Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:15

Екатеринбург: кыргызстандык келин дааратканада көз жарды


Иллюстрация
Иллюстрация

Екатеринбургдагы соода жайлардын бириндеги дааратканада кыргызстандык келин көз жарды. Орусиянын маалымат каражаттары келин баланы коомдук дааратканага агызып жиберүүгө аракет кылганын көргөндөр бар экенин жазышууда.

Екатеринбургдагы “Таганский ряд” соода борборунда коомдук дааратканада көз жарган 22 жаштагы кыргызстандык келин ушул тапта баласы менен шаардык 14-төрөтканада жатат.

Орусиянын маалымат каражаттары келин ымыркайды коомдук дааратканада тумчуктуруп жатканын соода борборундагы кароолчу көрүп, тез жардам чакырганын жазып чыгышкан. Окуя 23-октябрда саат кечки төрттөр чамасында болгон.

Ымыркай 2 600 грамм болуп төрөлгөн. Доктурлар наристенин киндиги тиш менен жулунуп, денеси өтө муздап кеткен абалда төрөтканага түшкөнүн, ошондой эле алгач энеси баладан баш тартууга ниет кылганын билдиришкен. Учурда эне-баланын абалы дурус.

Кыргызстандын Екатеринбургдагы консулдугунун жана кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү төрөтканага барышкан. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин Маалымат департаментинин кеңешчиси Айымкан Кулукеева буларды билдирди.

- Консулдуктун кызматкерлери менен жолугушкан учурда келин окуя тууралуу айтып берген. Көрсө, ал ушул жылдын жай айларында Екатеринбургга иштегени барган экен. Жумуш издеп жүрүп, ошол күнү жумуш берүүчү менен жолугушууга барган маалда өзүн жаман сезип калыптыр. Дааратканага барганда толгоосу башталып кеткенин айткан. Маалымат каражаттарында тараган кабарды ал төгүндөп жатат. Ал мыйзамга же баласына каршы жаман иш жасабаганын ырастоодо. Учурда Башкы консулдуктун кызматкерлери диаспора өкүлдөрү менен бирге эне-баланы Кыргызстанга жөнөтүү аракетин көрүшүүдө.

Екатеринбургдагы кыргыз диаспорасы эне-бала төрөтканадан чыккандан кийин акча чогултуп, балага кийим-кече сатып берип, тиешелүү документтерин алып берген соң аларды Кыргызстанга жөнөтүшмөкчү.

PS: "Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG