Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:12

"Эхо Москвы" үналгысынын жетекчилиги алмашат


Алексей Венедиктов
Алексей Венедиктов

“Эхо Москвы” үналгысынын башкы редактору Венедиктов орун басары Варфоломеев менен үналгынын директорлор кеңешинен чыгып жатканын жарыялады.

Мындай чечимди Алексей Венедиктов үналгынын 66% акциясына ээ болгон "Газпром-Медиа" холдингине жооп катары кабыл алганын түшүндүрдү. Анткени холдингдин жетекчилиги директорлор кеңешинен анын көз карандысыз мүчөлөрү - юрист Александр Маковскийдин жана Жогорку экономика мектебинин илимий жетекчиси Евгений Ясиндин кетишин талап кылышкан.

Орусиянын медиа коомчулугу мындай алмашуу үналгынын редакциялык саясатына таасир этип, бардык тараптардын үнүн берген “Эхо Москвы” үналгысы бийлик тарабынан көзөмөлдөнүп калышы ыктымал деп кооптонушууда.

14-февраль күнү эртең менен Алексей Венедиктов өзүнүн твиттер-аккаунтунда "Газпром-Медиа” холдингинин жетекчилиги директорлор кеңешинин мөөнөтсүз кетишин талап кылганын айтты.

"Эхо Москвы" сайтында мындай талап 30-декабрда угузулганы жазылып турат.
Үналгынын сайттагы кайрылуусунда “Директорлор кеңешинен көз карандысыз адамдардын чыгышын адилетсиз деп эсептейбиз” деген сөздөр кездешет.

“Интерфакс” маалымат агенттигине курган маегинде Венедиктов "Газпром-Медиа" менен сүйлөшүүлөр бир жарым айдан бери уланып келе жатканын айткан. Венедиктов баса белгилегендей, ал үналгынын уставы боюнча дагы эки жыл бою башкы редактор болуп иштей алат, эки жылдан кийин жаңы редакторду шайлоо өтөт.

"Газпром-Медиа" менен соңку сүйлөшүүлөр боюнча, директорлор кеңешинин курамы 29-мартта өтө турган мөөнөтсүз жылдык жыйында алмашат.

"Газпром-Медиа" болсо, директорлор кеңешиндеги алмашуулар чарбалык ишке байланыштуу экенин билдирди.

- Директорлор кеңеши - чарбалык орган, ал жакка бизнес-менеджерлер кирет. Ушул ыкманы “Эхо Москвы” үналгысында да колдонолу деп жатабыз. Директорлор кеңеши редакциялык саясат менен иши жок, - деди “Интерфакска” медиа-холдингдин расмий өкүлү Ирина Зенкова.

Директорлор кеңешинен чыгып жаткан Жогорку экономика мектебинин илимий жетекчиси Евгений Ясин бул чечимдин артында саясат жатканын жашырбайт:

- Азыр бийлик көз карандысыз массалык маалымат каражаттарынан кооптонуп, алардан арылгысы келип жаткандай туюлат.

Премьер-министр, президенттикке талапкер Владимир Путиндин маалымат катчысы Дмитрий Песков “РИА Новости” маалымат агенттигине бул чечим ишкананын ички иштерине гана байланыштуу деп билдирди.

- Бул Путиндин “Эхо Москвы” үналгысын сындаганына байланыштуу эмес, - деп эсептейт Песков.

Январда премьер-министр Путин ММК башчылары менен жолугушуу учурунда Венедиктовго “сиз башкарган үналгы аркылуу керелден кечке мени каралашса да таарынбайм го” деген.

Алексей Венедиктов "Эхо Москвы" үналгысында 1990-жылдан баштап иштейт, үналгы ошол жылы түптөлгөн, башкы редактор болуп 1998-жылы шайланган. Андан бери бир нече жолу үналгынын жамааты тарабынан башкы редактор болуп шайланып, ордунда калган. Үналгы “Газпром” холдингинин карамагына өткөн соң директорлор кеңешинин мүчөсү болуп келген.

Учурда директорлор кеңешинин 9 мүчөсү бар: "Газпром-Медиа" ишканасынын 4 өкүлү, "Эхо Москвы” үналгысынын журналистика жамаатынан үч өкүл жана эки көз карандысыз өкүл.

"Газпром-Медиа" холдингинин курамындагы ишканалар төмөнкүлөр:

- НТВ, ТНТ телекомпаниялары, НТВ-ПЛЮС спутник телекомпаниясы,
- “Эхо Москвы” үналгысы, Биринчи радио, CИТИ-FM, Relax-FM, Балдар үналгысы,
- "Семь дней" басмаканасы, "Итоги", "Семь дней - Телепрограмма", "Караван историй", "Коллекция Каравана Историй" журналдары, "Трибуна", "Панорама TV" гезиттери,
- НТВ-Кино кинокомпаниясы,
- Октябрь, Кристалл-Палас кинотеатрлары,
- RuTube интернет-порталы.
  • 16x9 Image

    Аида Касымалиева

    Азаттык+ телепрограммасынын алып баруучусу, продюсери (2005-2009), Москвадагы кабарчысы (2011). 2012-жылы "Москвада калган ый" даректүү тасмасы "Бир дүйнө" кинофестивалында "Ачылыш" наамына татыган. Бишкек гуманитардык университетинин журналистика бөлүмүн 2005-жылы аяктаган.

XS
SM
MD
LG