Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:51

Жоочулар кайрадан Пальмирага бастырып киришти


Пальмира.
Пальмира.

Сириядагы исламчыл согушкерлер тарыхый Пальмира шаарына кайрадан бастырып киришти. BBC таратканда кабарга ылайык, “Ислам мамлекети” экстремисттик тобунун жоочулары өкмөт күчтөрү менен бир нече күндүк салгылашуудан соң кайрадан көзөмөлдү колго алышты. Ушул күндөрү калаанын айрым аймактарында тараптардын тиреши уланууда.

Соңку тогуз айдан бери Пальмирада согушкерлер бир катар тарыхый эстеликтерди жок кылышты.

Ишемби күнкү кабарларга ылайык, Сириядагы дагы бир шаар - Алепподо орус күчтөрүнүн колдоосундагы армия шаарды жикчилдерден бошото баштаганы кабарланган. Жайкын тургундар согуш тутанган райондордон жапырт чыгып кетүүдө.

Ал тапта АКШ мамлекеттик катчысы Жон Керри Алепподогу башаламан соккулар аскердик кылмышка жана адамзатка каршы кылмышка тете экенин билдирди. Керри Орусияны жана Сирия президенти Башар Асаддын дагы бир союздашы Иранды авиасоккуларды токтотууга чакырды. (SE)

XS
SM
MD
LG