Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:45

Системаны комедия аркылуу сындаган


Эльдар Рязанов
Эльдар Рязанов

Режиссер Эльдар Рязанов 30-ноябрда 89 жаш курагында ооруканада көз жумду. Кино адистери Рязанов өзүнүн лирикалык комедиялары менен классикке айланган инсан экенин айтып жатышат.

Бишкек шаарынын тургундарынан Эльдар Рязанов жөнүндө сурасак эле баары анын "Тагдырдын тамашасы же жеңил парыңыз менен" тасмасын эстеп жатышты. Жолдошбек Атаев:

- “Ирония судьбы, или С легким паром!" деген тасмасын жыл сайын көрүп келебиз. Биз үчүн бул тасманы көрүү салтка айланып калган. Жаңы жылда биз ал тасманы көрмөйүнчө болбойт. Миң жолу көрсөң деле тажабайсың. Бүгүн андай режиссерлор жок.

Режиссер Артык Сүйүндүковдун пикиринде, Рязанов кино сүйүүчүлөргө элдик режиссер катары таанымал.

- Рязанов советтик режиссерлордун ичинен лирикалык комедиянын ири өкүлү. Негизи комедияны тартуу өтө кыйын. Бул жанрда тарткан аз эле режиссер бар. Бирок аталган жанр элге аябай жагымдуу. Кассаны да кампайтат. Элдин баары эле философиялык тасмаларды көрө бербейт да. Рязанов ошол жанрдын көрүнүктүү устазы боло алды.

Эльдар Рязанов жана Людмила Гурченко
Эльдар Рязанов жана Людмила Гурченко

Режиссер Темир Бирназаров болсо Рязанов жөн гана комедия жанрын тандап албаганын, маркум режиссер комедияларында ошол кездеги саясый системага болгон өзүнүн жеке көз карашын сатира аркылуу жеткирген деп ойлой турганын айтты:

- Рязанов гуманист киши болгон. Фильмдерин эле көрсөң, мисалы, “Карнавальная ночь”, “Гусарская баллада”, “Берегись автомобиля”, “Жестокий романс”, “Служебный роман”, “Гараж”, “Ирония судьбы, или С легким паром!”, “Вокзал для двоих” тасмаларында эмне тууралуу айтып жатат? Мисалы, “Берегись автомобиля” тасмасында баш каарман байлардын машиналарын уурдап сатып, акчасын жетим балдар үйүнө которуп жатпайбы. Бул кишинин тарткан тасмалары жөн эле катардагы комедия эмес да. Мисалы, “Гараж” деген тасмасында ошол кездеги советтик системаны сатира менен сындап жатпайбы. Ал өзүнүн юморлору менен ошол системага каршы пикирин айта билген.

Эльдар Рязанов
Эльдар Рязанов

Бирназаров ошол эле учурда Рязановдун актерлор менен иштеше билген чеберчилигин, сезимталдыгын кошумчалап, акын, психолог катары да көрүүчүнүн жан дүйнөсүн аңтар-теңтер кылган сезимдерди таба билгенин белгиледи.

Кино сынчы Талип Ибраимов Рязановдун чыгармачыл инсан катары уникалдуулугуна токтолуп, маркум режиссер алгачкы тасмасында олуттуу темага кайрылып, кийин баш-оту менен комедияга ооп кеткенин айтты:

- 50-60-жылдардан баштап өзүнүн жолун таап, артында өлбөй турган эмгек калтыра алды. Комедиялары элге чынында өтө таасирдүү болду. Мындан сырткары ал жазуучу, акын болчу. Чындыгында төрт тарабы төп келген талант эле. Комедияга кошкон салымы аябай чоң. Ал жараткан эмгектер бул жанр үчүн үлгү боло алат. Артында чоң из калтырды деп эсептейм. Тасмалары элдин жүрөгүндө калды.

Ибраимовдун баамында, учурда жалпы эле мурдагы потсоветтик өлкөлөрдө Рязанов сыяктуу бир жагынан күлкүлүү, бир жагынан сезим козгогон лирикалуу тасма жараткан режиссерлор жокко эсе.

Рязанов режиссер катары отузга чукул көркөм тасма, ондон ашык даректүү фильм жараткан. Ал режиссер гана эмес, ошол эле кезде сценарист, актер, алып баруучу, жазуучу, акын, драматург жана продюсер катары да белгилүү. Актер катары жыйырмадан ашык роль жаратса, акын катары 11 поэтикалык жыйнак чыгарган.

Ошентип, советтик системанын одурайган оңтойсуз жактарын күлкүлүү диалог, эстен кеткис жарк эткен образ, же замандаштары жатка билген ондогон каармандары аркылуу чагылдырган таланттуу режиссер кийин далай элдик атак-даңкка бөлөнүп, СССРдин Эл артисти наамына татыган. Соңку жылдары Орусиядагы саясий система, бийлик башындагыларды сындап, ичиндеги терең нааразычылыгын ачык айткандан тайманбаган Эльдар Рязанов сыркоолоп, 21-ноябрда ооруканага жаткырылган бойдон жүрөк оорусунан каза тапты. Маркум менен коштошуу 2-декабрда “Эльдар” киноклубунда өтөрү айтылып жатат. Азырынча режиссердун сөөгү кайсы көрүстөнгө коюлары маалым боло элек.

  • 16x9 Image

    Зайырбек Ажыматов

    "Азаттыктын" кабарчысы. Жусуп Баласагын атындагы Улуттук университетин бүтүргөн. “Жалгыздык”, “Мелмил”, “Нөлү көп жылдар” аттуу ыр жыйнактардын автору. Зайырбек Ажыматов 2020-жылы 29-апрелде 44 жашында каза тапкан. 

XS
SM
MD
LG