Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:26

Фельгенгауэр: Кыргыз армиясы Орусиянын эски куралдары менен эле күчтөнүп кетпейт


Орусиялык аскерий эксперт Кремль Кыргызстанга "адаттан сырт курал деле бербейт" дейт

Орусиялык аскерий эксперт Кремль Кыргызстанга "адаттан сырт курал деле бербейт" дейт

Орусия келерки жылдан тарта Кыргызстанга аскерий техника, курал-жарак жөнөтө баштайт. Бул тууралуу кечээ Бишкекте президент Алмазбек Атамбаев менен жолугушууда Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгу билдирди. Орусиялык аскерий эксперт Павел Фельгенгауэр "Азаттыкка" сүйлөп, сөз негизинен эски техника жөнүндө болуп жатса керек деди.

Павел Фельгенгауэр: Министр Шойгунун айткандарынан ал Орусиянын Коргоо министрлигинин карамагында бар курал-жарак жөнүндө кеп кылганын түшүнсөк болот. Менимче, СССРден калган, эскилиги жеткен техника жөнүндө эле айтып жатат. Мунун баары бекер берилип жаткандыктан, кыргыздар тандоо укугуна деле ээ эмес. Арасында анча-мынча жаңы куралдар болуп калышы да мүмкүн. Бирок негизинен адаттагы эле жеңил бронетехника, БТР, БМПлар, артиллерия болот го.

Азыр бизде көптөгөн замбиректерди колдонуудан чыгарып жатышат, жаңыларын алышууда. Кандайдыр бир дүрмөттөр, башка техникалар болсо керек. Эч кандай деле адаттан сырт, таң калтыра турган техника берилбейт деп ойлойм. 1 млрд. долларлык курал-жарак берилери айтылган, бирок мунун баарын Москва Бишкекке сатпай, бекер берип жаткандыктан, документте ал сумманы жазып коюш оор эмес. Албетте, ошончо суммага ылайык курал берилди деп айтылат аягында, анан муну Орусиянын аскерий экспортунун жетишкендиги катары мактаныч менен көрсөтүшөт. Бирок алар Советтер союзундагы эле техника болот го. Балким, танктардан бериши мүмкүн.

Төрөкул Дооров: Павел, орус коргоо министри Шойгунун Бишкекке сапары кыргыз парламенти “Манас” транзиттик борборун чыгаруу боюнча документти колдогондон көп өтпөй бир нече күндөн кийин эле болуп жатат. Ал арада орус-кыргыз аскерий техника боюнча сүйлөшүүлөрү менен катар АКШ Өзбекстанга согуштук курал-жарак жагынан көбүрөөк жардам берет деген сөздөр да айтылууда. Ушундай кырдаал эмнеден кабар бериши мүмкүн?

Павел Фельгенгауэр: Албетте, региондо азыр андай ар багыттуу кызматташуу жүрүүдө. Азыр расмий Бишкек америкалыктарды кеткиле деп жатканы Москвага жагат. Анткени АКШ ал жакта идеологиялык жактан да, саясий жактан да таасирин күчөтүүдө. Ошондуктан азыркы орус режиминин идеологиясы бул жакта Кошмо Штаттарына каршылык көрсөтүүгө негизделген.

Ооганстандан чет өлкөлүк аскерлер чыгарылгандан кийин америкалыктарга “Манастагы” транзиттик борбордун кереги жок болуп калышы мүмкүн. Ошон үчүн азыр кыргыздар мүмкүн болушунча андан пайда көргөнгө аракет кылып, алдын ала эле америкалыктарды кууп жаткандай таризде кадамдарды жасап, ал үчүн Москвадан белек алганга далалат кылууда. Өзбекстан болсо америкалыктар Борбор Азияда калтыра турган куралдан көбүрөөк имерип калганга дилгир. Бирок баары бир региондо азыр эңгезер эки өлкөнүн ортосунда “куралдандыруу жарышы” жүрүп жатат деп айтыш оорураак. Өзбекстандын армиясы алсыз, Кыргызстанда болсо армия такыр эле жок, “армия” деген аты эле бар. Алар чынында эч нерсеге жарабайт. Кыргыз армиясына орустар эскирген советтик курал-жарактарды белекке берип койсо эле колунан эч нерсе келбеген армия күчтөнүп кетпейт.

Төрөкул Дооров: Сиз азыр региондогу процессти “куралдандыруу жарышы” деп атаганга болбойт деп жатасыз. Бирок АКШ Өзбекстанды, Орусия Кыргызстанды курал менен камсыздоо аркылуу ич ара бири-бирине мүмкүнчүлүктөрүн даңазалап жатышат дегендей ойлор да жок эмес. Болгондо да мунун баары Фергана өрөнүндө бул эки өлкөнүн ортосунда чек ара боюнча абал чыңалып турган маалда болуп жатпайбы.

Павел Фельгенгауэр: Ооба, андай деле таасир калтырган окуялар бар. Бирок азыр бул региондо кызыкчылыктар кесилишкен жагдайлар деле бар экенин да эстен чыгарбашыбыз керек. Азыр Батыш, Орусия, Кытай, керек болсо, Иранга да постсоветтик Борбор Азияда стабилдүүлүк болгону жакшы. Алар баары ушул жерде азыркыдай авторитардык, коррупциялашкан, бирок динге катуу берилбеген, секулярдык режимдер сакталышын каалашат. Анткени “араб жазы” сыяктуу окуялар бул жакка келиши эч кимдин кызыкчылыгына төп келбейт. Демек, сырттагы бардык өлкөлөр региондо атаандашканы менен, алардын фундаменталдык кызыкчылыктары окшош.

Төрөкул Дооров: Сизди азыркы куралдануу же куралдандыруу өнөктүгү маалында дагы бир эңгезер мамлекет Кытайдын обочодогу позициясы таң калтырган жокпу?

Павел Фельгенгауэр: Кытай ал жакта чынында өтө активдүү саясатын жүргүзүп жатат. Ал азыр региондо энергоресурстарды сатып алуу жагынан Орусияны артта калтырды. Кытай азыр мунай-газ куурларын курууга эбегейсиз каражат бөлүп жатат. Аскерий жактан азырынча Кытайдын эч кандай таасири жок. Бул – Бээжиндин өзүнүн тандоосу. Анын мүмкүнчүлүктөрү негизи кең, бирок аны колдонууга шашылбай турат. Аны качан колдонушу мүмкүн? Кытайдын Шинжаң-Уйгур автономиясына Борбор Азия тараптан колдоо көрсөткөн күчтөр чыгып кала турган болсо гана расмий Бээжин абалга кийлигишүүсү мүмкүн. Айталы, эгер Өзбекстанда “араб жазы” сыяктуу окуя болуп, Уйгур автономиясындагы жикчилерди колдой турган күчтөр бийликке келип калса, Кытай кандай чараларга бараарын божомолдош кыйын.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG