Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:06

Жума намазда учак кырсыгынын курмандыктары эскерилет


Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын жетекчиси, муфтий Максатбек ажы Токтомушев учак кырсыгында набыт болгондорду эскерүү боюнча буйрук чыгарды. Муфтияттын басма сөз кызматы билдиргендей, 20-январь күнкү жума намаз учурунда апаатта көз жумгандарга атап куран окулат.

Башкармалыктын кызматкерлери бир күндүк эмгек акысын жабыркагандарга жардам берүү максатында которот. Андан тышкары, өлкө аймагында жума намаз окула турган 1221 мечитте жардам кутучулары орнотулат.

16-январда "Манас" аба майданынын жанындагы Дача айылына «Боинг 747-400» кулап, расмий маалыматтар боюнча 38 адам көз жумду. Алардын төртөө экипаж мүчөлөрү, калгандар айыл тургундары. Каза тапкан кыргызстандыктардын баарынын тек-жайы аныкталды.

Учак Гонконг-Стамбул багытында учуп баратып, “Манас” эл аралык аэропортуна май куюу үчүн конуп жатканда кырсыкка кабылган. (SE)

XS
SM
MD
LG