Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:24

Лавров: Москва Батыш менен кызматташууга даяр


Сергей Лавров Федералдык кеңеште сүйлөп жатат. 20-май, 2015-жыл

Сергей Лавров Федералдык кеңеште сүйлөп жатат. 20-май, 2015-жыл

​Орусиянын башкы дипломаты Москва Батыш менен кызматташууга даяр экендигин жарыялады. Мунун алдында Сергей Лавров Брюсселде сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн эле.

Бирок Лавровдун айтымында, Евробиримдиктин Орусиянын батыш чек арасындагы коңшулары менен 21-майда башталуучу саммити Кремлдин кызыкчылыгына каршы болбошу керек.

Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавровдун айтымында, Москва Батыш менен эки жакка тең пайдалуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө даяр.

Федералдык кеңеште шаршемби күнү сүйлөгөн сөзүндө Лавров АКШны Орусиядагы оппозицияны колдоп жатат деп ырастап, бул эки тараптуу алакаларга өтө зыян алып келерин эскертти.

Ошол эле мезгилде Лавров Киевге таасиринен пайдаланып Вашингтон Украинанын жаңы бир согуштук «ээнбаштыкка» барышына жол бербейт деп үмүттөнөрүн кошумчалады.

Москва менен Батыштын ортосундагы алака ушул тапта "кансыз согуш" мезгилинен берки эң начар абалда экендиги маалым. Былтыр Орусиянын Украинадан Крымды тартып алышы кырдаалды ого бетер курчутту.

Батыш өлкөлөрү ошондой эле Орусияны Украинанын чыгышындагы жикчилдерди аскер жана курал менен колдоп жаткандыгын айтып келишет.

19-майда Брюсселде болгонунда Лавров Европа биримдигин Орусиянын кызыкчылыгына кайчы келген кадамдарга жол бербегиле деп эскерткен. Ал биримдиктин ортодогу Орусияга коңшу өлкөлөр менен алакасы Москвага зыян келтирбеши керек деди.

Ал арада Европа лидерлери Орусиянын батыш чек арасындагы коңшулары менен Ригада жолушууда. Бул жолугушуудан Орусия менен тиреш дагы курчууру күтүлөт. Бул жыйынга байланыштуу Лавров мындай деди:

- Биздин европалык шериктер муну туура түшүнөт деп ойлойм. Буга чейин биз менен 18-майда жолукканда Евробиримдиктин тышкы иштер жана коопсуздук боюнча башкы өкүлү Федерика Могерини, дагы башкалар Европа биримдигинин Чыгыш Кызматташттык программасы орусиялык кызыкчылыктардын эсебинен болбойт деген. Бул жакшы айтылган сөздөр, бирок биз ал сөздүн иш жүзүндө тастыкталышын каалайбыз. Рига саммитинде эмне болоорун көрө жатаарбыз.

21-22-майга пландалган Рига саммитинде 28 өлкө кирген Евробиримдик Армения, Азербайжан, Беларус, Грузия, Молдова, Украина менен сүйлөшүү жүргүзөт. Кабарларга караганда, сүйлөшүүнүн өзөгүн бул кызматташтыкты Орусия менен алакага кандайча шайкеш келтирүү мүмкүн деген суроо түзмөкчү.

Чыгыш Кызматташтык программасы деп аталган бул долбоордун 2013-жылдагы акыркы жыйыны Украинадагы азыркы кризиске түрткү болгон эле. Ал кездеги украин президенти Виктор Янукович Евробиримдик менен кызматташтык келишимине кол койуудан баш тарткан.

Андан бир нече айдан кийинки нааразылык акцияларынын натыйжасында Янукович кызматтан кетүүгө аргасыз болгон. Өлкөнүн чыгышында жикчилдер баш көтөрүп, Орусия Крымды басып алган.

Кызматташтык программасынын максаты аталган мурдагы советтик алты өлкөнү реформаларга шыктандыруу болуп саналат. Бул үчүн алар Европа биримдиги менен ымалашып, экономикалык артыкчылыктарга ээ болушат.

Брюссел анын саясаты Европаны бөлүп-жаруу эмес экендигин айтып келет. Бирок Москва Европа биримдиги менен Орусиянын башкы соода шериктеринин жакындашуусу Кремлге зыяндуу деп эсептейт.

2013-жылдагы саммиттен бери Киевдин жаңы жетекчилиги Европа биримдиги менен жакын саясий-экономикалык кызматташтык тууралуу келишимге кол койду. Бул келишимдерге Грузия менен Молдова да мөөрүн басты.

Бирок Беларус менен Азербайжан ыргылжың болуп турат. Ал эми Армения андан бери Орусия колдогон Евразиялык экономикалык биримдикке кирип алды. Беларус да Евразиялык экономикалык биримдиктин негиздөөчүлөрүнүн бири.

XS
SM
MD
LG