Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:24

Кыргызстан кызыкчылыктар кесилишинде


"Манастагы" АКШнын Транзиттик борбору.
"Манастагы" АКШнын Транзиттик борбору.

Орусия АКШ-Иран чатагы чыгып кетсе АКШнын Кыргызстандагы жүк ташуучу транзиттик борбору пайдаланылышы мүмкүн деп билдирди.

Мындай билдирүүнү Орусиянын тышкы иштер министрлиги Кыргызстандын президенти Алмаз Атамбаевдин Москва сапары башталаар алдында жасады.

Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Александр Лукашевич атайын брифингде АКШ-Иран ортосунда жаңжал чыгып кетсе, Кыргызстан ага катышууга аргасыз болорун, жаңжал жалпы Борбор Азияга коркунуч алып келерин билдирген. Орусиялык маалымат каражаттарынын жазгандарына караганда, расмий өкүл АКШнын ядролук коркунучтан коргонуу аракетинин артында газга, сууга бай аймакка көз артуу турат деп жоромолдогон.

Буга чейин маалымдалгандай, АКШнын жүк ташуучу транзиттик базасынын мөөнөтү 2014-жылы аяктайт. Мөөнөттү узартуу кызыкчылыгы Кыргызстанда жок экендигин буга чейин президент Алмазбек Атамбаев бир нече ирет билдирген. Башкы аргументтердин бири катары чыңалып турган АКШ-Иран мамилеси айтылган. Мындай позиция Борбор Азия аймагында АКШ күчтөрүнүн турушун каалабаган Орусиянын кызыкчылыгына төп келет.

Ошентсе да расмий Москвада Кыргызстан айтканына турбай коюшу мүмкүн деген кооптонуу бар. Мындай маанай айрыкча НАТОго мүчө Түркияга жаңы президент Атамбаев көбүрөөк ыктап турушу менен байланыштырылат.

Акыркы кездери АКШ жүк ташуучу борборун чыгаруу талаптары көчөдө да, парламенттеги оппозициялык азчылык тарабынан да маал-маалы менен айтылып жатат. Мунун артында Москва турат деген жоромолдорду төгүндөгөн орусиялык эксперт Александр Князев Орусия Кыргызстандын базага байланыштуу турумун такташына кызыкдар деди:

- Азыркы макулдашууга ылайык, база 2014-жылдан кийин кетеби же Кыргызстан дагы башка жаңы варианттарды издейби? Орусия азыр турумду тактоону суранып жатат.

Кремлчил эксперттин пикиринде, Кыргызстан турумун аныктабаса социалдык-экономикалык карым-катышка олуттуу доо кетиши мүмкүн.

Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Абдрахманов соодалашуу аркылуу расмий Москва Кыргызстандын ички ишине киришип жатат деген ишенимде:

- Азыркы орус бийлиги такыр туура эмес иш кылып жатат. Согуш болбойт. Ирандын ракетасы Орто Азияга жетпейт. Ага дагы 10-15 жыл бар деп, аналитиктер айтып атышат. Ошон үчүн көчөдөгү соодалашуудай кылбай, тереңирээк стратегиялык өнөктөш болгондон кийин, бири-бирибизге кийлигишпей, сый мамиле кылсак жакшы болот эле.

Орусия жетекчилигин чынчыл иштешүүгө чакыргандыгын президент Атамбаев да Ошто сүйлөгөн сөзүндө айткан:

- Биз быйыл маселен, Орусияга тышкы карыздын 15 миллион доллардай үстөк пайызын төлөдүк. Орусия болсо базалары үчүн төрт жылдан бери эч нерсе төлөй элек экен.

Атамбаев Москва сапарында Кыргызстандагы аскерий объектилердин ижара акыларына байланышкан маселени көтөрүүгө даяр экендигин да билдирген. Кремлге ыктаган талдоочулар муну дипломатияга ылайыксыз билдирүү деп, күн тартибинде кредиттерге, күйүүчү-майлоочу майга, Бажы биримдигине байланышкан маселелер гана бар экендигин белгилеп жатышат.

Кыргызстан аймагында ЖККУга таандык деп саналган Орусиянын Канттагы аскерий базасынан тышкары дагы үч аскерий обьект бар. Алардын ичинде радиосейсмикалык лаборатория Майлы-Сууда, куралдарды суу алдында сыноочу база Караколдо жана аскердик байланыш борбору Кара-Балтада жайгашып турат.

Орусия Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун ураанын чакырып турган Кант базасынын тутумуна калган үч объектини киргизүүгө ынтызар. Муну талдоочулар ижара акыдан объектилерди куткаруу чарасы катары карашууда.
Бириктирүүнү башкарууга жана эки тараптуу кызматташууга ыңгайлуу деп негиздеп сунуштаган Москва долбооруна Кыргызстан макулдук бере элек. Айрым эксперттер антикризистик ЕврАзЭШ корунан былтыр убада кылынган 106 млн. доллардын кармалып турушун да ушул макулдашууга байлап жүрүшөт.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG