Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:58

Миграция борборунун абагындагы кыргызстандыктар


Сахарово айылындагы миграциялык борбор
Сахарово айылындагы миграциялык борбор

Москванын четиндеги мигранттарды убактылуу кармоочу жайда 60тан ашуун кыргызстандык бар. Алардын айрымдары сот чечимин эки жылдан бери күтүп келатат.

Москванын четиндеги мигранттарды убактылуу камоочу жайдагы кыргызстандыктар Орусияда мыйзамсыз жүргөнү үчүн камакка алынса, кээ бирлери полицияга паспортсуз түшүп калган. Алардын арасында майда-барат мыйзам бузуу же түшүнбөстүктөн улам да эки жылдан бери камакта отургандар бар.

Сахарово айылындагы мигранттарды убактылуу камоочу жайда ушул күндөрү 60тан ашуун кыргызстандык жаран камалып жатат. Алардын бири Төлөгөн өзү тууралуу буларды айтты:

- Документтеримде эки тамга туура болбой жатат. Ошон үчүн экинчи соттун болушун күтүп жатам. Атым Төлөгөн. Орустарда “ө” деген тамга жок экен. Анан миграциялык документтерге аны “у” менен да, “о” менен да жазып коюшуптур. Тууганың же акчаң жок болсо, бул жакта эки жылга чейин жата берет экенсиң...

Миграциялык борбор
Миграциялык борбор

Миграциялык борбордогулардын көпчүлүгү миграциялык документтерди мыйзамдаштырбай, полицияга паспортсуз кармалгандар же өз аты-жөнүн жашыргандар, дагы бир жоон тобу бири-бирине кайчы келген орус мыйзамдарынан жапа чеккендер.

Москвада мыйзам чегинде юридикалык дарек боюнча каттоого турууга уруксат болгону менен, полиция мигрантты жашаган батиринен кармап калса, мигрант дароо ал жерде мыйзамсыз жашап жаткан болуп чыга келет. Камактагы айрым кыргыз кыз-келиндери мына ушул себептен Кыргызстанга депортация болууну күтүп отурушканын айтышты.

- Бир жерге каттоого туруу керек. Бирок биз бир жерде жашабайбыз. Кайсы жерде жумуш болсо, ошол жерге жакыныраак барганга аракет кылабыз. Башкы көйгөй эле ошол жашаган жериңде каттоого туруу керек. Москвада кыргыздар эч кимиси андай каттоого турбайт.

Москвадагы кыргыз диаспора өкүлдөрү миграциялык борбордо жаткандардан кабар алды
Москвадагы кыргыз диаспора өкүлдөрү миграциялык борбордо жаткандардан кабар алды

Сахароводогу убактылуу кармоочу жайдагы кыргызстандыктар менен жолугуу демилгесин Москвадагы кыргыз диаспорасынын жаштары көтөргөн. Москвадагы элчилик болсо жолугушууну уюштурууга көмөктөшкөн. Демилгечилердин бири Азамат Адылгазиев административдик эле мыйзам бузуулар үчүн эки жылга чейин камакта отурган мигранттарды эч ким унутуп койбош керек дейт.

- Бул жерде Бакыт Төрөбек уулу деген бала бир жыл тогуз айдан бери дайыны жок жаткан экен. Кечээ болсо элчиликке маалымат берилип, иши карала баштады. Эл мыйзамдуу түрдө уюшуп, барып турса, иш илгери жылат. Ал жакта миңдеген киши жатат. Тыштан бирөө келбесе, ичиндегилер чирип кетиши мүмкүн.

Азамат кеп кылган Бакыт Төрөбек уулу ал-акыбалын сурап келген элчиликтин консулдары менен мекендештерин көргөндө чыйралып, өз таржымалын айтып отурду.

- Менин паспортум, аскердик билетим, баары бар. Менин ишим Нагатинск сотунда каралган. Полиция кармаганда менин документтерим жанымда болсо деле ал жактагы бөлүмгө мени Маматов Мухидин деген ат менен жөнөтүшкөн.

Москвадагы консул Анвар Тохтоходжаевдин айтымында, ноябрдан бери элчиликтин жардамы менен 70 киши Кыргызстанга жөнөтүлгөн, дагы он кишинин документтери такталган. Бирок буга карабастан убактылуу камоочу жайда кыргыз жарандар азайбай, тескерисинче, орус мыйзамдарын сактабагандардын эсебинен көбөйүүдө.

Бул борбордо 60тай кыргызстандык жатат
Бул борбордо 60тай кыргызстандык жатат

Жаңы жылды Миграция борборундагы абактатосо турган кыргызстандыктарга Москвадагы диаспора өкүлдөрү тамак-аш, кийим-кечеге тыйын чогултуп берген. Кайрымдуулук ишин уюштурган Жылдыз Осмонова ар ким колунан келишинче каралашканын айтып берди.

- Бир коомдук уюмдун жетекчиси, Чынара деген эже кыз-келиндерге гигиеналык каражаттарды сатып берсе, Жамийла Бегиева деген эже 60 адамга аш жасап берди. Кубанычбек Осмонбеков суусундук менен камсыз кылды, дагы эки эже үйдөн нан жасап келишти. Жумуштан бошобой калган жердештер интернет аркылуу акчасын берип, аларга керектүү самын, тиш жуугуч, ич кийим, чай, кант, жашылча-жемиш алып бардык. Бул аларды кичине болсо да колдоо үчүн жасалды. Элге да ошол жерге түшүп калбоо үчүн эмне кылуу керектиги боюнча иш жүргүзөлү деп пландап жатабыз.

Бир чети Орусиядагы миграциялык мыйзамдарды билбегендиктен, экинчи жагынан, жөн эле көңүлкош мамиледен улам учурда Орусияда мыйзамсыз делген кыргызстандыктардын саны 126 миңдин тегерегинде. Эмгек мигранттары жашаган өлкөсүнүн мыйзамдарын так сактоо менен, биринчи кезекте өздөрүн ар кандай терс окуялардан жана мыйзамсыз иштерден коргоп жатканын эске алуусу керек дешет адистер.

  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG