Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:34

Орусия: полициядан запкы жеген келин


Орусия: полициядан таяк жеген келин
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:27 0:00

Орусия: полициядан таяк жеген келин

Орусияда полиция кызматкерлеринин мыйзамсыз иш-аракеттеринен жабыр тарткан, тактап айтканда, алардын ур-тепкисине кабылган дагы бир кыргызстандык мигрант келиндин окуясы катталды.

Бул акыркы айда эле Орусияда полиция кызматкерлеринен запкы көргөн үчүнчү келин.

Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги бул иш боюнча кыргыз келинге жардам берип жатат. Окуя боюнча прокуратурага жана Орусиянын Тышкы иштер министрлигине кат жөнөткөн.

38 жаштагы кыргызстандык Стелла Алахунованын Орусияда иштеп жүргөнүнө он жылдан ашкан. Жолдошу экөөлөп иштеп, Москвадан 250 чакырым алыстыктагы Рязань облусундагы Скопин шаарынан жер там сатып алышып, андан кийин Орусиянын жарандыгын алып, бул жакка биротоло отурукташууну чечишкен. Бирок жарандык алуу үчүн тийиштүү документтерди чогултуп, жергиликтүү миграциялык кызматка кайрылганында ур-токмокко кабылып, жалган жалаа менен өзүнө кылмыш иши козголгонун айтат.

- 24-август күнү Скопин шаарындагы паспорт столго Орусиянын жарандыгын алуу үчүн баргам. Колумда эки айлык балам бар эле. Документтерим туура болсо деле алар көптөн бери албай, айлам кетип жүргөн. Бул барганымда дагы “документтериң жасалма” деп кабыл албай коюшту. Өзүм караланып жатканымды билсем деле, башка аргам жок болуп, “кандай кылайын, документтерди силер билесиңер го” деп суранып отурдум. Документтеримдин арасында мамлекеттик алым үчүн 3,5 миң рубль, анан документтердин расмий котормосуна деген 1,5 миң рубль бар болчу. Эшиктен бир аялды чакырып, анан жетекчиликти чакырып эле мени “пара берип атат” дешип, полиция кызматкерлерин чакырып салып беришти.

"Мамлекеттик кызматкерге пара берди" деген айып менен Скопин шаардык полиция бөлүмүнө колундагы эки айлык баласы жана жолдошу менен жеткирилген. Жети саат алар полиция бөлүмүндө суракта болуп, полиция кызматкерлеринин ур-токмогуна кабылышкан.

- Полиция бөлүмүнө алып келип эле биринчи күйөөмдү суракка алышты. Аны көчөдө мени күтүп турган жеринен эле кармашкан. Аны күбө катары “ооба, көрдүм, пара берди, паспорт столдун кызматкерлерине кол көтөрүп, погондорун жулду” деген менин үстүмө жазылган арызга кол койдуртушту. Анан эки айлык баламды коридорго калтырып коюшуп, мени алып кирип экөөлөп сабашты. Башыма кайчы, кол кишен менен койгулашты. Так калбачу жерлериме тепкилеп, чачыман кармап, күзгүгө сүздүрүп, аябай мазакташты. Буттарым дагы эле көгала. Колумду, мойнумду толгоп, колумду оозума тыгышты. Акыры чыдабай мага жазылган айыптардын баарын мойнума алып салдым.

Окуя болгон күндүн эртеси Стелла жолдошу менен ооруканага барып, ур-токмоктон алынган жаракаттарды каттатышкан. Скопин шаарындагы прокуратурага дагы арыз менен кайрылышкан. Бирок учурда үй-бүлөнүн адвокат жалдоого каражаттары жок болгондуктан, келиндин акыйкаттык издеп кайда барарын билбей турган чагы.

- Ооруканага эртеси күнү гана бардык. Анан доктурларга “полиция кызматкерлери сабашты” десек, алар полиция чакырды эле, баягылар эле келишпедиби. Алар өздөрүнчө сүйлөшүп эле, баары бири-бирин таанышат экен, анан бизге алган жаракаттарыбыз тууралуу медициналык маалымдама бербей эле коё беришти. Азыр мага Тергөө комитетинен чалып, Орусиянын Кылмыш кодексинин 318-беренеси (укук коргоо органынын кызматкеринин өмүрүнө кол салуу) боюнча кылмыш иши козголгонун, менин эч жакка кетпей турушумду айтып жатышат. Доктурлар деле полицияга каршы көрсөтмө бербейт, адвокат жалдагыла, балаң менен соттоп коюшу мүмкүн деп айтып жатышат баары эле. Адвокат жалдаганга каражат жок, аны жалдаганда деле биздин таламыбызды талашып иштээрине ишенбей турам.

Стелла Алахунова Орусияда акыркы айдын ичинде полиция кызматкерлеринин зордук-зомбулугуна кабылгандыгы тууралуу маалымат каражаттарына арызданып чыккан үчүнчү кыргызстандык келин. 19-августта Москвада полиция кызматкеринин ур-тепкисинен 26 жаштагы Бактыгул Калматова ооруканага жатып калганын маалымдаганбыз.

Полициядан токмок жеген мигрант
please wait

No media source currently available

0:00 0:09:30 0:00

Москвадагы Кыргызстандык консулдук кызматынын юристи Мырзапаяс Карагулов Бактыгул Калматованын иш боюнча да элчилик тарабынан ыкчам чаралар көрүлүлүп жатканын билдирген:

- Москва шаардык прокуратурасына, Ички иштер башкармалыгынын өздүк коопсуздук бөлүмүнө кат жаздык. Жараныбызга бекер укуктук кызмат көрсөтчү адвокат бөлүп бердик.

Орусиянын Тергөө комитети Бактыгүл Калматованын арызы боюнча Ниверев А.Н. аттуу полиция кызматкеринин иш-аракет тергөө иши жүргүз

Орусияда полиция кызматкерлеринен зордук-зомбулук көргөн кыргызстандык кыз-келиндер тууралуу окуялар буга чейин дагы болуп келген. Эки жыл мурун полиция кызматкери метро ичинде боюнда бар кыргызстандык мигрант келинди зордуктаганы үчүн алты жылга соттолгон. Ошондой эле өткөн жылы кыргызстандык дагы бир келиндин көзүнө газ чачкан полиция кызматкери эки жылга абакка кесилген.

  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG