Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:35

Орусияга көп айлык төлөгөн жумуш издеп кетип жаткан Кыргызстандын медицина кызматкерлери жоон топ. Алардын айрымдары дарыгерлерге тартыш Орусиянын облустарына атайын келишим менен барса, өз алдынча иш издеп кеткендер дагы аз эмес.

Москва шаарынын өзүндө эле мигранттарды тейлеген 20дан ашуун медициналык борбор бар. Алардын көпчүлүгүн Кыргызстандан Орусияга барган дарыгерлер түптөгөн.

Жылдыз Исраилова Орусияга акушер-гинеколог болуп иштөө үчүн 6 жыл мурун келген. Эмгек жолун Нарын шаарында баштаган дарыгер алгач Якутияда, кийин Челябинск облусунда иштеген. Ушул тапта Москвада “Дружба” медициналык борборунда иштөөдө.

- Биз насыя алып, чоң үй салганбыз, анан балабыз окууну бүтүп жаткан. Ошентип үй-бүлөлүк шартка жараша Орусияга келүүнү чечкенбиз. Жолдошум да дарыгер. Чогуу Якутияда, анан Челябинскте иштедик. Якутияда Кыргызстандын дарыгерлерин аябай баалашат. Өзүбүздүн жерибизде эмгегибиз бааланбай, чет жакка чыгып кетип жатканыбыз өкүндүрбөй койбойт. Дарыгердин жумушу жооптуу. Күнү-түнү иштөөгө туура келет. Анан 4-5 миң сомдук эмгек акы өтө эле аз.

Москвада бейтаптарды өз алдынча кабыл алган Гулиза Бейшеналиева 2006-жылы Орусиянын чет өлкөлөрдө жашаган мекендештерин ыктыярдуу көчүрүү программасынын алкагында Пенза шаарына бир жылга ишке келген. Алты жыл Талас шаарындагы төрөтканада, кийин Бишкекте иштеген Гулиза айым бир жылдан кийин Орусияда биротоло калууну эп көргөн.

- Бишкектеги үй-бүлөлүк медицина борборунда чогуу иштеген кесиптештерим менен адегенде Пензага атайын келишим менен иштөөгө келгенбиз. Өзүм бир жыл иштеп көрөйүн дегем. Кийин жарандык да оңой берилди, турак жай маселесинде да жардам берип турушту. Ошентип бардык дарыгерлер калып калышты. Кийин Москвага которулушту. Кыргызстанда 2-3 миң сом алсам, бул жакта башында эле 10 миң рублдан жогору айлык ала баштадым.

Он жыл мурун Орусия региондорундагы жогорку квалификациялуу кызматкерлердин тартыштыгын жоюу үчүн КМШдан келген медициналык жана кесиптик-техникалык билими бар адистерге жарандык берип, турак жай жана жумуш шарттары менен камсыздаган.

Акыл Боронбаев Казань медициналык окуу жайындагы аспирантураны аяктагандан соң өз мекенине кайтууну чечкен. Бирок 11 жыл алган билимине жараша Кыргызстанда татыктуу эмгек акы сунуштаган ылайыктуу жумуш табылган эмес.

- Аспирантураны аяктап, илимий даража алгандан кийин Кыргызстанга барып иштейм деген максатым бар эле. Бирок Саламаттык сактоо министрлигинде менин талаптарыма жооп берген жумуш болбогонун айтышып, региондорго барууну сунушташты. Ал менин шарттарыма туура келбеди. Кайра Орусияга кайтып, жарандык алып, бул жакта жеке ооруканага ишке орноштум. 11 жыл билим алып, тажрыйба топтогондон кийин татыктуу эмгек акы алып, адал эмгектенүүнү каалайсың. Москвада кыргыздардын борборлорунда иштеген дарыгерлер 80-90 миң рублдан кем албаса керек. Мен болсо орусиялык жеке ооруканада иштейм, андан көбүрөөк табам.

Өзүбүздүн жерибизде эмгегибиз бааланбай, чет жакка чыгып кетип жатканыбыз өкүндүрбөй койбойт.

Мурун Баткен облусунда төрөтканада иштеген Маизбүбү Бердибекова Орусияга ишке келген дарыгерлердин баары эле өз кесиби боюнча жумуш таба алышпаганын айтат. Орусияда медицина кызматкери болуп иштөөгө уруксат берген сертификатты өзү жакында эле алган. Дарыгерликке кошумча документтер талап кылынгандыктан, четтен келген догдурлар акчасы көбүрөөк башка жумуштарга деле оңой макул болушат.

- Менин келгениме эки жарым жыл болду. Бул жакта өз кесибиң менен жумушка орношуу оор. Биринчиден, медицина кызматкери болуп иштөөгө атайын сертификат алыш керек. Ал үчүн окуш керек. Окуу дагы бекер эмес. Эки жылдан бери эми араң алдым. Эмгек тажрыйбам көп болгондуктан мен бир ай гана окудум. 25 миң рубл төлөдүм. Көптөгөн догдурлар соода-сатыкка өтүп кеткен. Керек болсо дарыгерлер тазалоочу жумуштарда жүрөт. Акчасы жакшыраак болсо ресторандарда да иштегендер бар.

Орусияда чет элдик дарыгерлер жогорку билими тууралуу дипломун расмий түрдө таанылып, кийин адистиги боюнча орус тилинде атайын сынак тапшыргандан кийин гана медициналык жайга ишке кире алышат. Ишке уруксат берчү сертификатты алуу үчүн дарыгер эмгек тажрыйбасына жараша атайын окуудан дагы өтөт. Бул талаптарды аткаргандан кийин деле Орусиянын жарандыгы жок болсо, өз адистиги боюнча ишке орношуу бир кыйла оор.

  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде окуйт. К.Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетин бүтүргөн. 

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG