Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:11

Орусияда террордук коркунучтардын алдын алуу максатында коопсуздук чаралары күчөтүлүүдө. Андай коркунуч жаратат деген шектүү катмар катары Борбор Азиядан келген мигранттар кысымга кабылууда.

Он жылдан бери Орусияда жүргөн Илим тез арада Кыргызстанга чыгып кетүүнүн камын көрүүдө. Анын ырасташынча, Москвада полиция кызматкерлери башка жактан келгендерди кармап, документтердин мыйзамдуулугун текшербестен эле, диний көз караштары боюнча чечим чыгарууда.

- Арабызда жоолук оронгон мусулман кыздар бар болчу. Аларга эле өчөшүп, бизге дагы жаман сөздөрдү айтып, коё бербей койду. Кеч киргенде юристтерге чалып кеңешип, анан документтерибизди албай эле кетип калдык. Биздин батирден үч адам бар болчу. Кармалгандардын он чактысы кыргыз, калганы өзбектер менен тажиктер экен. Арасында сакал өстүргөн балдар бар болчу. Кийинки күндөрү ушундай жаман мамиле кылып жатышат.

Кыргыз диаспорасында кайрымдуулук иштерин уюштуруп жүргөн Жылдыз Осмонова жарандардын банктагы эсеп-кысаптары да көзөмөлгө алынганын белгилейт. Ал акыркы жолу банкка барганда аны өзүнчө бөлмөгө киргизип, сурашканын айтып берди:

- “Кандай максатта сиздин эсебиңизге акча көп түшөт жана акча которуулар менен бирге келген билдирүүлөрдүн маанисин түшүндүрүп бере аласызбы?” деп сурашты. Кандай билдирүүлөр болгонун сурасам, “Аллах шыпаасын берсин” дегенди айтышты. Бул орусча “Дай Бог здоровья” деген маанини түшүндүрөрүн, кыргыз диаспорасынын ичинде жардамга муктаж адамдарга акча чогултуп берерибизди түшүндүрдүм.

Москвадагы кафелердин биринде иштеген Зулкумар Дыйканова көчөдө жүргөндө кооптонуп калганын, шектүү карагандар көбөйгөнүн айтты:

- Иштеген жерде да бизге мамиле өзгөрдү. “Силер күнөөлүүсүңөр” дегенсип карашат. Текшерүү күчөгөн. Айып издеп, кынтык таппай эле турушат. Жакында эле кошуналарыбыз бизге каршы "кавказ улутундагы адамдар" деп арыз жазышыптыр. Документтерибиз так болчу, ошондон кийин тынчып калышты.

Коопсуздукту камсыздоо үчүн борбор азиялык мигранттардын Орусияга кирүүсүн чектөө маселеси мамлекеттик деңгээлде талкууланууда. Эмгек мигранттары профсоюзунун жетекчиси Ринат Каримовдун айтымында, бийлик мындай кадамдарга зарылдыктан барууда.

- Мен эмгек мигранттарынын баары “ак жана күнөөсүз, алар террордук кадамдарга барбайт” деп айта албайм. Азыр Орусияда иштеп жүргөн мигранттардын Сирияга согушка кетип жаткандары да катталууда. Орусиядагы чет элдик жарандардын 95% эмгек мигранттар, ошон үчүн мамлекеттик бийлик бул топтогу жарандарга өзгөчө көзөмөл жасоону белгилеп жатса керек.

Орусиядагы кыргыз мигранттар

Орусиядагы кыргыз мигранттар

Борбор Азия боюнча адис, тарыхчы Сергей Абашин орус коомунда “мигрантофобия” көрүнүшү, башкача айтканда, жергиликтүү коомчулуктун келгиндерди жектөөсү күчөгөндөн улам күнөөнүн баары эле мигранттарга жүктөлүп жатканын белгилейт.

- Орусиянын жаңы тарыхында бир катар террордук актылар болгон. Бирок мындай актыларга чет элдик же борбор азиялык жарандардын катыштыгы болгону такыр эсимде жок. Бардыгы орус жарандары тарабынан уюштурулган. Ошондуктан борбор азиялык мигранттарды башкы террордук коркунуч деп эсептөөгө болбойт. Албетте, тышкы мигранттардан коркунуч бар, бирок аларды сокку уруу үчүн башкы бутага айландырбоо керек. Биринчи кезекте орус жарандары менен иштөө зарыл.

Коомчулуктагы кооптонуулар орусиялык маалымат каражаттарында борбор азиялык жарандарды терроризмге шектүү же байланышы бар деген жаңылыктар менен бекемделүүдө. Өткөн аптада Екатеринбургда кыргызстандык жаран террордук чабуул тууралуу жалган маалымат билдирип, анын айынан төрт жүздөй адам эвакуацияланганы маалымдалган. Урал федералдык аймагындагы Кыргызстандын башкы консулдук кызматы бул окуяга кыргызстандык жарандын тиешеси бар экендигин тастыктап, Орусиядагы кыргызстандыктарды мындай кадамдардан алыс болууга чакырат.

  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде окуйт. К.Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетин бүтүргөн. 

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG