Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 05:59

Москвадагы мигранттардын балдары орус тилин начар билгендиктен мектептерге ыңгайлаша албай жатат.

Москвадагы мектептерде билим алып жаткан чет өлкөлүк балдардын саны жетимиш миңден ашты. Орусиянын илимдер академиясынын социология жана билим берүү борборунун маалыматы боюнча, бир жыл ичинде ар бир төртүнчү өспүрүм улутчулдук суроосуна байланыштуу чатакка катышат.

Кыргызстанга кетким келип атат...

Күнүгө эртең менен коңшу балдар Улук менен Кары жаандан кийинки көлчүктөрдү кечип чуркап жүргөн болушат, ар дайым экөө, жанына барсаң өзбекче сүйлөп жатканын угасың.

Короодогу орус балдардан обочолонуп, оюнчуктарга жакындай албашы да көрүнүп турат. Кечке маал жумуштан келе жатсаң, алар кайрадан эшикте жүрүшкөн болот. 10 жаштагы Улуктун жана 6 жаштагы Карынын энелери үйдө, аталары айдоочу болуп иштейт. Үйдө адам көп болгондуктанбы, же балдар зеригишеби, айтор эки дос эртеден кечке чейин көчөдө.

Беш жаштагы Кары Москвага Кыргызстандын Жалал-Абадынан келген.
Эки бала Кыргызстандын Жалал-Абадынан. Орусча билбеген Улук менен Кары же бакчага, же мектепке барышпайт.

Улутчулдук маселеси көп кырдуу, Улук менен Кары – экөө тең 2010-жылдагы Ош окуяларынан кийин Москвага аргасыз келгендердин балдары. Кыргызстанды сагынышкан, ал жакта качандыр өздөрүн жакшыраак сезишкен балдар мекенине кайтууну эңсешет, бирок ата-энелери Орусиянын жарандыгын алууну көздөгөнүн жашырышпайт.

Алардын улуурак дагы бир коңшу кыз Машхура орусча такыр билбесе да, быйыл бир жылдык тыныгуудан кийин кайра 4-класска отурду. Орус тилин билбей туруп, кантип билим алып жатканы белгисиз.

Москвадагы мектептерде расмий маалымат боюнча, 70 миң мигранттын балдары билим алат. Алар орус тилин жакшы билбегендиктен 68 мектепте кошумча бекер сабактар киргизилсе да, орус тилин үйрөнөм дегендердин саны араң 417 болгон. Бул тууралуу Федералдык миграция кызматы билдирет.

Орусиядагы миграциялык изилдөөлөр борборунун бир нече жыл мурун өткөргөн сурамжылоосунун жыйынтыгы боюнча, Борбор Азиядан Орусияга келген мигранттардын 20 пайызы орус тилин такыр билбейт, ал эми 50 пайыздан ашыгыраагы эң жөнөкөй анкетаны толтура албайт.

Москвалыктар өздөрү азчылыкка айланганда

Москвада туулган орус улутундагы Елена Парамонычеванын кызы борбор калаадагы мектептердин биринде 8-класста окуйт. Класстын жарымы “башкалар” дейт Елена. Елена айтып жаткан “башкалар” жыл сайын көбөйүүдө.

- Биздин класста атүгүл кытайлык да бар.

Елена класстагы эки баланы сүрөттөйт.

- Экөө тең мигранттардын балдары. Бирөө орусча жаман жазат, билимсиз, экинчиси башка улутта болгону менен жакшы бааларды алат, бирок ата-энеси интеллигенттер эмес экени көрүнүп турат. Мен жана мен сүйлөшкөн жергиликтүү ата-энелер мектептерде башка өлкөдөн, башка улуттан келген балдардын көбөйүшүн жактырбайбыз, себеби алардын жашоо деңгээли башка, менталитети айырмалуу.

Елена сөзүн “мен өзүмдү Москвада коопсуз сезбей калдым, Москвада москвалыктар азчылыкка айланды. Албетте мигранттар бул жакка жакшы жашоону эңсеп келип атышат, бирок тирешүү, ажырым, түшүнбөөчүлүк, кыжырдануу керексиз чыңалууну жаратып жатат”, - деп жыйынтыктайт.

Илимдер академиясынын этнология жана антропология институтунун улук илимий кызматкери Валентина Буркова москвалык мектептерде изилдөө жүргүзүп, Кавказдан келген балдар орустардын балдарына салыштырмалуу эмоциялары көп, үнүн катуурак чыгарып сүйлөшөт, бири-бирине жакын келип, көзгө карап баарлашышат дейт. Жүрүм-туруму башкачараак орустар кавказдыктарга агрессивдүү же суз мамиле жасап жаткандай сезилишет.

Өзүң кел, үй-бүлөң айылда калсын

Окуу жылы башталгандан тарта эмгек мигранттарынын үй-бүлөсү менен келишине тыюу салынат экен деген кабар тарады. Бул тууралуу Орусия парламентинин үстүңкү палатасында эмгек мигранттарынын балдарынын социалдашуусуна арналган тегерек столдо айтылды.

“Этносфера” улут аралык билим берүү борборунун жетекчиси, Москвадагы ачык билим берүү институтунун ЮНЕСКО кафедрасынын башчысы Юрий Горячев миграция деген сөздүн ар кыл юридикалык өңүтү бар экенин айтып, мыйзам боюнча эмгек мигранты бир жылга иштөө үчүн уруксат алып жатканда эмгек келишиминде анын үй-бүлөсү тууралуу эч сөз жок экенин белгилейт.

Адистин айтмында, декабрда Орусияда миграция боюнча эң ири концепция жазылып бүтүп, анда эмгек мигрантынын үй-бүлөсүнүн макамы мыйзам менен ирээтке келтирилээри күтүлүүдө. Себеби квалификациялуу жумушчунун келишиминде анын үй-бүлөсү тууралуу так жазылган.

Балдар укугу боюнча өкүл Павел Астахов 1-сентябрда мигранттардын балдары үчүн атайын мектепке чейинки мекемелерди ачуунун сунуштады. Астаховдун билдиришинче, мындай жайларда балдар мектепке чейин орус тилин жана маданиятын үйрөнмөк.
  • 16x9 Image

    Аида Касымалиева

    Азаттык+ телепрограммасынын алып баруучусу, продюсери (2005-2009), Москвадагы кабарчысы (2011). 2012-жылы "Москвада калган ый" даректүү тасмасы "Бир дүйнө" кинофестивалында "Ачылыш" наамына татыган. Бишкек гуманитардык университетинин журналистика бөлүмүн 2005-жылы аяктаган.

XS
SM
MD
LG