Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:18

Орусияда дагы бир мыйзам сынга кабылды


"Мемориал" Орусияда жергиликтүү уюм болуп катталгандыктан мыйзам боюнча аны куугунтукка алууга болбойт.
"Мемориал" Орусияда жергиликтүү уюм болуп катталгандыктан мыйзам боюнча аны куугунтукка алууга болбойт.

Oрусияда "ылайыксыз" уюмдардын көзүн тазалоого жол берүүчү мыйзамга байланыштуу ысымдары аталган уюмдар бул мыйзамды Кремлдин жарандык коомду басмырлоо өнөктүгүнүн коркунучтуу жаңы кадамы деп мүнөздөштү.

Активисттер бүдөмүк жазылган мыйзамды бийлик каалаган уюмга каршы колдонулушу мүмкүн деп чочулашууда.

Президент Владимир Путин өткөн аптанын этегинде кол койгон жаңы мыйзам Орусиянын коопсуздугуна, коргонуу дараметине жана коомдук тартипке залал келтириши мүмкүн деп эсептелген чет элдик жана эл аралык уюмдарды жаап салууга укук берет.

Орусиядагы мигранттардын укугун коргогон "Жарандык жардам" тобунун директору Светлана Ганнушкина мыйзам өтө бүдөмүк жазылгандыктан аны кимге карата болсо да колдонсо болот берет деп эсептейт.

Ганушкина жаңы мыйзамды былтыр күчүнө кирген, чет өлкөдөн жардам алган уюмдарды "чет элдик тыңчы" деп катталууга мажбурлаган мыйзамга салыштырды.

Кремл Путиндин жаңы мыйзамга кол койгондугун маалымдаган 25-май күнү анчейин аты таанымал болбогон депутат Ганнушкина директорлор кеңешине мүчө болгон «Мемориал» менен катар дагы төрт белгилүү укук коргоочу уюмду «ылайыксыз» деп таануу өтүнүчү менен Орусиянын Башкы прокуратурасына кайрылды.

Ашынган улутчул Владимир Жириновскийдин партиясынан шайланган Виталий Золочевский да эл аралык Мунапыс, "Хюман Райтс Уотч", коррупцияны бутага алган "Транспаренси интернешнл" жана Карнегинин Москвадагы аналитикалык борборун атады.

Бул борбор баш кеңсеси Вашингтондо жайгашкан эл аралык Тынчтыктын Карнеги корунун бөлүмү болуп саналат. Бул уюмдардын көбүнүн штаб-квартиралары чет өлкөдө орун алган.

Укук коргоочулар жаңы мыйзам Орусияда активисттердин эл аралык байланышын үзгүлтүккө учуратуу максатын көздөйт деп шек санашууда.

Өзү КГБнын тыңчысы болгон, жогорку бийликте отурганына 16 жылга аяк баскан президент Путин жарандык коомдун өкүлдөрүн, айрыкча чет элден каражат алгандарды өзүнө жана Орусияга каршы Батыш колдонгон курал деп сүрөттөп келет.

Локшина - депутат атаган тизмедеги "Хюман Райтс Уотч" уюмунун Moсквадагы өкүлү. Aл анын уюмун жаап салуу үчүн бийликтерге атайын мыйзамдын деле кереги жок экендигин белгиледи.

Мыйзамда бир катар эскертүүлөргө баш ийбеген уюмдарды соттоп, айыпка жыгып, активисттери кара жумушка салынып, кыймыл-аракети чектелип, алты жылга чейин түрмөгө отургузуу каралган.

- Бул мыйзам бизден мурун орусиялык активисттерге, орусиялык уюмдарга каршы багытталган. Аларды эл аралык кесиптештеринен алыстатып, жалгыз-жарым калтыруу максаты бар. Бул мыйзам өкмөткө чет элдик уюмдар менен алакадагы орус жарандарына каршы чара колдонууга мүмкүндүк берет, - деп эскертти Локшина.

Анын пикиринде, мисалы ошол эле "Мемориал" Орусияда жергиликтүү уюм болуп катталгандыктан мыйзам боюнча аны куугунтукка алууга болбойт. Бирок "Мемориал" укуктук борборунун төрагасы Александр Черкасов орус бийликтеринин буга чейинки мыйзамдары укурукту алыс таштагандыгын эскертет.

Негизинен түрмөдөгү айыпкерлердин укуктарын коргогон эл аралык Мунапыс уюмунун орус бөлүмүн жетектеген Сергей Никитин да мыйзамдын шарттары анык болбогондуктан кесепети жергиликтүү уюмдарга да тиет деп эсептейт. Ошол эле убакта ал Мунапыс уюмунун жаап салуу оңой болбой тургандыгын белгиледи:

- Мындан эч кандай жакшылык болбойт. Биздин иш негизинен орусиялык жарандардын укуктарын коргоо. Эгер биздин уюмду жапкысы келсе, өкмөт биздин бардык ишибизди «ылайыксыз» деп таанышы керек. Бул чоң жаңжалга алып келет. Орусия Мунапысты ыңгайсыз деген жалгыз өлкө болуп калат. Эмне болуп кетээрин айтуу кыйын, бирок бул өтө таң калыштуу кадам болмок.

Никитиндин көз карашында, Мунапыс жана Золочевский атаган башка топтордун ишмердүүлүгү өлкөнүн коопсуздугуна же коргонуу дараметине эч кандай коркунуч келтирбейт.

Орусиянын Башкы прокуратурасы депутат Золочевскийдин арызына ачык комментарий бере элек.

Орусиянын акыйкатчысы Элла Памфилова жаңы мыйзамга «олуттуу тынчсыздануу» билдирди. Мыйзамды АКШ жана Европа биримдиги да сынга алган.

Мыйзам боюнча, бийликтер чет элдик бейөкмөт уюмдарга жана алар менен иштеген орусиялык жарандардын ишине алты жылга чейин тыюу сала алат.

XS
SM
MD
LG