Өзбекстандын президенттигине талапкер Шавкат Мирзиёвди добуш берүүчүлөрдүн бери дегенде эле 80 пайызынын колдогонун анын шайлоо штабы маалымдады. Орусиянын “Новости” агенттиги бул тууралуу Өзбекстан Либерал демократиялык партиясынын өкүлдөрүнө таянып билдирди.
4-декабрда өткөн президенттик шайлоонун соңку жыйынтыктары ушул тапта саналууда. Ташкент убактысы менен бүгүн 16:00дө ким жеңгени расмий кабарланары айтылган (Бишкек убактысы менен 17:00).
Бүгүн шайлоого көз салган эл аралык байкоочулар да брифинг өткөрүшөт.
Президенттикке төрт киши – Шавкат Мирзиёев, Хатамжан Кетмонов, Сарвар Отамуродов жана Нариман Умаров ат салышышты.
Расмий кабарларга ылайык, добуш берүүгө шайлоочулардын 88 пайызга жакыны, тагыраак айтканда 17 миллион 941 миң 955 адам келди.