына жараша. Кымбат батирлер эли көп Түштүк Сахалинде.

- Сахалинде кыргыздардын ынтымагы кандай? Жакшылык-жамандыкта чогулуп турушабы?

- Кыргыздар мекенинен алыста жүргөн үчүнбү ынтымактуу. Ал жакта “Согласие-Ынтымак” деп аталган кыргыз диаспорасынын түзүлгөнүнө быйыл беш жыл болгону турат. Анын жетекчиси Эшимбет Толубаев кыргыздардын башын бириктирип, жергиликтүү бийлик менен бирге ар кандай маселелерди чечет, түрдүү маданий иш-чараларды уюштуруп өткөрүп турат.

- Жаман айтпай жакшы жок, ар кандай кырсыктан, оорудан каза тапкан кыргызстандыктардын сөөгүн мекенине жеткирүү оор болсо керек? Кантсе да борбордон алыс, океандын ичиндеги арал дегендей...

- Албетте, Орусиянын башка аймактарына караганда абдан оор. Анткени борбордук аймактардан Бишкекке, Ошко түз аба же темир жол каттамдары бар. Сахалинде болсо болгону Москвага аба же деңиз каттамы аркылуу гана байланыш бар, деңиз аркылуу сөөктү жибере албайсың. Ал эми учак менен Москвага, андан Кыргызстанга бир сөөктү жеткирүү үчүн кеминде жүз миң рубль кетет. Кудайга шүгүр, мындай учурларда кыргыздар түшүнүү менен ортого акча чыгарып, диаспоралар көмөктөшүп, сөөктү Ата Журтуна жеткирип атышат.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG