Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:24

Камактагы мигранттар ачкачылык жарыялашты


Тюмендеги убактылуу кармоочу жайда камакта жаткан Фарид Давлатов
Тюмендеги убактылуу кармоочу жайда камакта жаткан Фарид Давлатов

Орусиянын Тюмень шаарындагы Федералдык миграция кызматынын убактылуу кармоочу жайында жаткан мигранттар нааразылык акциясын уюштуруп, ачкачылык жарыялашты. Андагы тажик жана өзбек жарандарынын айрымдары кан тамырын кесип салышкан.

Кан тамырын кесип салган Фарид Давлатов аттуу мигрант нааразылык акциясына Тажикстандын алты жана Өзбекстандын төрт жараны катышып жатканын билдирди. Бул тууралуу ал 13-июлда “Азаттык” радиосунун тажик кызматына телефон аркылуу айтты.

- Биздин талаптар өтө деле чоң эмес. Азыркыдай ысык күндө сыртка чыгууга мүмкүнчүлүк берсин деп жатабыз. Аптапта камерада отуруу эч мүмкүн эмес, дем жок. Ошондой эле күзөтчүлөрдүн адамгерчиликтүү мамилесин талап кылабыз.

Фарид Давлатов Тюменде чоңойгон, ал унаасы менен жүк ташып иштечү. Ушул жылдын 10-июлунда Орусияда жашоо жана иштөө мыйзамдарын бузду деген кине менен камалган. Тюмень соту аны Тажикстанга депортациялоо чечимин чыгарган. Бирок кийин ал Тажикстандын жараны эместигин айтып, сотко доо арыз менен кайрылган.

Фариддин энеси Манзура Давлатова уулу Тажикстандагы каттоосунан 2005-жылы эле чыгып кеткенин, бирок ушул күнгө чейин Тюменге каттоого турбаганын билдирди.

- Биз аны менен жолугуп, үйгө келерибиз менен эле эки сааттан кийин чалып, кан тамырын кесип салганын айтты. Андан бери канча күн өтсө да эч кандай чаралар көрүлө элек.

Учурда Фарид эки ортодо калган кези - Тажикстан аны өз жараны деп тааныбай коюшу мүмкүн. Ал эми орус бийлиги 26 жаштагы бул жигитке чыгарылган соттун чечими аткарылышы керектигин айтууда.

“Азаттык” радиосунун тажик кызматы Тюмендеги миграциялык бөлүм менен байланыша алган жок. Ал эми Тюмендеги “Пайванд” аттуу тажик маданий коомунун башчысы Абдулло Каримов убактылуу кармоочу жайда негизинен документтери жок Тажикстандын жарандары камакта экенин айтты.

“Алар бул жакка келип беш-он жыл документсиз иштеп жүрө беришет. Жакында эле сегиз адам депортацияланды. Дагы беш адамдын документтери жакын арада даяр болсо, алар дагы жөнөтүлөт. Ал эми калган алтоонун документтерин даярдоо бир аз убакытты алат”, - деген Каримов Екатеринбургдагы Тажикстандын башкы консулдугу бул көйгөйдү чечүү үчүн бардык аракеттерди көрүп жатканын билдирди.

- Эгер Давлатовдун Тажикстанда каттоосу жок болсо да, ал тажик болгондон кийин Мекенине жеткириш үчүн бардык аракеттер көрүлөт.

Бул Орусиянын Федералдык миграция кызматына тийиштүү убактылуу кармоочу жайларда болгон алгачкы нааразылык акциясы эмес.

Ушул жылдын февраль айында Тажикстандын, Грузиянын, Армениянын жана Украинанын жарандары “Жаңы Москва” убактылуу кармоочу жайындагы шартка нааразылык билдирип, өз өмүрүн кыюу максатында кан тамырларын кесип салышкан.

Алар дагы чек араны мыйзамсыз кесип өткөн жана Орусиядагы жашоо жана эмгек мыйзамдарын бузган деген айып менен кармалган. Бул окуядан кийин убактылуу кармоочу жайлардын 15 жетекчиси иштен кеткени кабарланган.

XS
SM
MD
LG