Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:59

Иманалиев: Текебаевди коргоо боюнча иш-аракеттерди баштайбыз


Каныбек Иманалиев
Каныбек Иманалиев

“Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаевге козголгон кылмыш иши бийликтин саясий каралоосунун уландысы. Бул тууралуу “Азаттыкка” аталган фракциядан депутат Каныбек Иманалиев билдирди. Ал “Ата Мекендин” өз укугун коргоого күчү жетерин айтып, эртеңки күндөн баштап Текебаевди коргоо боюнча иш-аракеттер башталарын кошумчалады.

- Текебаев 25 жылдан бери саясатта жүрүп, мыйзамсыз ишке эч качан барбасын жакшы билем. Бул Алмамбет Шыкмаматов, Аида Салянованы каралоонун уландысы. Текебаев азыр чет өлкөдө жүрөт, эртеңден тарта аны коргоо боюнча иштерди баштайбыз.

25-февралда Башкы прокуратура “Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаевге Кылмыш-жаза кодексинин “коррупция” жана “алдамчылык” беренелери боюнча УКМКдан келген материалдардын негизинде иш козгоду. Башкы көзөмөл органдын маалыматында Текебаев орусиялык жаран Леонид Маевскийден 2010-жылы 1 млн доллар алып, “Мегаком” сатылгандан кийин каражатты кошумчасы менен кайтарып берерин айткан. Бирок “Мегаком” сатылбай калып, Текебаев орус жаранына акчаны бербей койгон.

Өмүрбек Текебаев өзүнө козголгон иштен кабары жок экенин, учурда Австриянын борбору Вена шаарында депутаттык топ менен Европарламенттин жыйында жүргөнүн “Азаттыкка” билдирди. Ал эртең гана Бишкекке учуп келе турганын, бирок ага карата козголгон иш күтүлгөн, УКМК тарабынан пландалган экенин кошумчалады. (SDz)

XS
SM
MD
LG