Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:11

Орусия Ливияга курал сатпайт


Ливиянын бийлиги козголоңчуларга каршы чабуулун күчөтөт. Оппозиция 10-мартта буга чейин ээлеп алган Рас-Лануф портун таштап кетти. Каддафичилер Рас-Лануфтун чыгышындагы Сидри шаарын ээлеп, Брега шаарына чабуул жасаганы кабарланды.

9-мартта Франция менен Британиянын лидерлери Евробиримдикти ливиялык козголоңчулар түзгөн Ливия улуттук кеңешин мыйзамдуу деп кабылдоого чакырган. Ал арада Орусия Ливияга курал сатпай турганын билдирди.

Орусиянын президенти Дмитрий Медведев “БУУнун Коопсуздук кеңешинин 1970-жылкы чечимин аткаруу боюнча 2011-жылдын 26-февралында кабыл алынган чаралар жөнүндө” буйрукка кол койду. Буга ылайык, Москва эми Ливияга курал сатпайт. Мындан сырткары Орусиянын аймагы аркылуу Ливияга бараткан, же ал өлкөдөн келе жаткан жүктөр катуу текшерилет.

БУУнун Коопсуздук кеңешинин мүчөсү болгон Орусия Ливияга курал сатпоо тууралуу чечим кабыл алганы менен, бул өлкөгө эл аралык аскер күчүн киргизүүгө каршы болду. Саясатчы Андрей Пионтковский бул көрүнүштү “карга карганын көзүн чокубайт” деп түшүндүрдү.

АКШ Ливияда тутана баштаган жарандык согушту тез аранын ичинде токтотуу керек деген турумду карманат. Вашингтондун өкүлү Жеймс Клаппер “Муаммар Каддафи дагы бир топко чейин бийликтен кетпейт деп ойлойбуз, анын кызматтан кетүү тууралуу ою да жок”,-деп билдирди.

Орусиянын НАТОдогу өкүлү Дмитрий Рогозин буларды белгиледи:

- Соңку күндөр козголоңчулар менен кармашта Каддафи күчтүү экенин көрсөттү. Ошондуктан анын аскерий учактарын жоготуу менен күч-кубатын алсыратса болот.

Чыгыш таануучу, бир топ жылдардан бери Ливияда элчи болуп жүрүп Муаммар Каддафини жакшы билген Алексей Подцероб мындай дейт:

- Каддафи кол куушуруп, алдыга келет деп ойлобойм. Ал андай адам эмес. Бирок соодалашса ийге келиши мүмкүн. Каддафи тилге келбей, тетири карашып калган учурда да бир жылчык таап, мунаса таап кетүү жөндөмү менен аты чыккан.

XS
SM
MD
LG