Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:00

Улутчулдардын “Орус маршы” өттү


4-ноябрда Орусияда Элдик биримдик күнү белгиленет. Бирок бул күн 7 жылдан бери улутчулдардын “Орус маршы” өткөрүлчү күн катары кеңири белгилүү.

Жылдагыдай эле быйыл марштын катышуучулары Москванын четинде жайгашкан Люблино районунда чогулушту.

Борбор калаадан тышкары “Орус маршы” Орусиянын 50дөн ашуун шаарында өттү.

Ар кыл маалыматтар боюнча “Орус маршына” катышкандардын саны 7 миңден 10 миңге чейин жеткендиги айтылууда.

Уюштуруучулар 25 миң адам келди деп айтып чыгышканы менен, полиция 7 миң киши келгенин билдирди.



Бул күнү шаарда 5 миң полиция кызматкери коопсуздукту камсыз кылып турду, себеби “Орус маршынан” сырткары Москванын 3-4 жеринде ар түрдүү акциялар өттү: “Наши” кыймылынын маршы, "Антифа" кыймылынын акциялары жана башкалар.

Жаңы лозунг, жаңы адам

Быйылкы марш бир топ өзгөчөлүктөргө ээ болду. Мисалы, “Кавказдыктарды багуу токтосун!” деген ураан. Дал ушул ураан “Орус маршында” быйыл пикир келишпестиктерди жаратты. Бир топ адам бөлүнүп, кавказдыктар боюнча ураан радикалдуу деп чыгышты.

Мындан тышкары Орусияда белгилүү юрист, коррупцияга каршы алектенип жүргөн Алексей Навальный улутчулдарды колдоп, аларга кошулду.

Либералдуу көз карашта делген Навальныйдын бул кадамы баарын таң калтырды.

Марштын катышуучуларынын дээрлик бардыгы жаш.

14-17 курактагы балдар, баары беткапчан, жүрүм-туруму башка улуттарга карата аябай агрессивдүү, колдорунда улутчулдардын символуна айланган ак-кара-сары түстөгү туулар. Кээ бир адамдар митингге балдарын да алып чыгышкан.

Марш учурунда башка улуттагы адамдарды жолуктурган жокмун.

Иш-чара тынч аяктаганы менен, жанымда турган кавказдык киши марштын катышуучулары менен уруша кетип, “чурка, үйүңө кет” деген сөздөр менен кошо кыжырданган жаш балдар бир заматта топтоло түштү. Полиция кызматкерлери тургандыктан гана уруш чыккан жок.

Марштын катышуучулары өз талаптарын чоң транспаранттарга жазып алышкан.

Алар: “Кавказды багуу токтосун!”, “Москва - орустардын шаары”, “Орусия, алга”, “Иммигранттар азайса, айлык жогорулайт”, “Башында миграция, кийин оккупация”, “Чеченстандын бюджетин Аллах каржылайт, Путинге бул үчүн рахмат”.

Полиция кызматкерлери өтө көп чыгышты жана аябай даярданганы билинип турду. Марш өткөн жерде тик учактар улам айланып, полиция кызматкерлери толо 40 жүк ташуучу унаа турду.

“Бешинчи пункт”

Маршка катышпаган, бирок четте карап турган адамдар улутчулдар менен макул болуп, алардын турумун колдошкондой.

“Левада-борбор” социологиялык уюмдун 2-ноябрда чыккан иликтөөсүнө ылайык, орусиялыктардын 48% паспортто улуттун көрсөтүлүшүн каалашат. Бул графа Советтер Союзунда “бешинчи пункт” катары эсте калган. Былтыркыга салыштырмалуу мындайды каалагандардын саны 10 пайызга өскөн.

Бүгүнкү марштын соңунда Орусияда ксенофобиялык маанай күчөп баратканын байкадым.

Айрым талдоочулар буга чейин Кремль өзү улутчулдарды тымызын колдойт деп чыкканы белгилүү, бирок акыркы жыл ичи бийлик улутчул кыймылдар менен ойноо коркунучтуу экенин түшүнгөндөй.

4-ноябрга чейин шашылыш түрдө Свиридовдун, Волковдун иштери каралган сот иштери аягына чыкты.

Бир катар талдоочулар “Орус маршы” коомдогу акыйкатсыздыктан жадагандарды топтоодо, бирок алардын бугу башка улуттарды жаман көрүү менен чыгууда дешет.

Дагы бир катар эксперттер улутчулдук картасы алдыдагы президенттик шайлоодо да сөзсүз ойнолоорун айтышууда.
  • 16x9 Image

    Аида Касымалиева

    Азаттык+ телепрограммасынын алып баруучусу, продюсери (2005-2009), Москвадагы кабарчысы (2011). 2012-жылы "Москвада калган ый" даректүү тасмасы "Бир дүйнө" кинофестивалында "Ачылыш" наамына татыган. Бишкек гуманитардык университетинин журналистика бөлүмүн 2005-жылы аяктаган.

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG